Кыргыз Агро Маркет

11
Кыргыз Агро Mаркет Өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз кызматташуу – биздин башкы максатыбыз, милдетибиз Кыргыз Агро Маркет компаниясы Туркиядагы Анкарага жакын жайгашкан “Бозкурт” айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун расмий өкүлчүлүгү катары түзүлгөн техника сатуучу жана аларды толук кандуу тейлөөчү ишкана. Биздин максат – өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз байланышып кызматташтыктын заманбап технологиясын сунуштап элге кол узатуу болуп эсептелет. Сиздер билгендей биздин дыйкандарыбыздын техникага болгон муктаждыгы өтө көйгөйлүү проблема бойдон калып келе жатат. Биз айыл чарба машиналары менен элди камсыздоодо дыйкандардын пайдасына иштей турган адилеттүү атаандаштыктын формуласын колдонуп иштеп баштадык. Банктардын кредиттерине, лизинг кызматын көрсөтүүсүнө жана чиновниктерге дыйкандардын көз каранды болуусун кыскартууга багытталган жолдор менен иштейбиз. Банктардан айырмаланып биз кредитке же лизингге техника бербейбиз. Мындай ишмердүүлүк - банктардын оокаты. Биздики өндүрүш – завод. Биз дыйкандарга жакын, өндүрүшчүлөр уруусунанбыз. Биз дыйкандын акча каражаты бир аз жетпей калса, жөн эле, ошол жетпей жаткан акчаны төлөп берүү мөөнөтүн кыска мезгилге же бир сезонго эч кандай үстөксүз эле, мыйзамга төп келген, жөнөкөй жолдор менен сатып жатабыз. Биздин өзгөчөлүгүбүздүн жана артыкчылыгыбыздын мазмуну ушундай – дыйкандарга ортомчу сүткорчулук менен шугулданган мекемелерди, бюрократтарды, кендирди кескен каржылык кыйынчылыктарды аттап өтүүгө мүмкүнчүлүк, түрткү беребиз. Мындан сырткары, техника сатуудан мурда, ар бир дыйкан менен жекече, биргеликте кылдат алардын чарбаларынын өзгөчөлүктөрүн, чарбалык иштеринин мүнөзүн кенен иликтейбиз. Анан кийин гана аларга машиналадын ошол дыйкандын жер шарттарына төп келе турган сапатту моделдерин сунуштайбыз. Албетте, дыйкандар банктар аркылуу лизингге алабыз деп келишсе жок дебейбиз. Анда жөн эле машиналардын моделдерин туура тандап алуусуна көмөктөш болуу менен чектелебиз. Биздин дыйкандар менен кызматташуу формулабыз алардын документ топтоп, үстөк төлөп, банктар, бюроктраттар менен болгон татаал, машакаттуу түйшүктөрүн дээрлик жокко чыгарат. Биз дыйкандарга “жардам” же “жеңилдик” берип жатабыз деген жалган, алаксытма жана жасакерлик сөздөрдү колко кылып колдонуудан алыспыз. Биз дыйкандардын ар бирин, өз үй-бүлөлүк

Upload: bek-jumabaev

Post on 13-Dec-2014

126 views

Category:

Automotive


1 download

DESCRIPTION

Кыргыз Агро Маркет www.naryn.info

TRANSCRIPT

Page 1: Кыргыз Агро Маркет

Кыргыз Агро Mаркет

Өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз кызматташуу – биздин башкы максатыбыз, милдетибиз

Кыргыз Агро Маркет компаниясы Туркиядагы Анкарага жакын жайгашкан “Бозкурт” айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун расмий өкүлчүлүгү катары түзүлгөн техника сатуучу жана аларды толук кандуу тейлөөчү ишкана. Биздин максат – өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз байланышып кызматташтыктын заманбап технологиясын сунуштап элге кол узатуу болуп эсептелет. Сиздер билгендей биздин дыйкандарыбыздын техникага болгон муктаждыгы өтө көйгөйлүү проблема бойдон калып келе жатат. Биз айыл чарба машиналары менен элди камсыздоодо дыйкандардын пайдасына иштей турган адилеттүү атаандаштыктын формуласын колдонуп иштеп баштадык. Банктардын кредиттерине, лизинг кызматын көрсөтүүсүнө жана чиновниктерге дыйкандардын көз каранды болуусун кыскартууга багытталган жолдор менен иштейбиз. Банктардан айырмаланып биз кредитке же лизингге техника бербейбиз. Мындай ишмердүүлүк - банктардын оокаты. Биздики өндүрүш – завод. Биз дыйкандарга жакын, өндүрүшчүлөр уруусунанбыз. Биз дыйкандын акча каражаты бир аз жетпей калса, жөн эле, ошол жетпей жаткан акчаны төлөп берүү мөөнөтүн кыска мезгилге же бир сезонго эч кандай үстөксүз эле, мыйзамга төп келген, жөнөкөй жолдор менен сатып жатабыз. Биздин өзгөчөлүгүбүздүн жана артыкчылыгыбыздын мазмуну ушундай – дыйкандарга ортомчу сүткорчулук менен шугулданган мекемелерди, бюрократтарды, кендирди кескен каржылык кыйынчылыктарды аттап өтүүгө мүмкүнчүлүк, түрткү беребиз. Мындан сырткары, техника сатуудан мурда, ар бир дыйкан менен жекече, биргеликте кылдат алардын чарбаларынын өзгөчөлүктөрүн, чарбалык иштеринин мүнөзүн кенен иликтейбиз. Анан кийин гана аларга машиналадын ошол дыйкандын жер шарттарына төп келе турган сапатту моделдерин сунуштайбыз. Албетте, дыйкандар банктар аркылуу лизингге алабыз деп келишсе жок дебейбиз. Анда жөн эле машиналардын моделдерин туура тандап алуусуна көмөктөш болуу менен чектелебиз.Биздин дыйкандар менен кызматташуу формулабыз алардын документ топтоп, үстөк төлөп, банктар, бюроктраттар менен болгон татаал, машакаттуу түйшүктөрүн дээрлик жокко чыгарат. Биз дыйкандарга “жардам” же “жеңилдик” берип жатабыз деген жалган, алаксытма жана жасакерлик сөздөрдү колко кылып колдонуудан алыспыз. Биз дыйкандардын ар бирин, өз үй-бүлөлүк кирешесинин көлөмүн арттырып барууга багытталган келечекке жетелеп жол көрсөтөбүз. Баарына тең жана партнер катары мамиле жасайбыз. Аларды өздөрүн агробизнес адамы катары сезип жаңыча чарба жүргүзүүгө карата керек болгон жаңы көз караштарынын калыптанышына биргелешип бел байлап, кыйынчылыктарды биргеликте багындырууга аракет кылабыз. Эркин базар экономикасынын эрежелерине төп келген, толук бойдон ишенимге, мээнеткечтикке тянган негизде кызматташабыз.

Page 2: Кыргыз Агро Маркет

Дыйкандын өзү эңсеген, өзү каалаган техникасын сунуштайбыз. Биздин ишканага келген дыйкандын издеген техникасы биздин короодо жок болуп калган жагдайда, дыйкандарга ар түрдүү техникалардын видеосун интернеттен таап көрсөтөбүз, биргелешип талкуулап, машиналарды туура тандап алып келип берүүгө бүт тажрыйба аракеттерибизди жумшоого даярбыз. Биз эки жылдык гарантиялык тейлөө мөөнөтүн белгилеп иштеп жатабыз. Сатылган машиналарды тейлөө үчүн көчмө техникалык жардам кызматыбыз да бар. Сатылган машиналардын баардык кошумча жана тез желий турган тетиктери дайыма өз кампабызда жетиштүү көлөмдө сакталып турат. Телефондорубуз: 0 707 275 600; 0 555 111 626; 0 707 111 747

Кырманыңызга береке, кадырман баба-дыйкан!

Манас Саматов, “Кыргыз Агро Маркет” компаниясынын аткаруучу директору, техника илимдеринин кандидатыwww.kyrgyzagromarket.com

Page 3: Кыргыз Агро Маркет
Page 4: Кыргыз Агро Маркет
Page 5: Кыргыз Агро Маркет
Page 6: Кыргыз Агро Маркет
Page 7: Кыргыз Агро Маркет
Page 8: Кыргыз Агро Маркет
Page 9: Кыргыз Агро Маркет