презентация нагима айтматова 110 жыл
TRANSCRIPT
Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун
энеси Нагима Айтматованын
туулганына110 жыл
Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде
Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун энеси НагимаАйтматова, Нагиманын атасы Абдулвалиев Хамза Хасанович, алардын бир туугандары жана үй-жайлары тууралу кагаз жүзүндөгү жана сүрөт
документтер
сактоодо турат
Жазуучунун таятасы АбдулвалиевХамза Хасанович Россиянын татарайылы Мячкарада жашап туруп, жашкезинен эле соода-сатык иштерименен алектенген. Ал араб, латынариптери менен жазганды,татарча окуганды да жазганды дабилген, орусча так сүйлөгөн,өзгөчө соода иштерин жакшыөздөштүргөн, билимдүү адамболгон. 1880-жылдары Хамза жаңысоода-сатык байланыштарынөркүндөтүү максатында, өзүтуулган жеринен соода кербенинекошулуп, Орто Азияга жол тартат.Бул Оренбург шаарынан Кытайгабара турган соода кербени, УлууЖибек жолунун бир тарамы болгонЫсык-Көл ойдуңу аркылуу кетүүчү.Кербен Ысык-Көлдүн жээгинде оруналган Каракол шаарына келгендежергебиздин жаратылышына, көлдүнсулуулугуна суктанган, ошондойэле бул шаарда соода ишинөнүктүрүүгө боло турганын жакшытүшүнгөн Хамза кербенден калыпкалган.
Каракол шаары соода-сатык иштерин жүргүзүүгө абданылайыктуу жер экенине ынанган Хамза тез аранын ичиндеэле жергиликтүү соодагерлер менен сөз табышып,Россиядан кездемелерди ташый баштаган. Эмгекчил,бышык Хамза кыска убакыттын ичинде эле Караколшаарында бир нече чоң дүкөндөрдү ачууга жетишкен. Ишиоңунан чыгып, соодасы жакшы жүрө баштаган Хамза көлгөбир туугандары Ахметгали жана Галияны чакырат. Биртууган Абдувалиевдер эми бирдикте соода иштеринулантышат. Галия Караколдогу чоң соодагер Гали-гажиРафиковго турмушка чыгат. Абдувалиевдердин соодаиштери абдан ийгиликтүү жүрүп, алар баржа сатыпалышып, Балыкчы шаарынан Караколго товарларды ташыйбашташат. Караколдо кездеме, галантерея буюмдарын,лак, краска, олифа сатуучу соода-сатык катарларынтургузушат жана булгаары иштетүүчү завод кургангажетишет. 1901, 1913-1915-жылдагы Сибирь өнөр-жай соодакалендарында Абдулвалиевдердин фабрика, дүкөндүндаректери көрсөтүлгөн.
Каракол шаарындагы соода-сатык катарлары
Хамза Хасанович 1887-жылдары,35-37 жаш курагында Караколшаарында жашап турган мезгилиндеОрто Азиянын Верный шаарындагыбиринчи гильдиядагы көпөсү Исхак-бай-хаджинин балдызы Газизагаүйлөнөт. Газиза орто бойлуу, акжүздүү, кырдач мурун, татынакайболгон дешет. Хамза менен Газизасегиз балалуу - төрт уулдуу жанатөрт кыздуу болушат. (“Тарыхыйфактылар” сүрөт док. 4-тиз. 13-П)
Төрт кыздын бири Нагима келбети жагынан энесине
абдан окшош болчу.
Нагима шайыр мүнөзү, сүйкүмдүү келбети, сеңселген олоң чачы менен шаарда жашаган
далай татар жигиттерин тамшандырып,
жүрөктөрүндө ашыктык отторун жандырар эле, бирок Нагима бир көрүп эле ашык болгон Фрунзе шаарынан келген кыргыз жигитин тандайт. Нагима
1925-жылы Каракол шаарындагы аялдар
гимназиясын аяктайт.
Нагима медициналык техникумга тапшырайын десе, “байдын кызы” деп окууга албай коюшат.
Ошол мезгилде кыргызча-орусча так билип
машинканы жакшы баскан кыздар мекемелерге абдан керектүү болгондуктан, Нагима стенографисттинкурсун аяктап, областтык комсомол комитетине ишке орношот. Ушул кызматынын
аркасы менен Төрөкул Айтматов менен таанышып, тагдыр буюруп, турмушка
чыгат.
ТӨРӨКУЛ
АЙТМАТОВ
1926-жыл
НАГИМА
АЙТМАТОВА
1927-жыл
Төрөкул Айтматов менен Нагима12 жыл бирге бактылуу өмүр
сүрүшөт, төрт балалуу болушат. Бирок алардын бактылуу
жашоосун ошол кездин каардуу саясаты-репрессия талкалайт. 1937-жылдын 1-декабрында Төрөкул Айтматов камакка алынат. Жубайынын өлүү-
тирүүсүнөн кабар ала албаган Нагима турмуштун салган
запкысына чыдап, белин бекем бууп, балдарынын келечегин ойлоп, жашоосун улантат.
Нагима “Төрөкул Айтматов 10 жылга кат алышууга тыюу салуу менен алыскы лагерге айдалды” деген акыркы билдирүүдөн кийин туура он жыл өткөнчө жубайын
күтөт, бирок он жыл эмес жыйырма жыл бою ар кайсы жактарга
каттарды, арыздарды жазып, издөөсалган менен, бир дагы жылуу кабар
ала албайт.
Канчалык кыйналса да, турмуштун оор запкысын тартса да Нагима ата мээримин көрүшпөгөн төрт баласына энелик мээримин төгүп, балдарды тарбиялап, чоңойтту, алардын билимдүү инсандардан болушуна шарт түзүүгө бүт аракетин жумшады. Эки уулунун бири Чынгыз атасын тарткан тирикарак, акылдуу бала гана болбостон, элинин атын дүйнөгө тааныткан уулдардан болуп чыга келди. Нагима апа өмүрүнүн акырына чейин уулу Чынгыз Айтматовдун колунда жүрдү. Азыр кирип келчүдөй болуп, эшикти карап, үзүлбөгөн үмүт менен Нагима апа өмүр бою күтүүдөн тажабай, жубайы жөнүндө бир да кабар ала албастан 1971-жылы 10-августта өмүр салат.
Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинде Абдулвалиев Хамза
Хасановичтин үй-жайынын 1925-1929-жылдары мамлекеттик менчикке
(муниципализация) өткөрүлгөндүгү тууралу документ сакталган,
документте актылар, арыздар жана үйдүн техникалык абалы тууралу
тизимдер тиркелген. Бул үй Нагиматөрөлгөн үй болчу, Абдулвалиев Хамза Хасановичтин көп балалуу үй-бүлөсүнө үй тар боло баштаганда, кийинчерээк башка эки кабат үй сатып алган эле.
“Акт. 1925-жылдын 12-15 апрели.
...Каракол шаарындагы муниципализация боло турган Хамза Абдулвалиевгетаандык Базарный жана Ленин көчөлөрүндө орун алган, дүкөн үчүнылайыкташтырылган, жер төлөсүндө складдары бар, 5000 рубльга бааланган,учурда татар клубу орун алган үй комиссия тарабынан каралып чыкты.1925-жылдын 9-майында Каракол округдук элдик ревкомдунпрезидиумунун токтому менен Абдулвалиевдин үй-дүкөнүмуниципализацияланды...”
Документте Абдулвалиев Хамза Хасановичтин төмөндөгү маанидеги арызыбар: “Мамлекеттик менчикке өткөрүлө турган үйлөрдүн тизмесине киргенОктябрь көчөсүндө орун алган № 82 өзүмдүн үй-жайым тууралутөмөндөгүлөрдү билдирем: 1909-жылы шаар башкармачылыгы тарабынан үч миңсегиз жүз сомго бааланган бул үйдү абалы жакшы кезинде Евгений Бедаревдеген адамдан сатып алгам. Үйдүн бир бөлүгүн 1921-жылдан бери округдуктаможня ээлеп турууда. Ноябрь айынан бери менин берген макулдугум жанатүзгөн келишимим менен үйдүн киресин өзүм алып, мамлекеттик,жергиликтүү налогдорду өзүм төлөп келүүдөмүн. Үй азыркы кездетөмөндөгүдөй абалда: фундаменти ылдыйлап, отуруп калгандыктан тамдардажарака кетип, кирпич тирөөчтөрү кыйшайып калган, араң эле кармалыптурууда. Ушулардын негизинде бул үйдү мамлекеттик менчикке өткөрүүгө(муниципализация кылууга) болбойт. Бул үйдү өзүмдүн менчигим депэсептейм. Булар менен катар 1925-жылдын 27-апрелиндеги округдуктаможнянын маалымкатын тиркеймин. 28-апрель 1925-жыл Хамза Абдулвалиев».
Бул кайрылуудан кийин облустук жергиликтүү чарба бөлүмүнүн 1925-жылдын 30-июнундагы протоколу менен “демуниципализировать” дегенчечимге келишсе дагы, 1926-жылдын 3-апрелиндеги актынын негизинде үйжергиликтүү чарба бөлүмүнүн фондунун карамагына өткөрүлүп, татарклубунун башчысы Г.Наримановго колдонууга берилет. (117-ф, 1-тиз, 52-көк., 1-15-бар.)
Архивде дагы бир документ сакталган. Булдокумент Абдулвалиев Хамза Хасановичтин небересиРенат Шарифович Абдувалиевдин Каракол шаарынынЛенин көчөсүндөгү үйүн (Рентген-кабинет) кайтарыпберүүсүн, Октябрь көчөсүнө Нагима Айтматованынысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуу каты тиркелгенКаракол шаардык мамлекеттик администрациясынын1993-жылдын 27-октябрындагы № 550 токтому. Бултоктомдо беш адамдан турган комиссияны түзүү жанабелгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун таятасыАбдулвалиев Хамза Хасановичтин өмүр жолун жанаэмгегин терең изилдөө максатында шаардын Октябрькөчөсүнө Нагима Айтбаеванын ысымын ыйгаруу жөнүндөайтылган. Каракол шаардык мамлекеттикадминистрациясы катка Совет бийлигинин башталышындаконфискация болгон үйлөрдү кайра кайтарып берүүмүмкүнчүлүгү жок экендиги тууралу жооп берген,бирок көчөгө ысым ыйгаруу маселеси убагындачечилбей калган. (1040-ф, 1-тиз, 41-көк., 199-202-бар.)
2008-жылдын 9-июнунда Каракол шаардык депутаттар кеңешинин сессиясынын № 25-10/19 токтому менен Каракол шаарынын Парковая көчөсүнө
Нагима Айтматованын
ысымы ыйгарылган.
Р.АЙТМАТОВА ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНДУК КИТЕПКАНАДА
ОКУРМАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
2008-жыл.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облустукмамлекеттик архивинде “Нагима Айтматованынфонду” түзүлгөн. Бул фонддо НагимаАйтматова тууралу жана анын үй бүлөсүнөжана жашоо-турмушуна байланышкан ар түрдүүматериалдар, сүрөттөр, видеотасмалар жанабашка тарыхый документтер топтолууда.
Ошондой эле жазуучунун карындашы РозаАйтматова эженин ”Тарыхтын актай барактары”аттуу эскерүү китеби архивге белеккылынган. Бул китеп репрессиянын курмандыгыболгон Төрөкул Айтматовго арналган жанакитептен Айтматовдордун жана Абдулвалиев-дердин ата-теги, үй-бүлөөлөрү, туугандары,жашаган жерлери тууралу кеңири маалыматалууга болот.