акыл кубаты программасы

11
www.fpi.kg тел.: «Ар бир адамдын ою булак сымал бир дарыяга кошулуп, башкалардын ойлору менен бириккенде, энергияга ээ болуп, чыныгы жаратман күчкө айланат». А. Салымбеков «АКЫЛ КУБАТЫ» ПРОГРАММАСЫ УЛУТТУК ФОРУМ УЛУТТУК КРАУДСОРСИНГ-ПЛАТФОРМА Мазмуну: 1. А. Салымбековдун кайрылуусу стр.2 2. Кыскача мазмуну стр.3 3. Улуттук форум стр.4-5 4. Улуттук краудсорсинг-платформа стр.6 5. Тегерек стол. Жумушчу топ стр.7 6. Жыйынтык/ Байланыштар стр.8

Upload: fpi

Post on 19-Jun-2015

195 views

Category:

Documents


7 download

TRANSCRIPT

www.fpi.kg тел.:

«Ар бир адамдын ою булак сымал бир дарыяга

кошулуп, башкалардын ойлору менен

бириккенде, энергияга ээ болуп, чыныгы

жаратман күчкө айланат».

А. Салымбеков

«АКЫЛ КУБАТЫ» ПРОГРАММАСЫ

УЛУТТУК ФОРУМ

УЛУТТУК

КРАУДСОРСИНГ-ПЛАТФОРМА

Мазмуну:

1. А. Салымбековдун кайрылуусу стр.2

2. Кыскача мазмуну стр.3

3. Улуттук форум стр.4-5

4. Улуттук краудсорсинг-платформа стр.6

5. Тегерек стол. Жумушчу топ стр.7

6. Жыйынтык/ Байланыштар стр.8

www.fpi.kg тел.:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Көпчүлүк эл чоң потенциалга ээ, өзгөчө идея, баалуу маалыматтарды жана алдыңкы

ойлорду алып жүрүшөт. Ар бир Кыргызстандык мамлекет ичинде болобу, мамлекеттен

сырткары болобу, чыныгы патриот катары коомго пайда алып келип, Мекенибиздин

өнүгүүсүнө интеллектуалдык жактан салым кошо алат.

Бирок коомдун потенциалы ачылбай, ойлору айтылбай, маалыматтары керексиз

болуп, коомчулуктун каалоосу эске алынбай келе жатат. Биздин мамлекетте орток

аянттын жок болушу жана ал жерде идеялардын топтолушу болбой келгендиктен бул

идеялардын ишке ашпай келиши уланууда.

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду алгачкылардан болуп, жарандардын

интеллектуалдык аракеттерин бириктирүүчү биринчи профессионалдуу виртуалдык аянт

түзүп жатат. Бул аянтта жарандардын идея, маалыматтары топтолуп, бири-бири

менен маалымат алмашуу жана олуттуу маселелерди бирге чечүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Биздин коомдун алдыңкы идеяларын элдин жана мамлекеттик институттардын

алдына таанытуу үчүн, ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча сунуш-

рекомендацияларды бирге иштеп чыгуу үчүн Улуттук Форум уюштурулуп жатат. Бул

форум «элиталык аянт» катары коомчулуктун прогрессивдүү идеяларын бириктирмекчи.

Биз мындай жолдор менен коллективдик интеллекти келечеги үчүн колдонуунун

уникалдуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын да бирге

өстүрүп, коомчулуктун жашоосуна жигердүү катышкан адамдардын ой, акылдарын бир

жерге топтой алабыз, аны менен бирге баалуу тажрыйба, алдыңкы идея жана билимибиз

менен бөлүшө алабыз.

Биздин алдыңкы акылмандарыбызды өз ой жана конкреттүү идеяларыңыз,

тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабоого жана

«Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында жарандык милдетти

жигердүү орундатууга чакырабыз.

Терең урматоо менен,

А. Салымбеков

www.fpi.kg тел.:

Кыскача мазмуну

Прогрессивдүү демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы»

долбоорунун алкагында биринчи жолу бүткүл дүйнө боюнча кыргызстандыктардын

маанилүү маселелер боюнча жаралган алдыңкы идея жана баалуу маалыматтарын

виртуалдык аянтта топтоо жана алардын алга сүрөө менен коомчулукка жана мамлекеттик

органдарга таанытуу максатында «Акылдын күчү» аттуу улуттук деңгээлдеги программаны

баштап жатат. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн иштөөчү механизм киргизилген. Бул

механизм бир гана прогрессивдүү ойлонгон инсандарды таап чыгуу эмес, аларга биздин

коомдо жакшы өзгөрүүлөрдү жарата турган коллективдүү чечимге жетүү мүмкүнчүлүгүн

берет.

Бул программанын айырмачылыгы улуттук карудсорсинг-платформанын www.fpi.kg

сайтында жашгашууусу жана жалпыга ачык түрдө коомдогу актуалдуу проблемалардын

талкусунун сунулушу болуп саналат. Бул палтформа катышуучуларга оперативдүү түрдө өз

ойлорун сунутаганга, талкууларга катшыканга, ошондой эле добуш берүү менен

мыктыларды белгилеп, коллективдик чечимдин негизин курганга шарт түзүп берет.

Краудсорсингдин методдору биздин коомдун акыл патенциалын колдонууга, ага баа

берүүгө, коомубуздун ар түрдүү сегменттерин тартууга, мамлекеттин өнүгүү жолдорун

белгилөөгө жана ишбилги адистердин улуттук резервин курууга жардам берет.

Коомчулук менен мамлекет бийлигине коллективдик чечимди тартулоо үчүн жылына эки

жолу краудсорсонг платформанын жыйынтыктары белгиленген Улуттук форум өтөрүлөт.

Улуттук форум - бул, улуттук деңгээлдеги иш-чара катары коомдогу прогрессивдүү

элитаны бирге топтоп, коомчулуктун алдыңкы идеяларын мамлекеттик бийликке жана

коомдун алдына алып чыгып сунуштамакчы. Улуттук форум катышуучуларга улттук

резервдин мүчөсү болууга жана коомчулук тарабынан таанылууга, мыкты идеялардын

номиницияларына татыктуу болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Программанын дагы бир маанилүү компоненти бул тегерек столдордун болушу.

Тегерек стол – ар бир рамкалык документтин бөлүмүмүнүн жыйынтыгы болуп,

краудсорсингдин жигердүү катышуучуларынан жана компетенттүү атайын чакырылган

адистердене турган группадан турат. Бул группанын негизиги максаты бөлүмдүн

жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат. Тегерек столдор краудсорсинг-платформанын

автоматтык системасы эске албай кеткен жагдайларды карап чыгууга жана мыкты

краудсорсерлерди белгилөөгө шарт түзөт.

www.fpi.kg тел.:

УЛУТТУК ФОРУМ

Миссия

Коллективдик интеллекти коомдун өнүгүүсүнө колдонуу болуп

саналат.

Мүмкүнчүлүктөр

Улуттук форумуна кантип катышуу мүмкүн?

Мыкты краудсорсер катары жумушчу топко кирүү. Ал үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо

керек:

Улуттук краудсорсинг-платформага катталуу www.fpi.kg

Активдүү катышуучу болуп, белгиленген темаларга ылайык сунуштарды берүү, башка

катышуучулардын ойлоруна да жигердүү талкууларды жүргүзүү. Пройти конкурсный

отбор и войти в состав рабочей группы Национальной краудсорсинг-платформы.

Милдет

Коомчулук менен мамлекеттик бийликке улуттук краудсорсинг

платформада коллективдик акылды колдонуу менен коомдук

маселелер боюнча конкреттүү сунуштарды берүү.

Ар бир катышуучу үчүн

Позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү Мамлекеттин адамдык ресурсун колдоо

өзгөрүүлөрдү алып келүү

Жалпы коомчулук үчүн

Алдыңкы жарандардын

элиталык

катарына кирүү Белгиленген

номинацияларга ээ болуу

жана коомчулуктун

алкоосуна татуу

Иш байланыштарын куру

мүмкүнчүлүгүө ээ болуу

www.fpi.kg тел.:

Улуттук форумдун катышуучусу

Мыкты краудсорсерлер жумушчу топтун курамында болуп, ОСД жана ОДКнын

түзүүчүлөрү катары – негизи доклад окуучулар;

Краудсорсинг- платформанын жигердүү катышуучулары – экинчи доклад окуучулар;

Атайын чакырылган компетенттүү адистер – эксперттик ой-пикир жактоочулар;

Ишкерлер коомунун өкүлдөрү - атайын коноктор;

коомдук уюмдардын жана чет мамлекеттеги диаспоралардан өкүлдөр -

талкуулардын катышуучулары.

Сыйлыктардын номинациялары

Форумдун жыйынтыгында сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча

берилет: «Мыкты идея», «Мыкты практик», «Мыкты краудсорсер»,

«Абсолюттук чемпион», аны менен бирге жаш жана активдүү

катышуучарга сертивикат, дипломдор тапшырылат.

Форумдун акырында

Форумда коомдук документтердин (КД) б.а. коомдук стратегиялык документтердин

(КСД) коомдук жол карталарынын (КЖК) презентациясы сунулат. Кийин бул

документтер жалпы коомчулуктун алдына сунулат.

Колдоонун жана алга сүрөөнүн механизмдери

Даяр КДтер ММК да жана маалыматтык сайттарда жарыяланат.

Даяр КДтер тиешелүү мамлекеттик оргнадарга колдонууга

сунушталат.

Форумдун жыйынтыгы боюнча атайын пресс-конференция

өткөрүлөт.

www.fpi.kg тел.:

УЛУТТУК КРАУДСОРСИНГ-ПЛАТФОРМА

Миссия

Кыргызстандын жана чет мамлекетте жүргөн бардык компетенттүү жарандардын

интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн, тажрыйба жана билимин топтоо менен бирге коомдук

маселелерди чечүүгө көмөк түзүү.

Милдетибиз

Компетенттүү жарандардын идея, билим жана

тажрыйбаларын белгиленген темалар боюнча виртуалдуу аянтта

топтоо

Белгиленген темаларга жараша мыкты идеяларды тактоо.

Тандалган идеялардын жыйындысын түзүү жана мыкты

краудсорсерлерди белгилөө.

Катышуучулар

Компетенттүү жаранда, эксперттер, мамлекеттик институттар,

ЖОЖлар,изилдөө борборлору, бизнес - коому, чет өлкөдөгү жарандар ж.б.

Катышуучулардын мүмкүнчүлүгү

Төмөнкү мүмкүнчүлүктөр:

Өз идеяларын коомчулукка алып чыгуу;

Кошумча маалыматтарга ээ болуу;

Өз идеяларга сын жана баа алуу;

Коллективдик чечим кабыл алуу боюнча билим алуу;

Башка катышуучулардын ой-пикирин баалоо;

Аналитикалык жөндөмүн өстүрүү;

Дүйнө жүзү боюнча бардык жарандар менен байланышуу;

Бизнес коому, мамлекеттик институттар, эксперттер, илимпоздор менен байланышта

болуу;

Белгиленген темалар боюнча компетентүү адамдардын ойлорун билүү;

Номинацияга жетип, мыкты краудсорсер болуу.

Платформанын шарттары

Конкреттүү темалар бөлүмдөргө бөлүнүп, актуалдуу маселелерди талкууга алып

чыгарылат.

Фасилитатор бардык катышуучулардын иш-аракеттеринин координациясын

көзөмөлдөп турат.

Катышуучулар платформада сунуштарын берип жатканда белгилүү эрежелерге баш

ийишет.

Краудсорсинг-платформада идеяларды тайпаларга бириктирүү, тандоо жана баалоо

системасы орун алган.

www.fpi.kg тел.:

Мыкты краудсорсерлерди аныктоочу система

Мыкты идеялардын рейтинги

Активдүү краудсорсерлердин рейтинги

Добуш берүү

Репутация

Ранг

Даража

Улуттук краудсорсинг-платформанын темалары (учурда)

1) Кызматташтык Стратегиясы-2020. Мамлекет менен жеке ишкерлердин ортосундагы

кызматташтыктын 2020-жылга чейинки механизм жана принциптери.

2) Коомдогу терс сапаттар менен күрөшүүнүн жолдору.

Евразиялык интергация: Бажы Союзу. Интеграциянын пайдалуу жана терс тараптары,

ийгиликтүү интеграция

www.fpi.kg

ТЕГЕРЕК СТОЛ

Милдет

Белгиленген теманын бир бөлүмү боюнча жыйынтык чыгаруу б.а. КСДнин

алгачкы документтерин камердик шартта жыйынтыктоо.

Катышуучулар

Тандалган краудсорсерлер, эксперттер, мыкты адистер.

Тегерек столдун натыйжасы

Рамочный документ - Белгилүү бир тема боюнча берилген жалпы идея, маалыматтардын

арасынан тандалып алынган мыкты жана алдыңкы идея, маалыматтардын жыйындысы. Бул

документ жумушчу топ иштеп чыга турган коомдук документтин (КД) негизин түзөт.

ЖУМУШЧУ ТОП

Милдеттер

Улуттук форумда жумушчу топ рамочный документтин негизинде коомдук

документтердин презентациясын сунуштоо.

Жалпы талкууда б.а форумда айтылган сунуштарды, эскертүүлөрдү,

толкутоолорду эске алып бул коомду

Жумушчу топтун курамы

Жумушчу топтун курамына мыкты краудсорсерлер, эксперттер, мыкты адистер жана

керектүү учурда юристтер кирет. Аны менен бирге жумушчу топко коомдук документти

даярдоого катышкысы келген жана бул ниетин билдирген жигердүү краудсорсерлер да

кирет.

www.fpi.kg

Мотивация

Материалдык сыйлыктар менен сыйлоо каралган.

Жумушчу топко иштөө шарттары толук түзүлүп берет.

Натыйжада

Жумушчу топтун иштөөсүнүн натыйжасында

Улуттук форумда жана атайын уюштурулуучу кечелерде

сунушталуучу коомдук документтин (КД) келип чыгышы

болуп саналат.

ПРОГРАММАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Программанын жыйынтыгы

1. Рамочный документ.

Белгилүү бир тема боюнча берилген жалпы идея,

маалыматтардын арасынан тандалып алынган мыкты жана

алдыңкы идея жана маалыматтардын жыйындысы. Бул документ

жумушчу топ иштеп чыга турган коомдук документтин негизин

түзөт.

2. Коомдук документ.

Бул мыкты идея жана маалыматтардын негизинде түзүлгөн, белгилүү бир коомдук маселени

чечүүнүн жолдорун көрсөткөн документ.

3. Кадрлардын улуттук резерви.

Коомдук маселелерди чечүүдө квалификациялуу, перспективдүү жана потенциалдуу

кадрлардын жана ар түрдүү тармактагы жаш жеткинчектердин базасы түзүлүп,

www.fpi.kg

Конкреттү тема боюнча иштелип чыга турган рекомендациянын ар бир кадамы

www.fpi.kg

КОРУТУНДУ

Форумга катышуучулардын идея жана демилгелеринин биргелешүүсү мамлекеттин

өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүсү мүмкүн.

Форум компетенттүү инсандарды таап чыгып, алардын тажрыйба жана билимин

мамлекеттин келечеги үчүн колдонуунун мыкты салты болуп кала бермекчи.

Коом натыйжасыз куру сөздөн, мамлекеттеги актуалдуу проблемаларды чечүүнүн

конкреттүү жолдорун көрсөткөн чечимдерди кабыл алууга өтөт.

Улуттук кадрлар резерви курулат.

Байланыштар:

Тыныбекова Айзада, коомчулук менен байланыш менеджери (0312) 690-667

Бөлөкбаева Нуруйля, проект – менеджери (0772) 250-915, [email protected]

Сейталиева Бегимай, проект-менеджери (0550) 131-311, [email protected]

КФ «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду», [email protected]

Адрес: Бишкек ш., Ибраимова көч. 115, бизнес борбору «Дордой Плаза»