ii - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик...

113
1 УДК ББК И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар Кеӊеши жана окуу- усулдук бирикмеси тарабынан окуу куралы катары басмага сунушталды. Рецензент: И.Арабаев атындагы КМУнун доценти п.и.к. Карагулов Д.К. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун доценти, т.и.к. Куканова Р.А. Сейдракманова С.Н. “Маалыматтык технологиянын негиздери” педагогикалык багыттагы сутеденттер үчүн окуу куралы. Бишкек 2015. – 108б. Окуу китеби «Маалыматтык технологиянын негиздери» аттуу предметтин алкагында маалымат технологиялары жана анын каражаттары менен иштөөнү үйрөтөт. Окуу куралы бардык педагогикалык адистиктеги студенттеге жана маалыматтык технологияга кызыккан окурмандарга сунушталат.

Upload: others

Post on 26-Nov-2020

40 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

1

УДК

ББК

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар Кеӊеши жана окуу-

усулдук бирикмеси тарабынан окуу куралы катары басмага сунушталды.

Рецензент: И.Арабаев атындагы КМУнун доценти п.и.к.

Карагулов Д.К.

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун доценти, т.и.к.

Куканова Р.А.

Сейдракманова С.Н.

“Маалыматтык технологиянын негиздери” педагогикалык багыттагы

сутеденттер үчүн окуу куралы. – Бишкек 2015. – 108б.

Окуу китеби «Маалыматтык технологиянын негиздери» аттуу

предметтин алкагында маалымат технологиялары жана анын каражаттары

менен иштөөнү үйрөтөт. Окуу куралы бардык педагогикалык адистиктеги

студенттеге жана маалыматтык технологияга кызыккан окурмандарга

сунушталат.

Page 2: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

2

КИРИШҮҮ

Ишти заман талабына ылайык ыкчам жана эффективдүү уюштуруу

үчүн мекемелерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу

зарыл экени азыр белгилүү болуп калды. Ал эми аларды күндөлүк турмушта

кантип пайдалануу керек? Биз сунуш кылып жаткан окуу куралы мына

ушул суроону чечмелөөгө арналат, тагыраак айтканда маалыматтык

технологияларды жашообузда колдонууга үйрөтөт.

Аталган окуу куралында “Маалыматтык технологиянын негиздери»

жалпы теориялык планда берилди жана «Маалыматтык технологиянын

негиздери» аттуу дисциплина боюнча түзүлгөн окуу программасынын

мазмунуна дал келет.

Окуу куралы маалыматтык технологиянын негиздери; маалыматтык

технологиянын техникалык каражаттары; ишти уюштуруучу техникалык

каражаттар; коммуникациялык технологиянын каражаттары; эсептөө

техникасынын (компьютердик) каражаттары; компьютердик маалыматтык

технологиялардын программалык камсыздоосу; текстти иштетүүнүн

технологиясы; графиканы иштетүүнүн технологиясы; таблицаны

иштетүүнүн технологиясы; маалыматты издөө, иргөө жана сактоо

технологиясы деген бөлүмдөрдөн жана терминдердин түшүндүрмө сөздүгү

менен колдонулган дабияттардын тизмесинен турат.

Ошону менен бирге предметти фундаменталдаштыруу багытында

анын өнүгүшүнө керектүү болгон темалар да киргизилди.

Маалыматтык технологиянын негиздери бөлүмүндө маалымат,

технология, маалыматтык технология түшүнүктөрү каралат. Технологияны

түзүүчүлөр катары анын обьектиси, максаты жана каражаттары менен

Page 3: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

3

методдору көрсөтүлөт. Маалыматтык өзгөртүүлөр түрлөргө бөлүнүп

талданат. Ушул эле бөлүмгө маалыматтык технологиянын аспаптарынын

өнүгүү тарыхы жана «жаңы» маалыматтык технология деген түшүнүктөр

киргизилди.

Маалыматтык технологиянын техникалык каражаттары аттуу бөлүмдө

техникалык каражаттар: куралдар жана аспаптар, машиналар жана

механизмдер, автоматташтырылган түзүлүштөр деп классификацияланат.

Ал эми маалыматтык технологиянын техникалык каражаттары: ишти

уюштуруучу техника; коммуникациялык техника; компьютердик техника

деген үч негизги топко бөлүнүп каралды. «Негизги» деп белгилөөнүн

себеби, окуу куралынын кийинки мазмуну ушул бөлүмдөрдө (III, IV, V

бөлүмдөр) аныкталат. Алардын техникалык каражаттары тууралуу

маалыматтар ар бирине тийиштүү бөлүнгөн бөлүмдөрдө камтылган,

«жашоо цикли» деген түшүнүктө жалпы эле техникалык каражаттардын

жашоо цикли тууралуу сөз болуп жатат б.а. алардын кандай шартта канча

кызмат кылаары тууралуу маалымат таблица түрүндө көрсөтүлдү.

Таблицадагы аткаруу тартиби белгиленип тургандыктан, аны кайрадан

талдоонун кажети жок деп ойлойм.

Ишти уюштуруучу техникалык каражаттар бөлүмүндө техникалык

шаймандар беш топко бөлүнүп каралды. Алар: текст жана таблица

түрүндөгү документтерди даярдоочу каражаттар; документтерди

нускалоочу каражаттар; микрография жасоочу каражаттар; офистеги

документтерди сактоочу жана кайра иштетүүчү каражаттар жана

коммуникациялык техниканын каражаттары.

Коммуникациялык технологиянын каражаттары бөлүмүндө

стационардык телефондук байланыштар, алардын түрлөрү, АТСтер жана

Page 4: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

4

мобилдик байланыш, факсималдык байланыш, көп функциялуу түзүлүштөр

тууралуу маалымат берилет. Андан сырткары IP-телефония кызматы,

e-mail кызматы жана жаңы түшүнүк пневмопочтасы тууралуу айтылат.

Эсептөө техникасынын каражаттары бөлүмүндө компьютердик

техниканын классификациялары тууралуу сөз болот. Андан кийин

компьютерлердин курамы жана түзүлүшү тууралуу кыскача белгиленет.

Ушул эле жерде Интернет, Web-сайт, WWW, URL-дарек, Web-бет деген

түшүнүктөргө да кыскача маалымдалат. Бул темаларды кененирээк

өзүмдүн алгачкы эмгегимде «Аппаратная и программная части

компьютера, компьютерные сети» (Б.:2010г), деген алгачкы эмгекте

кененирээк белгилегенбиз.

Негизинен компьютердик маалыматтык техниканын программалык

камсыздоосу үч негизги топко бөлүнөөрү белгилүү. Мына ушул топ

жөнүндө сунуш кылынып жаткан окуу куралдын VI-бөлүмүндө чечмеленет.

Ал эми окуу куралынын кийинки төрт бөлүмү (VII, VIII, IX, X-

бөлүмдөр) прикладдык программалар курамын түзгөн кээ бир кирген

офистик программаларда иштөө жөнүндө толук маалымат берилет. Ушул

бөлүмдөрдө гана ар бир тема текшерме суроолор жана тапшырмалар менен

жыйынтыкталат.

Жогоруда айтылгандарды эмгектин аягына киргизилген терминдердин

түшүндүрмө сөздүгү толуктайт. Берилген терминдер орусча-кыргызча жана

өзүнчө кайра англисче-кыргызчага бөлүнүп жазылды.

Пайдаланылган адабияттардын саны аз, себеби негизги маалымат

Интернеттен алынган «Лекции по ОСНОВЫ ИНФОРМАЦИОННЫХ

ТЕХНОЛОГИЙ» деп аталган орусча китептен кыргызчага которулуп

жазалды. Албетте, андан кийинки көрсөтүлгөн адабияттар эмгекте

пайдаланылган жок дегенден алысмын.

Page 5: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

5

Китептин негизги мазмунун чечмелөөдө окуу процессинде көптөн

бери кыргыз тилинде калыптанып, колдонулуп келген орус жана англис

тилиндеги Информатиканын же жаӊы маалыматтык технологиялардын

терминдери колдонулду. Андыктан көпчүлүк аталыштарда же түшүндүрүү

терминдеринде дал келбөөчүлүктөр болушу мүмкүн.

Ошондуктан китепте көнүмүш эмес терминдер кезигип калса кечирим

сурайбыз, бирок ал окуу куралындагы темалардын мазмунун чечмелеп

берейин деген негизги түшүнүктөрдү өзгөртпөйт.

Негизинен бул окуу куралы педагогикалык адистиктерде окуган

студенттер үчүн жазылды жана бул темалар боюнча тереӊдетип окуйм

деген жалпы окурмандарга аталган бөлүмдөрдөгү технологияларды

колдонууга чоӊ жардам берет деп ишенебиз.

Page 6: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

6

I БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ

1.1. Маалыматтык технология түшүнүгү

Маалымат түшүнүгү жалаң эле информатикада гана эмес, ошондой эле

илимдин башка тармактарындагы эң негизги түшүнүктөрдүн бири.

Маалымат – бул кандайдыр бир белгилердин (символдук, образдык,

жаңсоо, үндүк, сенсомотордук типтеги) жардамы менен

актуалдаштырылган (кабыл алынуучу, бирилүүчү, өзгөртүлүүчү,

катталуучу) кабарлардын, билдирүүлөрдүн, билимдердин айрым

ырааттуулугу. Илимдин жана техниканын маалымат менен байланышкан

тармактарындагы маалымат 4 касиетке ээ болот, тагыраак айтканда

маалыматты жаратат, берет, кабыл алат, сактайт жана иштетет. Ал эми

сапаттык белгилери боюнча маалымат аныктама, толуктама, актуалдуу,

пайдалуу же пайдасыз деп бөлүнөт. Мындан сырткары маалыматтын

стуктурасын аныктоого байланышкан маселелер дагы келип чыгат. Ушул

жогоруда маалыматка тийиштүү болгон маселелерди үйрөтүп, кененирээк

карап, талдап чыгуучу илим – «информатика» деп аталат.

Ал эми биз «маалыматты» маалыматык технология предметинин

алкагында гана карайбыз.

«Маалыматтык технология» түшүнүгүнүн негизин «технология»

түшүнүгү түзөт. Ушул аныктамага таянып, маалыматтык технология

жөнүндө мындайча сөз кылабыз: технологияны грекчеден которгондо

«techne» - өнөр, чеберчилик, ык деген маанини түшүндүрөт. Ал эми

процесс деп белгилүү бир максатка жетүүгө багытталган аракеттердин

жыйындысын түшүнүү керек.

Маалыматтык технология - объекттин, процесстин же кубулуштун

(маалымат продуктусунун) абалы тууралуу жаңы сапаттагы маалымат

алуу үчүн маалымат (алгачкы маалыматты) чогултуу, иштетүү жана

берүү каражаттары менен методдорунун жыйындысын пайдалануу

процесси.

Технологияны түзүүчүлөр:

технологиянын объектиси б.а технологиянын (сырье, материал, жарым

фабрикаттар) чегинде жүзөгө ашырууга багытталган кыймыл;

технологиянын максаты, б.а багытталган кыймылдын натыйжасы;

технологиянын каражаттары жана аларды колдонуу методдору.

Page 7: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

7

С.Лемманын аныктамасына ылайык, технология өнөр жайлык

өндүрүштүн сферасы менен чектелбейт, ал көпчүлүктүн керектөөсү менен

аныкталат. Анткени, адамзаттын иштеген ишинин чөйрөсүнүн көптүгү,

түрдүү технологияларды талап кылат.

1.1. Сүрөт. Технология түшүнүгүн түзүүчүлөр

Технологиялардын бири биринен болгон айырмасы технологиянын

объектилеринде, б.а адам баласынын тигил же бул сферадагы жасаган иш

аракетинин багытталышында. Мисалы эгерде иш аракеттин объектиси

катары энергетикалык ресурс (мисалы электрдик энергия) алынса, анда биз

энергетикалык технологияларды (өндүрүп берүү, кайра өзгөртүү,

бөлүштүрүү ж.а энергияны керектөө) жаратабыз. Ал эми финансылык

ресурстар иш аракеттин объектиси катары финансылык технологияларды

жаратат.

Маалымат дагы коомдук ресурс катары иш аракеттин объектиси болуп

саналат, демек, өз учурунда ал – маалыматтык технологиясы менен

байланышат.

Маалыматтык технологиянын объектиси

Формулировкаланган аныктамага ылайык “маалыматтык техналогия”

деген түшүнүктүн объектиси катары маалымат эсептелинет экен. Заманбап

илимий адабияттарда маалымат түшүнүгүнө байланыштуу көптөгөн

аныктамалар бар. Биздин максатка ылайык маалымат билдирүү, берүү деген

түшүнүктөрдү эске салат.

Ушул маалымат же билдирүү маалымат объектиси катары кабыл

алынуусу жана көрсөтмөлүүлүк формасы, мазмундуу интерпретатциясы

жана материалдык маалымат алып жүрүүсү менен мүнөздөлөт (1.2. Сүрөт).

Маалыматтын кабыл алынуучулук жана көрсөтмөлүүлүк формасы

алардын тигил же бул иш чөйрөсүндөгү негизги ыкмасын аныктайт жана

төмөндөгү варианттардын бирин алып жүрөт:

тексттик маалымат;

аудио маалымат (үндүк);

видео маалымат (визуалдык).

Технология

Объектиси Максаты Каражаттары жана

методдору

Page 8: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

8

1.2. Сүрөт. Маалыматтык технологиянын объектилеринин мүнөздөмөсү

Тексттик маалымат – бул жазма речтин көптөгөн түрү б.а. атайын

шартталган белгилердин жардамы менен берилиштерди көрсөтүү

(математикалык жана химиялык формулалар, программалык тексттер ж.б)

Аудио маалымат – бул ооз эки сүйлөө, музыка, табийгый жана

жасалма үн кошуулар ж.б.

Видео маалымат - көрүү органы аркылуу кабыл алынган

маалыматтар (сүрөттөр, схемалар, карталар, кино фильмдер ж.б).

Мазмундуу интерпретация - конкреттүү иш чөйрөсүндөгү маалымат.

Мисалы, англис тилинде жазылган тексттин маанисин адис гана түшүнөт,

ал эми англис тилин билген адам үчүн ал тексттин мазмуну эч кандай

маанини камтыбайт. Бир эле математикалык формула ага катышкан

операнддардын орун алмашуусуна жараша, түрдүү мааниге ээ болуп калат.

Бир эле үндүк сигнал дүйнө элдеринин ырчыларынын аткаруусунда

ошол элдин колоритине жараша аткарылып калат. Жогоруда белгилеп

кеткен мисалдардын негизинде ушундай маалыматтын мазмундуу

интерпритациясы маанилүү мүнөздөмөлөрдүн бири экенин белгилеп

кетсек болот.

Маалыматты алып жүрүү - маалыматтын тигил же бул кабыл

алынуучулук жана көрсөтмөлүүлүк формасынын материалдык түрдөгү

ишке ашуусу.

Негизги, маалыматты алып жүрүүчүлөр катары, каалаган эле объект

эсептеле берет (жаратылыш кубулуштары дагы). Мисалдарды карап

көрөлү: тексттик маалыматты алып жүрүүчүлөр катары, адам

баласынын басып өткөн тарыхындагы ар түрдүү матиралдык объектилер,

маселен, үңкүрлөрдөгү таштардын беттери, жаныбарлардын иштетилген

терисиндеги жазуулар, папирус өсүмдүгүнөн жасалган кагаз бетиндеги,

чоподон жана жыгачтан жасалган тактайчалардын бетиндеги жазуулар,

кездеме бетине түшүрүлгөн маалыматтын түрлөрү жана маалыматты

сактоодо эң кеңири колдонулуучу материал кагаз болуп эсептелет. Ушул

жогорудагы маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн баары кандайдыр бир

убакыт чегинде өзүнүн сакталуу мерчемин жоготот.

Маалыматтык технологиянын объектилери

Кабыл алынуучулук

жана көрсөтмөлүүлүк

формасы

Мазмундуу

интерпретациясы

Материалдык алып

жүрүүчүлөрү

Page 9: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

9

Ал эми аудио маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн мисалы анчейин

көп эмес. Булар кандайдыр бир үн толкундарын жөнөтүп туруучу жасалма

материалдык объекттер. Алардын касиети катары үн толкундарын сактоо,

белгилеп жазып коюу жана калыбына келтирүү эсептелет. Мисалы,

электромагниттик талаалар, булар үн термелүүлөрүн (радио, телефон,

телеграф ж.б) кабыл алышат жана да кайра жөнөтөт.

Видеомаалыматты алып жүрүүчүлөр жогоруда тексттик маалыматка

мисал катары санап өткөндөрдү өз ичине камтыйт. Андан сырткары

буларды көрүү органы аркылуу жаттап, сактап калуучу образдарды (ар

түрдүү фотоматериалдар, голографиялык пластиналар ж.б көптөгөн

материалдар) камтыйт. Видеомаалыматка мисал катары жогоруда

айтылган электромагниттик талааны да алса болот.

Маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн өзгөчөсү болуп «электрондук

маалыматты алып жүрүүчүлөр» болуп эсептелет. Маалыматты алып

жүрүүчүлөрдүн мындай түрдөгү аталышы жөн эмес, себеби, кээде

магниттик жана оптикалык маалыматты алып жүрүүчүлөр да болуп

калышы мүмкүн. Булар кандайдыр бир обьекттер түрүндөгү (файлдар,

дискттер ж.б) маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн түрүн бириктирип карайт.

Компьютердик программалар аркылуу интерпретацияланып,

жыйынтыгында компьютердик түзүлүштөдүн биринде тигил же бул

маалыматты берет.

Маалыматтык технологиянын максаты

Маалыматтык технологиянын максаты - адамдын маалыматка ана-

лиз жасашы жана анын негизинде кандайдыр бир аракетти жүзөгө ашыруу

чечимин кабыл алыш үчүн маалыматты өндүрүүсү.

Бир эле материалдык ресурска ар түрдүү технологияларды колдонуу

аркылуу ар кыл буюмдарды, продуктуларды алууга боло тургандыгы бел-

гилүү. Ушунун өзү эле маалыматты иштетүү технологиясына да туура

келет. 1.1-таблицасында салыштыруу үчүн эки технологиянын негизги

компоненттери келтирилди.

Page 10: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

10

1.1.таблица. Технологиялардын компоненттери

Продукт өндүрүү багытындагы технологиялардын

компоненттери

Материалдык

технологиялар

Маалыматтык технологиялар

Сырьену жана материалды

белендөө

Маалыматтарды жана баштапкы

маалыматты чогултуу

Материалдык продукт

өндүрүү

Маалыматтарды иштетүү жана

натыйжалуу маалымат алуу

Өндүрүлгөн продуктуну

керектөөчүлөргө жеткирүү

Натыйжалуу маалыматты анын

негизинде чечим кабыл алуу үчүн

колдонуучуга берүү

Маалыматтык технологиянын максаты же жыйынтыгы катары,

маалыматтын багыттуу түрдө касиеттеринин өзгөрүшү эсептелинет

Мындай өзгөртүүлөр ар түрдүү маалыматтык өзгөрүүлөргө көз

каранды. Ар бир ушундай өзгөртүүлөр мазмуну, багыты жана көлөмү

менен мүнөздөлөт.

1.3. Сүрөт. Маалыматтык өзгөртүүлөрдүн мүнөздөмөлөрү

Маалыматтык өзгөртүүлөрдүн мазмуну маалыматтын өзгөрүлүп туруучу

касиеттеринин көптүгү мнен аныкталат жана ушул көз карашка таянып,

төмөндөгү маалыматтык өзгөртүүлөрдү бөлүп карайлы (1.4. Сүрөт):

Маалыматты чогултуу – ар кандай маалыматты алып

жүрүүчүлөрдөн маалымат жыйноо процесси.

Маалыматты топтоо - бул чогултулган маалыматты маалымат алып

жүрүүчүлөрдүн биринде иштетүүгө чейин сактап туруу процесс.

Маалыматты каттоо - бул чогултулган (же башка дагы)

маалыматтарды тигил же бул материалдык түрдөгү маалыматты алып

жүрүүчүлөргө жазып, белгилеп коюу процесси.

Маалыматтык өзгөртүүлөр

Мазмуну

багыты көлөмү

Page 11: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

11

1.4. Сүрөт. Маалыматтык өзгөртүүлөрдүн түрлөрү

Чогултуу

Топтоо Каттоо

Коргоо

Маалыматтык

өзгөртүүлөр

Берүү Жөнөтүү

Көчүрмөлөө

Көрсөтүү Ирээттөө

Издөө Сактоо

Маалыматты берүү процессинде, сөзсүз маалымат булагы жана

кабыл алуучу катышат. Биринчиси маалыматты берсе, экинчиси кабыл

алат. Ал эми экөөнүн ортосунда маалымат берүү каналы- байланыш

каналы аракет кылат.

Маалыматты көчүрмөлөө - бул бир эле маалыматты бир нече жолу

көбөйтүп алуу процесси болуп саналат.

Маалыматты ирээттөө - бул чогултулган маалыматты маанисине

жараша белгилүү бир тартипте жайгаштыруучу процесс.

Маалыматты сактоо процесси да адамзат цивилизациясы сыяктуу

байыркы заманда эле пайда болгон. Адамдар байыртадан эле маалымат

сактоо зарылдыгына дуушар болушкан. Маалыматты узак сактоо процесси

адамдын жашоосунда чоӊ ролду ойнойт, ал дайыма өркүндөтүлүп турат.

Маалыматты сактоо жолу аны алып жүрүүчүлөргө көз каранды ( китеп-

китепкана, картина, сүрөт-музей, фотосүрөт-альбом). Өтө чоӊ көлөмдөгү

маалыматты сактоо- маалыматты жеткиликтүү формада алууга мүмкүн

болгон шарттарда гана өзүн актайт. Маалымат сактоо- бул мейкиндикте

жана убакытта маалыматты таратуу жолдору болуп эсептелинет.

Маалыматты издөө. Издөө процессин жүзөгө ашыруу- чечүүчү

мааниге ээ. Маалыматты издөө - сакталган маалыматты алып чыгуу.

Маалымат сактагычтардагы маалыматты издөө 2 метод менен жүрөт, б.а.

өзүбүз издейбиз жана мында издөөнүн автоматташтырылган жолун

колдонсо болот. Маалыматка көмүлүп калбаш үчүн алдыга койгон маселени

чечүүгө зарыл маалыматты гана тандап алууну үйрөнгүлө.

Page 12: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

12

Маалыматты көрсөтүү - бул кабыл алынган же сакталган формадан

алынган маалыматты конкреттүү бир маселени чечүү үчүн колдонулуучу

процесс.

Маалыматты жөнөтүү - конкретүү бир маселени чечүү үчүн

маалыматты керектүү формада берүү процесси.

Маалыматты коргоо процесси деп маалымат чөйрөсүнүн

калптануусун жана өнүгүүсүн камсыз кылган коомдун маалымат

чөйрөсүнөн корголгон абалын түшүнөбүз. Конкреттүү бир маселени

чечүүдө ар бир маалыматтык кайра өзгөртүүлөр үчүн алардын багыттуу

кыймылы жана көлөмү аныкталат. Багыттуу кыймылы конкреттүү кайра

өзгөртүүнүн ишке ашуусун мүнөздөйт, ал эми көлөм - анын сандык

мүнөздөмөсү(мисалы, сактоо үчүн жиберилүүчү маалыматтын саны).

Маалыматтык технологиянын каражаттары жана методдору

Ар кандай маалыматтык кайра өзгөртүүлөр конкреттүү түрдө ишке

ашыруу мүмкүчүлүгүнө жараша ар түрдүү методдор жана каражаттар

аркылуу ишке ашат.

Маалыматтык технологиянын методдору менен каражаттары өз ичине

буларды камтыйт:

техникалык каражаттардын комлексин;

техникалык комплекстерди башкаруучу каражаттарды;

уюштуруу-методикалык камсыздоону.

1.6 Сүрөт. Маалыматтык технологиянын методдорунун жана каражаттарынын түзүлүшү

Маалыматтык технологиянын методдору жана каражаттары

Техникалык

каражаттардын

комлекси

Техникалык

комплекстерди

башкаруучу

каражаттар

Уюштуруучулук-

методикалык

камсыздоо

Техникалык каражаттардын комлекси - маалыматтык кайра

өзгөртүүлөрдүн аспаптарынын (куралдарынын, машиналардын,

механизмдердин жана автоматтардын) көптүгү.

Техникалык комплекстерди башкаруучу каражаттар маалыматтык

кайра өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн персоналга техникалык

каражаттарды багыттуу колдонууга жардам берет.

Page 13: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

13

Уюштуруучулук - методикалык камсыздоо конкреттүү дайындалган

маалыматтык кайта өзгөртүүгө ылайык жогоруудагы эки техникалык

каражаттарды бирдей кароо менен бирге өз ичине буларды камтыйт:

конкреттүү бир маселени чечүүдө керектелүүчү нормативдик-

методикалык материалдарды камтыган документтерди түзүүнү;

техникалык каражаттарды иштетүүдө коопсуздук эрежелерин

сактоону жана жабдуулардын иштөө жөндөмдүүлүгүн нормалдуу

шартта кармоону камсыз кылуучу инструкцияларды жана

нормативдик материалдарды;

конкреттүү маалымат технологиясынын уюштуруу иштерин

жүргүзүүчү инструкциялар жана нормативдик-методикалык

материалдар.

Эгерде техникалык каражаттардын негизин компьютердик техниканын

каражаттары түзсө, демек, бул жерде компьютердик маалыматтык

технологиялар жөнүндө сөз болуп жатат.

1.2. Маалыматтык технологиянын өнүгүү этаптары

Компьютерлерде колдонулуучу маалыматтык технологиянын өнүгүшүнө

бир канча көз караш бар.

Негизги максат адамдын жеке керектөөлөрүн – кесиптик иште да,

тиричиликтик иште да – канааттандыруу.

Технологиялык аспаптардын түрлөрү боюнча маалыматтык техноло-

гиянын өнүгүү этаптары:

1-этап. (XIX кылымдын экинчи жарымына чейин) - «кол менен ишке

ашырылуучу» маалыматтык технология. Анын аспаптары калем сап, калем

уч, сыя, китеп болгон. Почта аркылуу каттарды, пакеттерди,

телеграммаларды колмо кол жеткирүү жолу менен ишке ашырылган.

Технологиянын негизги максаты маалыматты керектүү формада жеткирүү

болгон.

2-этап. (XIX кылымдын аягынан баштап) - «механикалык» технология,

анын аспаптары жазуучу машинка, телефон, диктофон, жеткирүүнүн кыйла

өркүндөтүлгөн каражаттары менен жабдылган почта. Технологиянын

негизги максаты маалыматты керек формада кыйла ыӊгайлуу каражаттар

менен жеткирүү.

3-этап. (XX кылымдын 40 - 60-жылдары) — «электрдик» технология, анын

аспаптары ири ЭЭМдер жана тийиштүү программалык камсыздоо,

Page 14: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

14

электрдин жардамы менен жазгыч машинкалар, ксерокстор, портативдик

диктофондор түзүлгөн. Ошонун натыйжасында технологиянын максаты

өзгөргөн. Маалыматтык технологияда негизги басым маалыматты жеткирүү

формасынан анын мазмунунун калыптандырылышына коюла баштаган.

4-этап. (XX кылымдын 70-жылдарынан башталат) - «электрондук»

технология, анын негизги аспаптарын базалык жана адистешкен про-

граммалык комплекстердин кеӊири спектри менен жабдылган ири ЭЭМдер

жана алардын базасында башкаруунун автоматташтырылган системалары

(БАС) жана маалымат издөө системалары (МИС) түзгөн. Ошондон баштап

технологиянын оордук борбору коомдук турмуштун ар түрдүү

чөйрөлөрүндөгү башкаруу системаларына, айрыкча аналитикалык ишти

уюштуруу үчүн маалыматтын мазмундук жактан калыптанышына улам

көбүрөөк оой баштаган. Маалыматтык технологиянын жаңы

концепциясынын алдына коюлган маселелерди чечүүгө көптөгөн

объективдүү жана субъективдүү факторлор мүмкүндүк берген эмес. Бирок,

башкарууда маалыматтын мазмундук жагын калыптандыруу боюнча

тажрыйба топтолгон жана технологиянын өнүгүшүнүн жаңы этабына өтүү

үчүн кесиптик, психологиялык жана социалдык база даярдалган.

5-этап. (80-жылдардын ортосунан) - «компьютердик» («жаңы») технология.

Анын негизги аспабы ар кандай арналыштагы стандарттык программалык

продуктулардын кеңири спектри бар персоналдык компьютер болуп

саналат. Бул этапта БАСты персоналдаштыруу процесси жүрөт, бул

белгилүү чөйрөдөгү адистердин чечим кабыл алышын колдоо системасын

түзүүдөн көрүнөт. Мындай системалар башкаруунун ар кыл деӊгээлдери

үчүн анализдин жана интеллекттин элементтери болот, алар персоналдык

компьютерлерде жүзөгө ашырылат жана телекоммуникацияны пайдаланат.

Микропроцессордук базага өтүүгө байланыштуу турмуштук, маданий жана

ар кыл арналыштагы техникалык каражаттар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар

болот. Ар кандай чөйрөдө глобалдык жана локалдык компьютер

тармактары кеңири колдонула баштайт.

1.3. Жаӊы маалыматтык технология

Маалыматтык технология коомдун маалымат ресурстарын

пайдалануу процессинин эӊ маанилүү бөлүгү болуп саналат. Азыркы

коомдо маалыматты иштетүү технологиясынын негизги техникалык

Page 15: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

15

каражаты катары персоналдык компьютер эсептелинет. Маалымат

чөйрөсүнө персоналдык компьютердин кириши маалыматтык

технологиянын өнүгүшүндөгү жаңы этапты аныктады жана анын

натыйжасы катары «жаӊы», «компьютердик» деген синонимдердин

кошулгандыгынан улам анын аталышынын өзгөрүшүн шарттады.

Жаӊы маалыматтык технология түшүнүгүнө маалыматтын ар кыл

каражаттары: телефон, телеграф, телекоммуникациялар, факс жана

маалыматты жөнөтүүнү камсыз кылуучу коммуникациялык

технологиялар да кошулган. 1.2-таблицада жаӊы маалыматтык

технологиянын негизги мүнөздүү белгилери келтирилди.

Методология

Негизги белги Натыйжа

Маалыматты

иштетүүнүн

принципиалдуу жаӊы

каражаттары

Башкаруу

технологиясына

«кошулуу»

Коммуникациялардын

жаӊы технологиясы

Технологиялык бүтүн

системалар

Адистер менен

менеджерлердин

функцияларынын

интеграциясы

Маалыматты

иштетүүнүн жаңы

технологиясы

Маалыматты максаттуу

түрдө түзүү, берүү,

сактоо жана алуу

Социалдык чөйрөнүн

мыйзамченемдүлүктөрүн

эске алуу

Башкаруу чечимдерин

кабыл алуунун жаңы

технологиясы

Жаӊы маалыматтык технология - персоналдык компьютерлерди

жана коммуникациялык каражаттарды пайдалануу, колдонуу үчүн

«жагымдуу» интерфейси бар маалымат технологиясы.

Компьютердик технологиянын курамындагы «компьютердик» деген

сын атооч мындай технологияны жүзөгө ашыруунун негизги техникалык

каражаты компьютер экендигин билгизип турат.

Жаңы маалыматтык (компьютердик) технологиянын үч негизги

принциби бар:

компьютер менен иштөөнүн интерактивдүү (диалог) режими;

башка программалык продуктулар менен интеграциялангандыгы

(жалгаштырылышы, өз ара байланышы);

1.2. таблица. Жаны маалыматтык технологиянын негизги мүнөздөмөлөрү

Page 16: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

16

өзгөрүү процессинин (маалыматтардын, маселе коюунун)

ийкемдүүлүгү.

Кыязы, компьютердик маалыматтык технологияны эмес, жаӊы деген

терминди кыйла так деп эсептөө керек, себеби жаӊы маалыматтык техно-

логия деген сөз айкашынын курамында ал компьютерди пайдаланууга

негизделген технологияны гана эмес, башка техникалык каражаттарга,

айрыкча телекоммуникацияны камсыз кылуучу каражаттарга негизделген

технологияны да билгизет.

II БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН

ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРЫ

2.1. Маалыматтык технологиянын техникалык каражаттарына жалпы

мүнөздөмө

Техникалык каражаттар маалыматтык технологиянын маанилүү

бөлүмү болуп саналат. Техникалык каражаттар (техника) адам баласы

тарабынан жасалган жана оптималдуу иш алып баруу үчүн керектелген

техникалык шаймандардын курамын түзөт.

Техниканын милдети:

адамдын эмгегин жеңилдетүү;

иштөө прцессинде анын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген учурларда жумушту

толугу менен же жумуштун кээ бир бөлүгүн автоматташтыруу;

Техникалык каражаттардын курамы ар түрдүү, бирок жогорудагы

техниканын милдетин эске алып, мындай классификацияны сунуштоого

болот (2.1-сүрөт):

2.1. сүрөт. Техникалык каражаттардын классификациясы

Техникалык каражаттар

Куралдар жана

аспаптар

Машиналар

жана механизмдер

Автоматташтырылган

түзүлүштөр

Page 17: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

17

Заман талабына ылайык техникалык каражаттар өздөрүнүн

мүмкүнчүлүктөрүн жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтип жатат.

Алгач ишти жеңилдетүү үчүн куралдар жана аспаптар колдонулуп келген.

Бул учурда энергиянын тышкы таасирисиз жумуштардын баары адамдын

физикалык күчү менен жасалган.

Кийинки деңгээл бул машиналар менен механизмдердин пайда болгон

учурундагы адам эмгеги. Бул деңгээлде деле сырткы таасирлер керектелген

эмес. Бирок механизмдер баары бир адамдын көзөмөлүндө болгон.

Машиналарды тигил же бул иш чөйрөсүндө колдонуу

механизациялаштыруу деп аталат.

Техникалык каражаттардын өнүгүүсүнүн кийинки деңгээли бул –

автоматтар, б.а. мындай түрдөгү техника кандайдыр бир программанын

негизинде белгилүү операцияларды аткарат. Автоматтарды тигил же бул

чөйрөдө колдонуу автоматташтыруу деп аталат.

Техникалык каражаттардын курамын аныктоону жогорудагы жалпы

жободо каралган каражаттар боюнча жүргүзсө болот. Бул учурда анын

колдонуу чөйрөсүн эске алыш керек. Себеби, алар маалыматтын обьектиси

(материалдык же буюмдук маалыматты алып жүрүүчүлөр) катары каралат.

Берилиштерди эмгек куралы катары кароодо тигил же бул техникалык

каражаттын кайсы топко кирээрин тактап алышыбыз керек. Себеби, кээде

физикалык күч эмес, адамдын акыл эмгеги жөнүндө сөз болуп калат.

Акыл менен жасалган ишти маалыматты кайра өзгөртүп түзүү

жөндөмүнүн жыйындысы катары кароого болот. Адам организиминдеги

органдар аркылуу маалыматты иштете алат жана ал өз ичине төмөнкүлөрдү

камтыйт:

сезүү органдары аркылуу берилиштерди кабыл алуусун;

акыл эмгегинин негизинде алардын мазмундуу түрдө иштетилишин;

оперативдүү жана көп убакытка сакталуучу, тийиштүү биохимиялык

процесстер менен иш жүзүнө ашырылышын;

алардын жыйынтыгын тигил же бул формада (үн, мимика, жаңсоолор,

образдар) берилишин;

Баардык көрсөтүлгөн маалыматтык обьектилердин кайра өзгөртүүлөрүн

үч топко бөлүп кароого болот:

Page 18: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

18

маалыматты көрсөтүү формасынын өзгөрүүсү (документтерди кайра

көчүрүп жасоо, тексттерди бирөөнүн окуп берүүсү менен жазуу);

маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн өзгөрүүсү;

маалыматтын мазмунунун өзгөрүүсү;

Жогорудагылардын баарын эске алганда, маалыматтык технологиялардын

техникалык каражаттарына салттуу классификация колдонулат экен.

Техникалык каражаттарды мазмуундуу бөлүп кароо төмөндөгү сүрөттө

каралган:

2.2. Сүрөт. Техникалык каражаттардын функционалдык структурасы

Ишти уюштуруучу техникалык каражаттар эмгекти жеңилдетүү

максатында колдонулуучу офистик техникалык шаймандардын (калемден

баштап татаал механизми бар техникага чейин) түрүн өз ичине камтыйт.

Коммуникациялык техникага маалыматты берүүчү бардык техника

шаймандары (телефон, радиобайланыш ж.б.) кирет.

Компьютердик техника өз ичине маалыматты иштеп чыгуудагы

автоматташтырууну камтыйт.

2.2. Маалыматтык технологиялардын техникалык

каражаттарынын жашоо цикли

Маалыматтык технологиялардын техникалык каражаттары өзүнүн

өнүгүү процессинде жашоо цикли деген түшүнүккө келип токтолот.

Өзүнүн пайда болуу процессинде маалыматтык технологиялардын

техникалык каражаттарынын комплекси кандайдыр бир баскычтарды басып

өтүүсү керек экен. Алардын түзүлүшү – циклдүү болот. Анын негизин

түзүүчүлөр «жашоо цикли» деген атка ээ.

Маалыматтык технологиянын техникалык каражаттары

Ишти уюштуруучу

техника

Коммуникациялык

техника

Компьютердик

техника

Page 19: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

19

Бул аябай кенен таралган түшүнүк жана татаал системанын циклдик

өнүгүү концепциясынын концентрацияланган көрүнүшү болуп эсептелинет,

ошогожараша анын иштеши атайын спиралдай болуп түзүлгөн, алардын ар

бир орому («жашоо цикли») түзүлүшү бирдей (баскычтардын биринин

артынан бири аткарылышы), бирок ар бир кийинки айлампасы улам

жогорку деңгээлдеги кыйынчылыктар жана эффективдүүлүктөр менен

мүнөздөлөт.

Офистик технологиялардын техникалык каражаттарынын

комплексинин жашоо циклинин структурасы жалпысынан алганда өз ичине

төмөндөгүлөрдү камтыйт:

2.3-сүрөт. Техникалык каражаттардын жашоо циклинин түзүлүшү (структурасы)

Техникалык каражаттарды сатып алуу

Техникалык каражаттарды орнотуу

Техникалык каражаттарды

экспулатациялоо

Техникалык каражаттардын иш жөндөмүн текшерүү

Техникалык каражаттардын конкреттүү бир

түрүн тандоо

Техникалык камсыздоонун керектүүлүгүн аныктоо

Техникалык каражаттарды оӊдоп -түзөө

одоп- тузоо Техникалык каржаттарды модернизациялоо

(жакшыртуу)

Техникалык каражаттарды кайра орнотуу

Техникалык каражаттарды сатуу

Техникалык каражаттарды утилизациялоо

Page 20: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

20

III БӨЛҮМ. ИШТИ УЮШТУРУУЧУ ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР

3.1. Жалпы мүнөздөмөсү, оргтехниканын каражаттарын

классификациялоо жана тандоо критерийлери

Офистик жумуштардын бары эле бир гана кагаз иштерин жүргүзүү

менен байланыш эмес экени белгилүү. Башка дагы көптөгөн иштер менен

бирге, иш убактысын пландоо, архивтерди талдоо, ишти ыкчам жана

эффективдүү алып баруу максатын уюштуруу үчүн офистик

кызматкерлерди заманбап техникалык шаймандар менен камсыздоо негизги

талаптардын бири болуп саналат.

Техникалык шаймандарды ар кандай техникалык каражаттардын жана

түзүлүштөрдүн топтому (кадимки эле калемден баштап татаал системаларга

чейин) жана маалыматты берүүчү каражаттар түзүшөт. Бирок заман

талабына ылайык азыркы жумуш ордундагы техникалык каражаттарга

болгон мүнөздөмөлөр өзгөрүлдү. Мындай өзгөрүүлөргө мисал катары,

персоналдык компьютерлер жана алардын жардамчы түзүлүштөрү кирет.

Конкреттүү бир жумуш орунда колдонулуучу уюштуруу техникалык

каражаттары кичи уюштуруу техникалык каражаттары деп аталат. Кичи

уюштуруу техника бул күнүмдүк эмгекке керек болгон бардык «кеңселик

буюмдар» (калем, степлер, клей, ж.б.).

Негизи ишти уюштуруучу техникалык каражаттар офистеги

персоналдык документтер менен жүргүзүлүүчү иштерди максималдуу түрдө

механизациялаштыруусу жана автоматташтыруусу керек.

Офистик кызматкер оптималдуу иш жүргүзүү үчүн техникалык

шаймандардын ар биринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы

билүүсү керек.

Бүгүнкү күндө техника шаймандарын туура тандоодо кээ бир

кыйынчылыктар жаралат. Биринчиден, офис кызматкеринин тийиштүү

билиминин жоктугуна байланыштуу өзүнүн керегине пайдалана албайт,

экинчиден, тигил же бул ишти аткаруу үчүн техниканы туура тандай

билбейт, үчүнчүдөн, тигил же бул каражаттын моделин тандоо критерийин

билбөөсү; төртүнчүдөн, керектүү маалыматты туура издей албайт.

Эң негизгиси техникалык каражаттарды анын функционалдык

мүмкүнчүлүктөрүнө жараша издейт экенбиз. Азыркы техниканын

фунционалдык мүмкүнчүлүктөрү адам эмгегин аз талап кылуу менен бирге,

Page 21: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

21

универсалдуу боло баштады. Ушундай өзгөрүүлөрдү эске алып, техникалык

каражаттарды классификациялоо дагы өзгөрүлүүдө. Төмөндө биз офистеги

документтер менен иш жүргүзүүдө колдонулуучу техникалык

каражаттардын классификациясын карап көрөлү.

Техникалык шаймандарды чоң жана майда топко бөлүп кароо

1.0 . Текст жана таблица түрүндөгү документтерди даярдоодогу

каражаттар

1.1 . Кол менен жазылуучу каражаттар;

1.2 . Жазуучу машиналар;

1.3 . Диктофондук техника;

1.4 . Персоналдык компьютерлер үчүн басып чыгаруучу түзүлүштөр;

2.0 . Документти көчүрмөлөөчү каражаттар

2.1 . Электрофотографиялык көчүрмөлөөчү каражаттар;

2.2 . Ризография жасоочу каражаттар;

3.0 . Микрография жасоочу каражаттар

4.0 . Офистеги документтерди сактоочу жана кайра иштетүүчү

каражаттар

4.1. Фольдерлер;

4.2. Конвертер менен иштөөчү каражаттар;

4.3. Ламинаторлор;

4.4. Штемпелдөөчү каражаттар;

4.5. Шредерлер;

4.6. Алгачкы жана экинчи ирет сакталуучу документтер;

4.7. Картотекалар менен иштөөчү түзүлүштөр;

5.0 . Коммуникациялык техниканын каражаттары

5.1 .Телефондук байланыштын системалары жана каражаттары;

5.2 . IP-телефония кызматы;

Page 22: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

22

5.3 . Электрондук почта;

5.4 . Пневматикалык почта.

Эми төмөндө ушулардын арасынан көп колдонула тургандарын талдап

карап чыгалы.

Ишти уюштуруучу техникалык каражаттарды сатуу кызматы азыркы

мезгилде аябай көп болгондуктан, кээде кайсы техниканы кайсы жерден

сатып алаарың тууралуу терең ойлонуп чечим чыгаруу керектелет.

Төмөндө биз тандоо процессин оптималдаштыруудагы кээ бир

факторлордун тийгизген таасирин карап көрөлү. Алардын негизгилери

болуп:

документ жүргүзүүнүн көлөмү;

документ менен иш жүргүзүүдөгү тынымсыз жүрүү процессинин

убактылуу мүнөздөмөсү;

документтердин орточо маалыматтык сыйымдуулугу;

типографияда басылып чыгарылган бланктардын түрүнүн жалпы саны;

документтеги сүрөттөлүштүн тиби (жарым тондуу, штрихтелген,

айкалыштырылган, түстүү, монохромдуу);

техникалык байланыш түйүндөрү аркылуу жүргүзүлүүчү

документтердин көлөмү (ар бир байланыш түзүлүшүнүн тиби үчүн

дифференцияланган);

документтин көчүрмөлөнүшүнүн алгачкы көлөмү (масштабды

колдонуу жана колдонбоосу менен);

документтин көчүрмөлөнүшүнүн экинчи көлөмү;

колдонулуучу документтердин түрү (брошюра түрүндө, баракталган

түрдө);

офистеги колдонулуучу техника шаймандарынын бар болуусу;

техникалык каражаттарды колдонууну уюштуруу (борборлоштуруу

жана аралаш);

Page 23: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

23

офисте нормативдик документтерге ылайык, техникалык

каражаттарды жайгаштыруучу атайын бөлмөнүн болуусу;

техниканы чыгарган ишканалар жөнүндө маалымат;

фирманын кызматтын, б.а. сервистик тейлөөнүн ошол аймакта

болушу;

түзүлүштөрдүн техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөсү;

орус жана кыргыз тилиндеги колдонмонун болуусу;

байланыш кабелдеринин бар болуусу;

түзүлүштүн наркы, баасы;

керектүү тетиктердин баасы жана аларды канча убакыттан кийин

жаңыртылышы керектиги жөнүндө маалымат;

колдонуунун жана тейлөөнүн баасы;

түзүлүштө иштөө коопсуздугу сакталганбы?

колдонучуулардын жана тейлөө кызматкерлеринин квалификациялык

жөндөмү;

түзүлүштүн иштөө мөөнөтү канча?

Документ жүргүзүү бул – иш кагаздарынын келип түшкөн маалдан

башталган кыймылы (б.а. адресатка жөнөтүү же архивке берүү жолдору).

Документ жүргүзүүнү төмөндөгүдөй этаптарга бөлүп караса болот:

түшкөн документтерди катто жана экспедициялык жөнөтүү;

документтерди алгачкы ирээт талдап чыгуу жана алгачкы көчүрмөлөө

жолу;

документтердин аткарылышы жана экинчи ирет көчүрмөлөнүшү;

документтерди архивке берүү;

аткарылган жана жөнөтүлгөн документтерди экспедициялык иштеп

чыгуу (техникалык каналдар аркылуу дагы);

Page 24: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

24

Дагы бир керектүү критерий - түзүлүштү тандоодо аны өндүргөн

фирмага басым жасап тандоо болуп эсептелинет. Фирманы тандоо көптпгөн

факторлорго көз каранды. Өндүрүүчүлөр көп, бирок алардын ар биринин

специализациялары (багыты) бар экенин эске алып тандоо керек. Негизи,

көпчүлүк учурда, чыгашаны, б.а. керектелүүчү материалдарга болгон

чыгымды эсептөө керек. Мисалы, принтердеги тонердин боегу канча убакыт

аралыгында жаңыртылып туруусу керек, ага канча чыгым кетет?

Техника шаймандарынын түрлөрүнүн конкреттүү моделин тандоо

жана классификациялоо мисалы

Колдонуучулар арасында популярдуу болгон (электрофотографиялык

көчүрмөлөөчү аппараттар) техникалык каражаттардын классификациясын

карап көрөлү. Көчүрмөлөөчү аппараттардын мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөр:

көчүрмөлөө ылдамдыгы;

өндүрүмдүүлүгү;

сунуш кылынган көлөмдө көчүрмөлөө;

түп нускасынын жана көчүрмөнүн форматтары;

Копиялоочу аппараттарды төмөнкү параметрлери аркылуу

классификациялоого болот:

көлөмү боюнча: портативдик, столдун үстүнө коюлуучу, офистик;

сканирлөө принцибине ылайык: аналогдук (бардык фирмалардын

алгачкы чыгарылган моделдери) жана санариптик (заманбап

моделдердин баары);

өңү боюнча: бир өңчөй, түстүү;

стандарттуу (А4, А3 форматтагы барактар үчүн) жана атайын

(басмаканалар үчүн), кеңири форматтагы (чиймелерди даярдоо үчүн);

көчүрмө жасоонун ылдамдыгы боюнча: минутасына 6 көчүрмө жасоо,

20, 40 жана 40 тан ашык көчүрмө жасоо мүмкүнчүлүгүнүн бар

экендиги;

көчүрмө жасоонун көлөмү боюнча (1 күндө, айда, жылда);

Көчүрмөлөөчү аппараттардын моделдери төмөндөгүдөй:

Page 25: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

25

1. Портативдик көчүрмөлөөчү аппараттар (portable copires) форматы

А4, көчүрмө жасоо ылдамдыгы – 1 минутада 6 көчүрмөгө чейин жасайт,

көчүрмө жасоо көлөмү – 1 айда 500 көчүрмөгө чейин. Булар негизи

индивидуалдуу түрдө колдонууга арналган, тейлөө кызматынын саны аз.

2. Төмөнкү ылдамдыкта иштөөчү офистик көчүрмөлөөчү аппараттар

(low-volum copiers): форматы А4(А3), көчүрмөлөө ылдамдыгы – 1 минутада

10-20 көчүрмө, көчүрмө жасоо көлөмү 1 айда 1500-3000 ч көчүрмөгө чейин.

Бул класстагы аппараттар менен чакан офистерде иштөө ыңгайлуу.

3. Орто класстагы офистик көчүрмөлөөчү аппараттар (middle-volum

copiers) форматы А3, көчүрмө жасоо ылдамдыгы – 1 минутада 15-40

көчүрмөгө чейин жасайт (А4 форматта) ал эми А3 форматта 10-20

көчүрмөгө чейин, сунушталган көчүрмө жасоо көлөмү – 1 айда 1500 ч

көчүрмөгө чейин. Бул класстагы аппараттар орточо мекемелерге ылайыктуу.

Мындай түрдөгү аппараттарга кошумча мүмкүнчүлүктөр жүктөлгөн.

Мисалы, кагазды жылдырып (түртүп) берүү, автоматтык түрдө эки бетке

көчүрмөлөп чыгаруу, көчүрмө документтерди көчүрмөсү менен бөлүштүрүп

коюу функциясы ж.б.

4. Чоң офистер жана бизнес борборлор үчүн чыгарылган аппараттар

(high-volume copiers) форматы А2ге чейин, көчүрмө жасоо ылдамдыгы – 1

минутада 40-85 көчүрмөгө чейин (А4 форматында) жасайт, көчүрмө жасоо

көлөмү – 1 айда 1500-3000 көчүрмөгө чейин. Мындай класстагы

аппараттардын мүмкүнчүлүгүнө түстүү көчүрмөлөө, чоң форматтарга басып

чыгаруу, фотопленкалар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү кошулду.

1990-жылдардын ортосунда жаңы муундагы санариптик көчүрмөлөөчү

аппараттар чыкты. Аларда сүрөттөлүштөр лазердик же жарыкдиоддуу жол

менен басылат. Санариптик көчүрмөлөөдө түп нускасынын бир нече саны

чыгат.

Акыркы мезгилде бардык эле көрүнүктүү фирмалар жаңы моделдеги

көчүрмөлөөчү аппараттарды чыгарууга өттү. Мындай түрдөгү санариптик

көчүрмөлөөчү аппараттардын мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Алар аткаруу

кызматынын курамына жараша функцияналдаштырылат б.а. аларда бир эле

учурда көчүрмөлөө, лазердик басып чыгаруу, сканерлөө жана факс

мүмкүнчүлүктөрү бар болот. Түйүндүк картанын бар болгондугунан алар

локалдык түйүнгө өз алдынча түзүлүш болуп кошула алат.

Page 26: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

26

Түстүү көчүрмөлөөчү аппараттар тууралуу. Булар негизи санариптик

аппараттар. Ак-кара жана түстүү көчүрмө жасоонун айрымасы фотосүрөт

басып чыгаруудагыдай эле. Ушундан улам мындай аппараттарды

даярдоодогу кыйынчылыктар тууралуу ойлонуш керек. Демек, мындай

аппараттардын баасы да жогору болот. Түстүү көчүрмөлөөчү аппараттар

көп өлчөмдөгү тиражга ылайыкталган эмес. Бирок мындай аппараттарды

компьютерге кошуп иштөө мүмкүнчүлүгү каралган.

3.2. Тексттик жана таблицалык документтерди даярдоочу каражаттар

Тексттик жана таблицалык документтерди даярдоочу каражаттарга

жазуучу каражаттар, жазуучу машиналар, ПКдин басып чыгаруучу

түзүлүштөрү, диктофондор ж.б. техника кирет. Тексттик докуменнтерди

түзүүдө биринчи орунда турган дагы бир ыкма - кол менен жазуучу

каражаттар эсептелет, б.а. калем (сыя менен жазуучу, фломастерлер).

Жазуу машиналары

Тексттик жана таблицалык документтер кээде жазуучу машиналарда

даярдалат. Жазуучу машиналарды качан жана кайсы маалда пайдаланыш

керек?

1. эгерде каражатты үнөмдөө керек болсо, бирок ошол эле учурда

жогорку деңгээлде басып чыгаруу керектелгенде;

2. стандартуу эмес форматтагы бланктарды дайыма толтуруп турууда

же типографиялык ыкма менен жасоодо;

3. терилген документти редактирлөө талап кылынбаса;

4. жашырын сырдуу документтер менен иштөөдө;

5. электр энергиясынын улам өчүп туруусунан.

Мындай учурда механикалык машиналар алмаштырылгыс жардамчы

боло алат.

Жазуучу машиналарга берилүүчү жалпы керектөөлөр: иштөө

деңгээлинин жогорку сапатын камсыз кылуу, даярдалып жаткан

документтердин жогорку сапатта жасалышы, ишенимдүүлүгү.

Көп убакытка чейин жазуучу машиналарда басылып жаткан

документтердин кобөйтүлүп чыгарылышы тууралуу суроо пайда болгон.

Бирок мындай түрдөгү каражатта ал ишти аткаруу мүмкүн эмес болгону бат

Page 27: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

27

эле аныкталды. Себеби, жогоруда биз санап өткөн көчүрмөлөөчү заманбап

аппараттар да пайда боло баштады. Ушул себептен улам жазуучу

аппараттардын моделдеринин жаңыртылышы да токтогон.

Бирок кээ бир себептерден улам, механикалык жазуучу аппараттар

дагы эле жок эмес. Алар электрдик энергиядан көз каранды эмес, колдонуу

мүмкүнчүлүгү жөнөкөй болгондугу, керектелүүчү шаймандардын арзан

баада турушу жана өзүнүн баасы ПКге караганда арзан турушу менен

айрымаланат.

Механикалык машиналардан айрымасы бар электрдик машиналар,

өзүнүн аты айтып тургандай эле, электр жарыгына көз каранды. Бирок

компакттуу, жеңил жана ал үчүн атайын эмерек керектелбейт, текстти

автоматтык түрдө форматтайт жана редактирлөө үчүн керектелген кээ бир

операцияларды аткара алат, ар кандай шрифтер менен печаттай алат.

Мындай иш аткаруу жөндөмдүүлүгүнө жараша ал машинка

компьютерлерден аз гана айрымаланып калат.

Бул машиналардын оперативдик жана дайыма иштеп туруучу эс

тутуму бар. Көпчүлүк машиналардын суюк кристаллдык бир саптуу же

толук барактуу дисплейи болот.

Мындай машиналардын кемчилиги, баасынын жогору болушу, атайын

квалификациялык тейлөөнү талап кылгандыгы, керектелүүчү

материалдардын кымбаттыгы жана аз гана убакыт кызмат кылуусу.

Документтин асыл нускасын даярдоо үчүн стенографияны колдонсо

болот. Стенография шарттуу сүрөттөлүштө сүйлөп жаткан адамдын сүйлөө

ылдамдыгына жетишип, бизге жазып алуу процессин кыйла эсе

жеӊилдетип берет. Бирок окуп турган жана анын айткандарын жазып турган

эки адамдардан башка, документти түзүүчү адам дагы аз эмес убакыт

коротоорун унутпашыбыз керек.

Мына ушундан улам диктофон деген каражатты колдонуп иштөө

керектелет. Диктофон – сүйлөп жаткан адамдын сөзүн жаздырып алуучу

жана кайрадан аны угуп көрүү мүмкүнчүлүгү бар болгон түзүлүш. Мындай

түзүлүш менен чогулуштардагы, концерттердеги үндөрдү жаздырып алса

болот. Жазып алганды угуу режими: же жай, же автоматтык түрдө көп жолу

Page 28: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

28

кайталана алат. Мындай ыкмаларды пайдалануу менен биз жаздырып алган

маалыматтарды кайра расшифровкалоону жеӊилдетебиз.

Принтерлер

Принтер – бул компьютердеги маалыматты басып чыгаруучу түзүлүш.

Принтерлер үч типте болушат: матрицалык, струйный, лазердик.

Матицалык принтерлер эң алгачкы чыккан принтерлер. Басып

чыгаруу сапаты төмөн жана иштегенде үнү катуу чыгышынан улам көп

жерде колдонулбайт. Түстүү басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Струйный принтерлер салыштырмалуу үнү жок иштейт, энергияны

үнөмдөп иштөө мүмкүнчүлүгү бар, чоң эмес (HP фирмасынын

горизонталдуу түрдө барак берүү моделинен башка).

Лазердик принтерлер эң жогорку сапатта басып чыгарат жана иштөө

деңгээли да жогору. Бирок басып чыгаруу механизминин назиктигинен

улам кагаздын жогорку сапатын гана тандайт. Себеби кагаздан учкан чаң

анын иштөө механизмин кандайдыр бир деңгээлде бузуп коюшу мүмкүн.

3.3. Документтерди көчүрмөлөөчү каражаттар

Документтерди көчүрмөлөөчү каражаттар (репрография жана

ризография каражаттары) – документтерди факсималдуу көбөйтүүгө

арналган машиналардын көптүгү.

Баардык эле офистерде фотокөчүрмөлөө, жарык аркылуу

көчүрмөлөөчү каражаттар жана оперативдүү түрдө чоң көлөмдөгү басып

чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү колдонула бербейт. Ал үчүн фирма ошол аталган

багытта иш алып барышы керек.

Электрофотографиялык көчүрмөлөө (электрокопирование). Бул

түрдөгү каражат жөнүндө биз жогоруда карап өткөнбүз.

Электрофотографиянын бир түрү болуп – ксерография эсептелет.

Термографикалык көчүрмөлөө – көчүрмөнү алуу процесси термосезгич

кагазды гана колдонот. Ал кагаз инфракызыл нурлардын таасиринин

негизинде өзүнүн физикалык касиетин өзгөртүп турат. Көп убакка

сакталбайт себеби кагаздын өңү улам барган сайын өчүп турат.

Page 29: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

29

Жарык аркылуу көчүрмөлөө (светокопирование или

диазакопирование) - көчүрмөлөөнүн бул ыкмасында аппаратурада

көчүрмөлөөчү асыл нускасы катары калька жана жарык (диазо)

көчүрмөлөөчү пленка колдонулат. Алар ультрофиолет нурларын сезгич

келет. Мындай түрдөгү көчүрмөлөөдө да убакыттын өтүшү менен

көчүрмөлөнгөн материалдардын өңү өчөт.

Фото көчүрмө (техникалык сүрөт) – жогорку сапаттагы көчүрмө жасоо

үчүн колдонулат. Бирок кымбат тургандыктан мындай каражатты баардык

эле мекеме пайдалана бербейт.

Ризография – сүрөттөлүштү көчүрмөлөнгөн материалдан алуу методу. Бул

өз ичине трафареттик басып чыгарууну жана маалыматты алып жүрүүчү

мастер-пленканы камтыйт.

Микрография – көчүрмөлөөнүн бул түрүнүн өзгөчөлүгү, басып

чыгарылуучу документтин кайсы түрү болбосун так, даана, өзүндөй кылып

көчүрмөлөнөт. Микрография – маалыматты каттоо, сактоо жана алмашуу

жүргүзүүчү эффективдүү каражат.

3.4. Офистеги документтерди иштетүүчү жана сактоочу каражаттар

Мекемеде иштегендердин ишинин натыйжасында топтолуп калган

барактарды иштеп чыгуу дагы атайын техника шаймандарынын жардамы

менен жүргүзүлөт. Кагаз бетине түшүрүлгөн маалыматтар же документте

абдан көп болуп же орду жок болуп, чачылып жатпас үчүн аларды топтоп

койсо болот. Мисалы, мукабалоочу машиналарда. Алар пластмассалык же

темир пружиналуу (биндерлер), термомукабалоочу машиналар

(термобиндерлер) болуп бөлүнөт. Негизи бул нерсе көчүрмөлөнгөн

материал менен иш алып баруунун акыркы баскычы болуп саналат.

Ламинаторлор. Сактоо мөөнөтүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Кагаздын

бетине атайын түрдүү жабуу коюлат. Бирок ломинация ыкмасын даяр

болгон же кайра оӊдолбой турган документке гана колдонсо болот. Себеби

кагаздын бетине атайын кандайдыр бир тоскоолдуктардан сактоочу пленка

чапталат эмеспи.

Page 30: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

30

Шредерлер. Бул түзүлүш ламинаторлордон айрымаланып, документтерди

жок кылууга арналган б.а. шредерге салынган документ майдаланып,

кесилип түшөт.

Документтерди сактоо

Документти сактоо процесси негизги жана маанилүү технологиялык

процесс болуп саналат. Документтин баалуулугуна жараша аны сактоо

каражаты дагы тандалат. Документтерди сактоодо алгачкы жана экинчи деп

аталуучу сактоо каражаттары колдонулат.

Алгачкы сактоочу каражаттар. Бул каражаттардын кызматы

документтерди ар кандай сырткы факторлордун таасиринен (күн нурунан,

чаңдан, нымдуулуктан, микроорганизмдерден) жана механикалык

таасирлерден сактоо. Документтерди көпкө сактоо үчүн негизги деп

эсептелген беш материалдардан жасалган сактоочу каражаттар болушу

керек: металлдар, картон кагазы, урунууга туруштук бере алган

пластмассалар, полиэтилен жана ар кандай кошулмалардан жасалган

материалдар.

Заман талабына ылайык документти сактоонун мындай

материалдарынын улам жаңы түрлөрү пайда болууда.

Экинчи деңгээлдеги сактоо каражаттары. Керектүүлүгү боюнча кийинки

деңгээлде турган сактоочу каражаттар - бир нече кабаттуу текчелер.

Мындай сактоочу каражаттар үчүн негизги маани – анын

конструкциясында, б.а. ал бекем болушу керек. Ал текчелерде документ,

китептер же карточкалар ирээттүү тизилип турат.

Бүгүнкү күндө иштелип чыккан жана колдонулуп келген ыкма катары

ичинде кандайдыр бир маалыматты камтыган, карточкалардын жыйындысы

(мындан ары картотекалар) менен иштөө үчүн жалпак картотекалар

вертикалдуу түрдө жайгашкан картотекалар, перфокарталары бар

картотекалар, микрофильмдери бар картотекалар колдонулууда.

Page 31: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

31

3.5. Кичи техника шаймандары

Кичи техника шаймандары (канцелярские товары) жана керектелүүчү

материалдардын өндүрүлүшү 1990-жылдардын биринчи жарымына

таандык. Техника шаймандарын ар кандай классификациялоого болот. Ал

эми биз кароочу жагы, бул анын милдети (назначения) боюнча

классификацияланышы. Буга ылайык төмөндөгүдөй группаларга бөлүп

кароого болот:

жазууга арналган аспаптар(калем, сыя, фломастерлер, маркерлер);

кагазды бириктирип бекитүү үчүн аспаптар (степлерлер, дыроколдор,

клей, скотч);

папкалар(папкалардын көптүгү);

штемпелдөөчү аспаптар (печать жана штамп коюуучу каражаттардын

түрү);

кесүүчү түзүлүштөр(кайчы, антистеплерлер, кагаз кескичтер);

оңдоп түзөөчү каражаттар(штрихтер же б.а. замазкалардын түрү);

кагаз(кагаздын түрү).

IV БӨЛҮМ. КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН

КАРАЖАТТАРЫ

4.1. Телефондук байланыш каражаттары жана системалары

Телефондук байланыш кеңири таралган оперативдүү административдик-

башкаруучулук байланыш. Азыркы мезгилде телефондук байланыш көп

тармактуу коммуникациялык түйүндүк байланышка айланды.

Маалыматтын ооз эки алмашуусунан сырткары, факсималдык маалымат

алмашуу, электрондук почта аркылуу маалымат алмашуу аттуу

мүмкүнчүлүктөр кеңири колдонулат.

Page 32: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

32

XIX-кылымдын башында И.Ф.Рейс телефон аппаратын кураган, бирок

ошол мезгилде ал колдонулбай калган. Кийинчирээк телефонду

өнүктүрүүнү америкалык ойлоп табуучулар И.Грей (1835-1901) жана

А.Г.Белл (1847-1922) уланткан. Белл өзү түзгөн электромагниттик

телефондун иштешин демонстрациялаган. Ал эми биринчи телефон

станциясы 1847-жылы Америкада Венгриялык инженер Т.Пушкаштын

(1845-1893) долбоору менен курулган. Телефон станциясы 1879-жылы

Парижде, 1881-жылы Берлинде, Петербургда, Москвада, Одессада, Ригада

жана Воршавада курулган.

Телефондук байланышты:

- жалпы колдонуучу (шаардык, шаар аралык) телефондук байланыш;

- мекеме аралык,

деп бөлүп караса болот.

Телефондук байланыштын өзгөчө түрү болуп, мобилдик байланыш,

видеотелефондук байланыштар эсептелинет. Телефондук байланыш

системасы телефондук түйүндөрдөн жана абоненттик терминалдардан

турат. Ушуга ылайык, толук бүткүл дүйнөлүк уникалдуу абоненттик номер

– мамлекеттин кодунан, мамлекеттин ичиндеги шаардын кодунан, АТСтин

номурунан, АТСтин ичиндеги абоненттик терминалдын номурунан турат.

Заманбап АТС – программа аркылуу башкарылуучу коммутациялык

система. Ал санариптик сигналдар менен иштейт.

Офистик АТС. Фирманын ар бир кызматкерин шаардык телефон

менен камсыздоо-кымбатка турган иш. Мындай учурда мекемеаралык

телефондук байланышты колдонуу ыӊгайлуу чечим. Мындан сырткары,

телефондук коммутаторлор, селекторлор бар. Алардын иштөө принциби

өзгөчө болот.

Факсималдык байланыш

Бүгүнкү күндө факсималдык байланышты колдонбогон мекеме жок.

Телефакс – документ түрүндө көрсөтүлгөн эң популярдуу маалымат

алмашуу үчүн чыгарылган каражат.

Page 33: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

33

1930-жылы СССРде фототелеграфтык аппараттар пайда болгон.

Германияда ушул эле аппараттар бильдтелеграф, Америкада телефакс,

телеграф деген ат менен белгилүү болгон. 1950-60-жылдардан баштап

факсималдык байланыш бир гана фототелеграммаларды гана эмес,

картографиялык сүрөттөлүштөрдү жана газетадагы маалыматтарды да

адресатка жибере алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындан нары бул

аппараттардын жөнөтүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилгендиктен, «телеграфтык

байланыш» деген атка алмашкан.

Факсималдык байланыш (латын тилинен алганда fac simile -)

кыймылсыз сүрөттөлүштөрдү (сүрөт, схема, фотосүрөт, ж.б.) жана

текстерди жөнөтүүчү дистанциондук процесс. Негизи, факсималдык ыкма

деген маалыматты жөнөтүү дистанциондук түрдөгү көчүрүү дегенди

билдирет. Көбүнчө факсималдык маалыматты жөнөтүү үчүн кадимки

телефондук түйүн колдонулат. Факсималдык аппарат функционалдуу түрдө

бир корпуста бириккен төмөндөгүдөй негизги бөлүктөрдөн турат:

сканер, кагаздан маалыматты окуп анан аны аппараттын электрондук

бөлүгүнө жиберет;

электрондук бөлүк (модем), адресатка маалыматты жөнөтөт жана

башка абоненттерден маалыматты кабыл алат;

принтер, келип түшкөн маалыматты кагазга басып чыгарат.

Сүрөттөлүштү басып чыгаруу ыкмасы (принтерге жараша) факсималдык

аппараттар термографиялык, струйный жана лазердик болуп бөлүнөт.

Факсималдык байланышты түзүү үчүн факсималдык аппараттар (телефакс)

жана байланыш каналдары колдонулат.

Көп функциялуу түзүлүштөр

Бир фукцияны аткарган түзүлүштөрдөн сырткары кээ бир мекемелерде

көп функциялуу (мультифакстар) түзүлүштөрдү да кезиктирүүгө болот.

Мындай түзүлүштөрдүн негизги конфигурациясы төмөндөгүдөй:

1. «Копир-принтерлер». Бул түзүлүштөр принтердин жардамы менен

санариптик көбөйтүүчү аппараттар.

Page 34: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

34

2. «Принтер-сканер-копир». Бул түзүлүштөрдө сканерлөө процесси да

бар.

3. «Принтер-сканер-копир-факс». Бул түзүлүштөр кадимки факсты

элестетет. Конфигурациясына жараша факстарды кабыл алып жана жөнөтүп

туруу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары алар телефон жана автоответчик

кызматын да аткара алышат.

4.2. IP-телефония кызматы

Акыркы жылдары берилиштерди жөнөтүү системасынын өнүгүүсү

жаңы кызматтар менен толукталууда. Ошондой компьютердик

кызматтардын бири - IP-телефония. Бул Интернет-технология жана

сүйлөшүү үчүн колдонулат. Аны уюштуруунун 2 түрү бар:

1) компьютерден компьютерге

2) компьютерден телефонго.

IP-телефония бекитилген телефон линияларынын негизинде түзүлөт. Ал

заманбап технологияларды колдонуу менен бизге арзан корпоративдик

байланышты түзүп берет.

Ошону менен бирге түйүндөгү белгилүү мультимедиялык кошумча

каражаттардын бири – Cu-SeeMe пайда болгон. Бул программа

видеоконференция түзүү үчүн пайдаланылат.

1995-жылдын февраль айында Израилдик VocalTec компаниясы Internet

Phone программасынын алгачкы мультиверсиясы бар PCдин Windowsто

иштеген версиясын сунуштаган. Бул кызмат бүгүнкү күнгө чейин

колдонулуп келет.

Page 35: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

35

4.3. Электрондук почта (e-mail) кызматы

Адамдар арасындагы маалыматты транспортировкалоо системасын

кээде электрондук почта системасы деп аташат. Электрондук почтада

транспорттук кызмат файлдар менен жүргүзүлөт. Алар компьютерлер

аркылуу иштетилет. Ал эми кадимки почта кызматында кагаздар ар кандай

физикалык каражаттардын (машиналар, поезддер, самолеттор ж.б.)

жардамы менен жүрөт. Демек, электрондук почта – компьютер аркылуу

электрондук ыкма менен жеткирилүүчү почта кызматы экен. Биринчи

электрондук почта Америкада 1970-жылы пайда болгон. Кадимки почта

кызматы менен электрондук почта кызматы окшош: экөө тең почта

кызматын көрсөтөт. Электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн маалыматты

кат же маалымат деп атайбыз. Колдонуучунун компьютердеги ишин атайын

программа - коммуникациялык пакет камсыздайт. Ал өз алдынча 2

программалардан турат. Алар биринен кийин экинчиси алмашып

иштегендей болуп түзүлгөн жана а) мурда кабыл алган маалыматтарды

анализдөө жана (же) жаңысын даярдоо; б) түйүндөр менен маалымат

алмашууну түзүү функцияларын аткарышат.

Электрондук почта кызматын колдонуп иштөөдө бир персоналдык

компьютерде бир нече колдонуучу иштей алат. Мындай учурда алардын ар

бири үчүн өзүнчө жеке орун берилет. Ал эми почта үкөгү баары үчүн бирөө

гана болот. Ушундай коллективдүү компьютерди колдонуп иштегендердин

бирөөсү почтанын администратору аталат. Түйүндөгү ар кандай

маанидеги маалымат (көптөн бери окулбай турган кат тууралуу, түйүн

администраторунун эскертүүлөрү, ж.б.) ага жиберилип турат. Эгерде,

окулбай калган маалымат бар болсо, ал түйүндө 1 жума гана сакталат, андан

кийин ал кайрадан адресатка жиберилет, атайын белгилөөсү менен. Ар бир

дарек колдонуучунун атын жана колдонуучунун компьютеринин түйүндүк

дарегинен турат. Колдонуучунун компьютери дайыма уникалдуу дарек

менен камсыздалган.

Электрондук почта – Интернеттеги эң көп колдонулуучу кызмат. Бул

кызмат аркылуу бир гана кат алмашуу эмес, тармактагы ар кандай

дискуссияларга кошулуп өз оюң менен да бөлүшсөң болот. Интернетте

Page 36: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

36

электрондук почта менен иштөө үчүн SMTP жана POP прикладдык

протоколдору колдонулат.

SMTP (Simple Mail Transfer Protoco - жөнөтүүнүн жөнөкөй почта

протоколу) – Интернет түйүнүндө жөнөкөй жөнөтүүнү түзөт.

POP (Post Office Protocol) колдонуучуга келген каттар менен иштөөгө

мүмкүндүк түзүп берет. Ар бир POP-клиенттин (өзү гана билген) паролу

болот.

DNS (Domain Name System – домендик аттардын системасы). Бул

система аркылуу Интернетке кошулган ар бир адамдын иштеп жаткан

компьютери жөнүндө маалымат алса болот.

4.4. Пневматикалык почта кызматы

Документтерди кол менен же механизацияланган жол менен

транспортировкалоо офистик жумуштардагы көнүп калган көрүнүш. Бирок,

жеткирүү ылдамдыгы жана маалыматтын келип түшкөн көлөмү бизди

дайыма эле канааттандыра бербейт. Ошондуктан, техникалык байланыш

каналдарын, б.а. автоматташтыруу жолун колдонгон ыңгайлуу.

Электрондук документтерди оперативдүү жөнөтүү үчүн пневмопочта

кызматы колдонулат.

Пневматикалык почта системалары ар кандай нерселерди жана баалуу

буюмдарды (жашыруун кагаздар, акча, ж.б.) жөнөтүү үчүн колдонулат.

Жөнөтүүлөрдү бир эле имараттын ичинде же имараттар арлык кылып

уюштурса болот. Ал жөнөтүүлөр үчүн салынган атайын трубопроводдон

турат. Трубопровод аркылуу атайын герметикалык капсулага салынып

туруп, адресатка эң жогорку ылдамдыкта (1 секундасына 5-8 метрге

чейинки аралыкты басып өтөт) жөнөтүлөт. Бул кызмат биринчи жолу 1835-

жылы Австралияда түзүлгөн. Ал эми 1853-жылы Англияда, 1865-жылы

Германияда курулган.

Page 37: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

37

Пневмоөткөргүчтүн түйүндүк түзүлүшү шартка ылайык, ар кандай

болушу мүмкүн. Мисалы, түз сызыктуу, радиалдуу, айланма, тармактуу.

Реалдуу убакыт режиминде, компакттуу атайын контроллер жана

принтердин жардамы менен капсулалардын жөнөтүлүшүн көзөмөлдөп

турсаң болот.

Азыр жаңы чыккан контроллерлор менен бир эле мезгилде

пневмопочтанын түйүндөрү аркылуу беш башка багыттардагы маалыматты

көзөмөлдөөгө болот. Ал эми тефлон материалынан жасалган атайын

тетиктер менен иштөө көп убакытка чейин тетиктерди жаңыртууну талап

кылбайт. Атайын тейлөөчү программа аркылуу оңдоп-түзөө талап кылынган

жер бат эле аныкталып калат.

Пневмопочта – бул документтердин түп нускасын (эч кандай ички

жана тышкы тоскоолдуктарга дуушар кылбай) жөнөтүүнүн эӊөнөкөй, тез

ылдамдыктагы жана эффективдүү жолу болуп эсептелинет. Мындай

кызматты колдонуп иштөө персоналды дагы көптөгөн жумуштардан

арылтат. Ушундан улам пневмопочта – маалыматтарды жөнөтүүнүн

электрондук кызматтарына толуктоо болуп калат.

V БӨЛҮМ. ЭСЕПТӨӨ ТЕХНИКАСЫНЫН (КОМПЬЮТЕРДИК)

КАРАЖАТТАРЫ

5.1. Эсептөө техникасынын каражаттарына жалпы мүнөздөмө

Эсептөө техникасынын каражаттары өзүнүн өнүгүү этабында жөнөкөй

счеттордон баштап эң татаал компьютердик комплекстерге чейинки жолду

басып өттү. Өнүгүүнүн негизи кыймылдаткычы – сандык маалыматты

эсептөө болгон. Андан кийин тексттик маалыматты талдоо каралган. Андан

кийин анан маалыматтын башка түрлөрүн (аудио жана видео) иштетүү

каралган. Мындай өнүгүү компьютердик техниканы адам баласынын

бардык чөйрөсүнө колдонуп иштөөгө шарт түздү.

Page 38: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

38

Компьютердик техникасынын (эсептөө техникасынын)

классификациясы:

өнүгүү этабына жараша;

колдонуу шартына жараша;

жасалышына жараша;

колдонуучулук касиетине жараша.

Өнүгүү этабына жараша бөлүнгөн классификациясында ЭЭМдин

архитектурасы жана анда колдонгон элементтик базанын өнүгүүсү каралат.

Колдонуу шартына жараша компьютерлер 2 ге бөлүнөт:

универсалдуу

атайын.

Универсалдуу компьютерлер нормалдуу колдонуу шартында кеңири

чөйрөдөгү маселелерди чечүүгө арналган.

Атайын компьютерлер бир гана маселени чечүү үчүн, б.а. бир багыттуу

ишти аткарууга арналган машиналар.

Жасалышына жана колдонуу мүнөзүнө жараша шарттуу түрдө

төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

микрокомпьютерлер;

мини-компьютерлер;

мэйн фреймдер;

супер компьютерлер.

Микрокомпьютерлер классына микроконтроллерлор жана ПК

(персоналдык компьютер) кирет.

Микроконтроллер – микропрцессорго негизделген атайын компьютерлер.

Алар башкаруу системаларына же технологиялык линияга бекитилип

коюлат.

Page 39: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

39

ПК – бир жумушчу орундун иштөөсүн түзүп туруучу эсептөө

системалары.

Мини-компьютерлер жана супермини-компьютерлер деп бир түзүлүштө

чыгарылган кичинекей компьютерлер аталат.

Мэйн фреймдер (main frame) кээде корпаративдүү компьютерлер деп

аталат. Себеби бир эле ресурсту көп колдонуучу пайдалана алат.

Супер компьютерлер абдан кубаттуу эсептөө мүнөздөмөсүнөн жана

күчтүү маалыматтык ресурстарынын курамынан турган машиналар. Эң

негизги мүнөздөмөсү анын өндүрүмдүүлүгү. Ал MFLOPS б.а. 1 секундасына

миллиондогон жылып жүрүүчү сандар менен болгон операция аткарат.

Кийинчирээк гигафлоптуу деп аталган 1 секундада миллиард операция

жасай ала турган, ал эми заманбап компьютерлер болсо терафлоптуу деп

аталган 1 секундасына триллион операция жасай ала турган супер-

компьютерлер түзүлүүдө.

Супер компьютерлер – метеорологияда, физикадагы элементардык

бөлүкчөлөрдү изилдөөдө, ядролук жарылууларды моделдөөдө ж.б.

колдонулат.

Кийинки болжолдуу колдонуучу чөйрө – белоктордун фолдинги б.а.

белоктордогу молекулаларынын конфигурациясынын так санын аныктоо.

Мисалы, ошол супер компьютерлер менен аныкталган, 150 аминокислотасы

бар гемоглабиндин молекуласы 4 бирдиктен турган минималдуу түрдө

10150 абалдан турат экен.

5.2. Персоналдык компьютерлердин курамы жана түзүлүшү

Каалагандай IBM PC- фон-неймандык архитектурасы бар эсептөөчү

машиналар.

Page 40: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

40

Бул архитектура америкалык окумуштуу Джон фон Нейман тарабынан

сунушталган. Ага ылайык бардык компьютерлер ушундай принцип менен

иштеген (5.1. Сүрөт).

Сүрөттөгү бир сызык башкаруучу байланышты, ал эми кош сызык

маалыматтык байланышты билдирет. Көпчүлүк учурларда ПКнын курамын

төмөнкүлөр түзөт:

системалык блок;

клавиатура;

видеомонитор;

«чычкан» манипулятору.

Колдонуу чөйрөсүнө жараша (офистик, оюн үчүн, түйүн ичиндеги иш

станциясы ж.б.) бул курам өзгөртүлүп турат.

5.3. Маалыматтык эсептөөчү түйүндөр

Бүгүнкү күндө компьютердик маалыматтык техниканы колдонуп

иштөө деген аларды түйүн аралык кылып туташтырып иштөө дегенди, б.а.

аларды бири-бири менен бириктирип иштөөнүн негизинде алардын жалпы

эсептөө кубаттуулугун колдонуу дегенди билдирет.

Глобалдуу (чоң масштабда) эсептөө түйүнү WAN (World Area

Network) географиялык абалы бири-биринен алыс жайгашкан көптөгөн

Арифметико –

логикалык

түзүлүштөр

Оперативдүү эс

Башкаруучу

түзүлүшөр

Сырткы

түзүлүштөр

5.1-Сүрөт. Компьютердик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланыш

Page 41: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

41

компьютерлердин көптүгүн түзөт, алардагы өз ара катышты, берилиштерди

жөнөтүүчү коммуникациялык түйүндөр жана түйүндүк прграммалык

камсыздоо түзөт.

WANды кубаттуу эсептөө системалары түзөт. Мындай компьютерлер

кээде сервер кызматын аткарса, кээде коммуникациялык түйүндүк

функциянын кызматын аткарган атайын компьютерлер. WANдын негизги

белгилери, биринчиден, анын түйүндү масштабдуу колдонуусу, экинчиден,

түйүндүн бир өңчөй болуп түзүлбөөсү (б.а. анын архитектурасынын ар

түрдүүлүгү).

Интернет – миллиондогон компьютерлерди дүйнө жүзү боюнча

бириктирип турган эсептөө түйүнү. Интернетте борбордук башкаруу органы

болбойт, ошон үчүн түйүнгө жаңы түйүн кошулганда же түйүндүн ичиндеги

бир түйүн бузулуп калса, ал жалпы Интернеттин иштөөсүнө тоскоол боло

албайт. Ал эми Интернеттин коммуникациялык системасынын

архитектурасы кадимки эле иерархиялык түзүлүштө болот.

Web же WWW деген ат менен белгилүү болгон Бүткүл дүйнөлүк

Тармак Web-бет деп аталган миллиондогон документтерден турат. Бул

беттер өзүнө текст, видео, үндү камтышы мүмкүн.

Webдин кызматынан пайдаланган уюмдардын көпчүлүгү өз-ара

байланышкан Web-беттердин комплектине ээ. Бул беттердин комплекттери

Web-сайттар деп аталат. WebИнтернеттин күн сайын жүздөгөн жаӊы

беттери пайда болуп, эӊ ылдам өсүп бараткан бөлүгү.

Ар бир Web-бет URL (Ресурстун ордун универсалдуу аныктагыч) деп

аталган өз дарегине ээ. Бул керектүү бетти табууну жана силер мурда

көргөн беттерге кайра кайрылууну жеӊилдетет.

Локалдык эсептөөчү түзүлүштөр (ЛЭТ) же LAN (Local Area Network)

чакан бир өңчөй компьютерлердеги өз ара катышты түзө алат. WANдан

айрымаланып, архитектурасы азыраак өнүккөн жана түйүндөгү башкаруу

методдору татаал эмес болот.

intranet термини мекеменин чегинде гана жалпы берилиштерге болгон

түйүндүк чектөө дегенди билдирет.

extranet мекемелер арасындагы түйүндүк байланыш. Бул учурда алар

бири-биринин (мекемедеги колдонуучулар) приложениелерине кирүү

мүмкүнчүлүгүн ала алат.

Page 42: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

42

VI БӨЛҮМ. КОМПЬЮТЕРДИК МААЛЫМАТТЫК

ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ПРОГРАММАЛЫК

КАМСЫЗАЛЫШЫ

6.1. Компьютердик маалыматтык технологиянын программалык

камсыздалышына жалпы мүнөздөмө

Маалыматтык технологиянын техникалык комплексинин

(компьютердик системанын) башкаруу каражаты катары программалык

каражаттар (программалык камсыздоо) эсептелинет.

Программалык камсыздоону колдонуу жана иштеп чыгуу жөнүндөгү

суроого жооп издөө бүгүнкү күндө ар тараптуу изилденип, эмгектер

жазылып жатат.

«Программалык камсыздоо» тууралуу жалпы аныктамага ылайык, ал

өз ичине берилиштерди кайрадан иштеп чыгуучу программалардын

системасын жана ушул программаларды иштетүү үчүн талап кылынган

программалык документтердин көптүгүн камтыйт.

Программалык камсыздоонун курамына төмөнкүлөр кирет:

Системалык программалык камсыздоолор;

Инструменталдык программалык камсыздоолор;

Прикладдык программалык камсыздоолор.

Системалык программалык камсыздоо бири-бири менен

байланышкан, эсептөө техникасынын иштешин камсыздап туруучу,

колдонуучунун башкаруусун талап кылбаган, өз алдынча иштөөгө

чегерилген программалардын көптүгү.

Инструменталдык программалык камсыздоо программалоонун

түрдүү системаларын камтыйт. Конкреттүү бир маселени чечүү үчүн

арналган функционалдык программалардын көптүгү.

Прикладдык программалык камсыздоо колдонуучунун конкреттүү бир

маселесин чечүүнү камсыздоочу программалык комплекстердин көптүгүн

түзөт.

Эскертүү .Мындан нары инструменталдык программалык камсыздоону

карабайбыз. Себеби, программалык продуктуну түзүү атайын багытталган

бөлүм, б.а. программисттердин аткаруучу иши.

Page 43: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

43

6.2. Компьютердик маалыматтык технологиянын системалык

программалык камсыздалуусу

Системалык маалыматтык камсыздоонун мазмуну жагынан алганда

ага маанилеш «негизги программалык камсыздоо» түшүнүгү жөнүндө сөз

кылсак.

Демек, негизги программалык камсыздоо – өз ичине операциондук

системаны жана программалоо системасын камтыган каражаттардын

минималдык курамы экен.

Андан сырткары биз көп эле окуу куралдарынан окугандай, негизги

программалык камсыздоо компьютерлердин ичине коюлуп келет деп

айтылат. Эгерде бүгүнкү күндөгү практикага таянсак, андай деп белгилөө

туура эмес, себеби бул маселе ар бир сатуу кеңселеринин тейлөө кызматына

кирип калган жана ар кандай талаптарга ылайык компьютерлердеги

коюлган негизги программалык камсыздоонун курамы ар кандай болуп

калышы мүмкүн.

Маалыматтык технологиянын системалык программалык

камсыздалышы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

тестирлөөчү жана диагностикалоочу программаларды;

антивирустук программаларды;

операциондук системаларды;

файлдык системаларды колдоочу жана берилиштердин бузулбашын

камсыздоочу программалар;

команда-файлдык процессорлорду.

Тестирлөөчү жана диагностоочу программалар компьютерлердин

атайын бир түйүндөрүнүн иштешин текшерүүгө арналган. Алардын

функциясы бузулган жерлерди издөө жана кээде бузулууларды оңдоо үчүн

сунуштама берүү.

Антивирустук программалар вирусталган программаларды аныктоо

жана кээде аларды жок кылуу үчүн багытталган. Кандайдыр бир деңгээлде

бул программалар офистик технологиялардагы берилиштерди сактоочу

функцияны аткарышат.

Операциондук системалар төмөндөгү функцияларды аткарат жана

программалык компьютерлердин негизгиси болуп эсептелинет:

Page 44: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

44

эсептөө системаларынын иштөө жөндөмүн жана компьютерди ишке

киргизгенден кийин анын оңдоп-түзөтүүлөрүн (настройку) тестирлөө;

эсептөө системасынын компоненттеринин бардык аппараттык жана

программалык функцияналдаштыруу процессинин бирдей жана

эффективдүү таасир этүүсүн камсыздоо;

колдонуучу менен эсептөө системасынын ортосундагы байланышты

камсыздоо.

Операциондук системалар төмөндөгүдөй болуп классификацияланат:

бир ирет колдонуучулук(однопользовательские) бир маселелүү

системалар (MS DOS, DR DOS);

көп колдонулуучулук(многопользовательские) көп маселелүү

системалар (OS/2,Windows, 95/98/2000/XP);

көп колдонуучулук системалар (UNIX системасы);

түйүндүк операциондук системалар.

Файлдык системаларды колдоочу жана берилиштердин бузулбашын

камсыздоочу программалар файлдык системалардын бүтүндүгүн жана

алардын элементтери (файлдар, каталогдор) менен жүргүзүлүүчү

операцияларды камсыздайт. Маалыматты алып жүрүүчүлөр менен иштөөчү

программалар да кирет (түрдүү дисктердин ишке жарамдуулугун текшерүү,

аларды форматто, файлдарды резервдик көчүрүү).

Команда-файлдык процессорлор операциондук системалардан

айрымаланган, колдонуучу менен эсептөө системасынын ортосундагы

байланышты түзөт б.а. кызматы жумушту жеңилдетүү же кошумча дагы

кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Мисалы, Norton Commander

же MS DOS ОС үчүн Windowsтун 3.11 версиясына чейинкилери, Windows

95/98/2000/XP ОС үчүн Windows Commander, UNIX үчүн UNIX, LINUX

Midnight Commander жана ар түрдүү графикалык оболочкалар.

6.3. Компьютердик маалыматтык технологиялардын прикладдык

программалык камсыздалуу

Компьютердик маалыматтык технологиялардын прикладдык

программалык каражаттарынын классификсциясы төмөндөгүдөй:

Page 45: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

45

тексттик документтерди даярдоочу системалар;

финансы-экономикалык маалыматтарды иштетүүчү системалар;

МББСистемалары;

презентация даярдоочу системалар;

өздүк маалыматтык системалар;

эксперттик системалар жана чечим кабыл алууну колдоочу

системалар;

интеллектуалдык долбоорлоо жана башкаруу системаларын

жакшыртуу системалары;

ж.б. системалар

Тексттерди даярдоочу системалар тексттик мүнөздөгү

башкаруучулук документтерди жана түрдүү маалыматтык материалдарды

даярдоого арналган. Алар өз ичине:

тексттик редакторлор

тексттик процессорлор

стол үстүндөгү басмаканалар аттуу системаларды камтыйт.

Тексттик редакторлор аркылуу тексти бар файлдар түзүлөт жана

модификацияланат. Алар файлдын ичиндеги маалыматтарга түрдүү оңдоп-

түздөөлөрдү (ордун которуу, көчүрүп баруу, жоготуу ж.б.), жүргүзүүгө

мүмкүндүк берет. Тексттик редакторлор бири-бири менен дал келишет б.а.

бир тексттик редактордо түзүлгөн файл башка бир тексттик редактордо

оңдолуп-түзөлө берет.Тексттик редакторлор өз алдынча программа эмес,

алар программалар системасы жана командалык файлдык процессорлор

менен кошо жүрөт.

Тексттик процессорлор тексттик редактолордун мүмкүнчүлүктөрүн

кеңейтип берүүдө, б.а. алар тексттерди форматтоо (шрифтердин түрүн

колдонуп, абзац, беттерди, колонтитул жана сноскаларды колдонуп)

мүмкүнчүлүгү менен бардык стандартка жооп бере тургандай кылып

документтерди түзө алабыз. Процессорлор бири-бири менен дал келишпейт.

Себеби алардын башкаруучу сиволдорунун курамы жана алардын мааниси

жагынан айырмасы бар. Заманбап тексттик процессорлордо файлдардын

ичиндеги маалыматты бардык тексттик процессорлор менен иштей ала

Page 46: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

46

турган форматка (б.а. RTF форматына) которуп, сактап алуу мүмкүнчүлүгү

бар.

Стол үстүндөгү басмакана системасы өзүнүн аты айтып тургандай

эле, тексттик документтерди басмаканада чыгарууга даярдайт б.а.

полиграфиялык продукцияга. Мисалы, тексттик документтерди версткалоо,

графикалык материалдар менен иш алып баруу ж.б.

Финансы-экономикалык маалыматтарды иштетүүчү системалар

сандык маалыматты иштетүү үчүн керек. Алар өз ичине:

универсалдуу таблицалык процессорлорду;

атайын бухгалтердик программаларды;

атайын банк (банк аралык жана банктар аралык) программаларды;

финансы-экономикалык анализдөөчү жана пландоочу атайын

программаларды камтыйт.

Маалыматтар базасын башкаруу системасы (МББС) чоң көлөмдөгү

маалыматтарды (берилиштерди) түзүү, сактоо жана аларды башкарууга

арналган. Аларда маалыматтык технологиянын төмөндөгүдөй функциялары

бар: ирээттөө; сактоо; издөө; жообун берүү(выдача данных).

Өздүк маалыматтык системалар башкаруучу кызматкердин

жумушчу ордунун маалыматтык тейлөөсү үчүн арналган. Окшоштугу

боюнча кадимки секретардын кызматын аткарат. Алардын

мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр:

мурда пландалган иш чараларды эске алып, өзүнүн иш убактысын

(эртерээк эскертип коюу мүмкүнчүлүгүн колдонуп) пландоо;

персоналдык же башка картотекаларды жүргүзүү (керектүү маалымат

боюнча тандоону автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүн колдонуп);

телефон линиялары аркылуу байланыш түзүү;

персоналдык маалыматтык блокнот жүргүзүү.

Презентацияларды даярдоо системасы презентация жүргүзүүдө

колдонулуучу тексттик жана графикалык материалдарды квалификациялык

даярдоого арналган. Алар атайын конференцияларда, атайын иш чараларда

колдонулат. Заманбап презентацияларды даярдоочу технологияларда үн

жана видео коштолот.

Эксперттик системалар жана чечим кабыл алууна колдоочу

системалар экономикалык жана математикалык моделдөө жана жасалма

Page 47: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

47

интеллект принциптеринин негизиндеги маалыматты камсыздоочу

технология болуп эсептелинет.

Интеллектуалдык долбоорлоо жана башкарууну чыңдоо системалары

CASE-технологияларында(Computer Aid System Engineering) колдонулат.

Бул системалар долбоордук чечимдерди иштеп чыгууну автоматташтырууга

багытталган башкарууну уюштуруу системасын түзүүгө жана чыңдоого

(жакшыртуу) багытталган.

Page 48: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

48

VII БӨЛҮМ. ТЕКСТТИ ИШTETYYHYH ТЕХНОЛОГИЯСЫ

7.1. Компьютердин эс тутумундагы текттер

Ар кыл жагдайларда аткарууга туура келүүчү көп сандаган жазууларга

канчалык күч жана убакыт жумшаларын баарыбыз билебиз. Сабактарда

силер мугалимдин айткандарын дептериӊерге жазасыӊар, туугандарыңарга

жана досторуӊарга кат жазасыңар жана дагы ушул сыяктуу жумуштарды

аткарасыӊар. Кол менен жазганда, а түгүл жазгыч машинканы колдонгондо,

каталарды оңдоо же текстке кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү көп

учурда жагымсыз проблемага айланат. Анын үстүнө чийип, өчүрүп,

жабыштырып оңдоого туура келет, бул тексттин көрүнүшүн бузат. Текстти

көчүрүп жазуунун зарылдыгы кагазды ашыкча чыгымдоого жана убакытты

коротууга алып келет.

Ал эми компьютерде болсо кагаз коротпой эле текст түзүүгө болот.

Текстти алып жүрүүчү болуп ЭЭМдин эс тутуму кызмат кылат. Албетте,

аны көп убакытка сактоо үчүн сырткы эс тутуму - магниттик дисктер керек.

Магниттик дисктеги текст файлда сакталат. Кагазга караганда тексттерди

магнит дисктеринде сактоонун бир катар артыкчылыктары бар.

Биринчиден, бул жыйнактуу жайгаштыруу. Мисалы, 500 беттен турган

калыӊ китептеги маалымат, диаметри 9 см болгон кичинекей дискетага

батат. Эгер кысуунун (архивдөө ыкмасы) атайын методдорун колдонсо,

анда дискетага батуучу тексттин көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүгө болот.

Экинчиден, эгер дискеттеги тексттин кереги жок болуп калса, аны

кагаз сыяктуу ыргытып жиберүүнүн же макулатурага өткөрүүнүн

зарылдыгы жок. Компьютердин жардамы менен дискеттеги текстти оңой

эле өчүрүп салууга жана анын ордуна жаңы текст жазууга болот.

Үчүнчүдөн, дагы эле компьютердин жардамы аркылуу файлдарды

каалагандай санда башка дискеталарга көчүрүүгө болот.

Төртүнчүдөн, тексти бар файлды электрондук почта менен башка

кишиге ылдам жөнөтүп жиберүүгө болот. Бул үчүн сенин компьютериң

менен алуучунун компьютеринин ортосунда компьютердик тармак аркылуу

байланыш болуусу зарыл.

Диск файлдарында текст сактоонун башкы ыӊгайсыздыгы анын

компьютердин жардамы менен гана окулушунда. Адам текстти дисплейдин

экранынан көрөт же принтерди пайдаланып, кагазга басып чыгарып алат.

Page 49: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

49

Азыр эле кээ бир басылмалар кагазга басылбай эле файлдар түрүндө

сакталат жана таралат. Компьютерлер азыркы радио, телевизор сыяктуу ар

бир үйгө кадыресе эле буюм болуп калганда кагазга түшүрүлбөөчү

басылмалар дагы көбөйүүдө. Элестетип көрөлүчү, силердин өздүк

китепканаңар дисктер салынган коробкага эле сыйып калат. Ал эми

маалыматтын көлөмү боюнча ал ата-энеӊер жыйнаган жүздөгөн

китептерден кем болбойт. Ал эми кагазды үнөмдөө менен биз

планетабыздагы токойлорду сактап калабыз.

Тексттерди кодго айландыруу. Эми тексттик маалымат компьютердин

эсинде кандай жайгашкандыгын билүү үчүн компьютердин эс тутумун

карап көрөлү. Тексттик маалымат символдордон - тамгалардан,

цифралардан, тыныш белгилерден, кашаалардан ж. б. турат. Биз мурда

айткандай символдордун жыйындысы алфавит деп аталат, ал эми

символдордун алфавиттеги саны анын - кубаттуулугу болуп саналат.

Компьютерде тексттик маалыматты көрсөтүү үчүн кубаттуулугу 256

символ болгон алфавит колдонулат. Мындай алфавиттин бир символу 8 бит

маалыматты алып жүрөөрүн билебиз: 21=256. 8 бит=1 байтка, демек ар бир

символдун экилик коду компьютердик текстте 1 байт эс тутумду ээлейт.

Компьютердик алфавиттин бардык символдору О(ноль) - 255ке чейин

номурланган. Ар бир номурга ООООООООден llllllllre чейинки сегиз

разряддуу экилик код таандык. Бул код символду эсептөөнүн экилик

системасындагы жөнөкөй эле катар номуру. Компьютердик алфавиттин

бардык символдоруна тийиштүү катар номурлары көрсөтүлгөн таблица код

түзүү таблицасы деп аталат.

ЭЭМдин ар кыл типтери үчүн код түзүүнүн ар кандай таблицалары

пайдаланылат. Персоналдык компьютерлердин таралышы менен ASCII

(American Standard Code for Information Interchange) - маалымат алмашуунун

америкалык стандарттык коду деген аталыштагы таблица эл аралык

стандарт болуп калды.

Буларга латын алфавитинин тамгалары, цифралар, тыныш белгилери,

кашаалар жана айрым башка символдор кирет.

Ошол коду бар таблицадагы латын тамгалары (баш жана кичине

тамгалар) алфавиттик тартипте жайгаштырылган жана цифралар дагы

маанилеринин өсүшүнө карай иретке келтирилген. Бул тартип башка код

1 Кыргыз тилиндеги кыскача фразаны кодго айландыргыла. Парталаш курбун

Page 50: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

50

түзгүч таблицаларда да сакталат жана алфавиттерди кодго айландыруунун

ырааттуулук принциби деп аталат. Ушундан улам «алфавиттик тартип»

түшүнүгү символдук маалыматтын машинадагы берилишинде да сакталат.

7.2. Тексттик файлдар жана тексттик редакторлор

Текстти дискте сактоо үчүн көп учурда тексттик файл деп аталган

файлдын атайын форматы колдонулат.

Тексттик файл - маалыматты компьютерде уюштуруунун эӊ

жөнөкөй ыкмасы. Ал символду кодго айландыруу таблицасынын

коддорунан гана турат.

Көп учурда текст файлдарынын аталыштарында .txt - текст же .doc -

документ деген кенейтилиши колдонулат(б.а. документти «сакта»-

«сохранить» командасын басканда, ачылган диалогдук терезенин асты

жагында атайын документтин кеӊейтилишин көсөтүп турган сапчада

көрүнүп турат.). Мисалы, kitep.txt, depter.doc.

Операциондук система текст файлдарындагы мазмунду символ

түрүндө экрандан кароого, басып чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул атайын

ОС командаларынын жардамы менен иштетилет. Тексттик файл - тексттик

маалыматты сактоонун эӊ жөнөкөй формасы. Компьютерде ар кандай

шрифттер, стандарттык эмес символдор (мисалы, математикалык белгилер)

пайдаланылган тексттик документтерди түзүү, таблицаларды, схемаларды

чийүү мүмкүн. Мындай файлдардын түзүлүшү тексттик файлдарга

караганда татаал. Алар китеп, журнал, реклама жана башка полиграфиялык

продукцияларды басып чыгарууда пайдаланылат.

Тексттик редакторлор. Мазмуну жана формасы ар кандай тексттик

документтер менен иштөө үчүн тексттик редакторлор деп аталган колдонмо

программалар болот.

Тексттик редактор (TP) - магниттик дискттерде тексттик

документтерди түзүүгө, аларды редакциялоого, документтин мазмунун

экрандан кароого, документти кагазга басып чыгарууга, документтин

форматын өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү колдонмо программа (биз бул

жерде офистик программалардын бири болгон MSWord тууралуу айтабыз).

Текстти форматтоо, графикти иштетүү, туура жазылгандыгын

текшерүү боюнча кеӊири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өркүндөтүлгөн

Page 51: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

51

тексттик редакторлордун ордуна көп учурда тексттик процессор

деген аталыш пайдаланылат.

Тексттик редакторлордун эң жөнөкөйлөрүнөн баштап, китеп, гезит,

журналдарды чыгарууда колдонулуучу кубаттуу басма системасына

чейинки ар кыл түрлөрү бар. Бул окуу китебинде бардык тексттик

редакторлорду толук баяндап чыгыш мүмкүн эмес. Биз бул жерде тексттик

редактордун негизги түшүнүктөрү, алардын негизги мүмкүнчүлүктөрү

тууралуу гана айтабыз. Тексттик редакторлор иштөөчү маалыматтар -

бул символдук маалымат болуп саналат. Символдук маалыматтын эӊ

кичине бирдиги бир символ болуп эсептелет.

Сөз - бири-биринен боштук (пробел) же тыныш белгилери аркылуу

бөлүнгөн символдордун ырааттуулугу. Андан ары саптар, абзацтар, беттер

жана текст кетет. Ушул бирдиктердин ар бири менен иштөөчү белгилүү

командалар бар.

Редактор чөйрөсү. Колдонуучу клавиатурада терип жаткан текст

редактордун иш талаасы - экранда чагылдырылат. Иш талаасындагы

учурдагы орду курсор менен белгиленет. Курсор экранда жылып жүрөт

(жасап жаткан ишке ылайык, ар кандай түрдө болот. Мисалы, терезелер

менен жасоочу операцияларда формасын, текст тергенде I түрүн алса,

графикалык редактордо иштеп жатканда калем сап же кисточканын,

өчүргүчтү тандасак ал төрт бурчтуу форманы алат) .

Көп учурда текст экранга сыйбай тургандай чоӊ көлөмгө ээ болот.

Мындай учурда иш талаасынын чегине тексттин бөлүгү гана батат. Экран

ал аркылуу текстти кароого боло турган бөтөнчө терезе болуп саналат. Бул

терезени текст боюнча жылдыруу үчүн атайын клавиатурадагы баскычтар

( ) же чычкан манипулятору колдонулат.

Ар кандай тексттик редактор менен иштегенде экранда абалдар

сабында анын учурдагы абалы тууралуу маалымат болот. Эреже катары

анда курсордун координаталары (иштелип жаткан саптын номуру жана

саптагы позиция, беттин номуру, тексттин форматы, колдонулуп жаткан

шрифт жана айрым башка маалымат) көрсөтүлөт.

Ар кандай тексттик редактордун терезесинде башкаруу

командаларынын менюсу болушу мүнөздүү (Файл, Вставка, Вид, Справка,

ж.б.). Терезенин бул сапчасы менюлар сапчасы деп аталат. Ар бир менюда

өз ичине камтылган командалар тобу болот. Заман талабына ылайык, ТРдун

Page 52: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

52

версиялары улам жаӊыртылып тургандыктан менюлар тобунун ирээти да

өзгөрүүгө дуушар болот. Меню тексттик да, пиктографиялык да формада

болушу мүмкүн.

Иш кагаздары, документтер менен иштеген адамга көп учурда

үстөлдүн үстүндө бир эле мезгилде бир нече документти ачып коюуга туура

келет. Ал көп терезелүү режим деп аталат.

Көп терезелүү режимде тексттик редактор бир эле мезгилде иштелип

жаткан документтердин ар бири үчүн экранда өзүнчө терезе ачылат.

Экранда терезелер каскад (биринин артынан бири) же мозаика (экран

тегиздигинде жарыш) түрүндө жайгашышы мүмкүн. Учурда курсор турган

терезе активдүү терезе болуп саналат. Негизи жаӊы документ мурда бар

документтердин фрагменттеринен да түзүлүшү ыктымал.

Атайын командалардын, мыштын баскычы же клавиатурадагы (

) баскычтардын жардамы аркылуу бир активдүү терезеден экинчисине

өтүүгө болот.

Текшерме суроолор

1. Тексттик файл деген эмне?

2. Тексттик редакторлор эмнеге арналган?

3. Өзүӊөр колдонуп жаткан тексттик редактордун чөйрөсүндөгү

элементтердин баарын үйрөнүп чыккыла.

4. Тексттик редактордун терезеси жөнүндө айтып бергиле.

7.3. Тексттик редактор менен иштөө

Ар кыл тексттик редакторлордун мүнөздүү иштөө режимдери:

киргизүү; контекст боюнча издөө жана алмаштыруу; орфографиялык

көзөмөл; файлдар менен иштөө; басып чыгаруу; жардам.

Бул санап өткөн негизги режимдердин баарын карабастан, кээ бири

тууралуу гана сөз кылабыз, ал эми биз токтолбой кеткен бөлүмдөрдү

практикалык сабакта үйрөнөсүӊөр.

Page 53: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

53

Киргизүү - бул тексттик редактордун негизги иштөө режими. Текстти

кагазга жазганда биз калем сапты пайдаланабыз. Ал эми текстти

компьютерде жазуу клавиатуранын жардамы менен ишке ашырылат деп

жогоруда белгилегенбиз. Компьютердик класста өтүлгөн сабактарда бул

көндүмгө ээ болууга силерге мугалим жардам берет. Мындан башка да

клавиатура менен ылдам иштөөгө көнүктүрө турган машыктыргыч

компьютердик окуу программалары бар.

Биз компьютерде кандайдыр бир текстти терип жатканда, ал кандайча

иштейт? Басылган клавишага тийиштүү символ курсордун позициясына

жайгашат, андан кийин курсор бир «кадам» оңго, эгер саптын аягына жетип

калган болсо, кийинки саптын башына жылат.

Редакциялоо деп терилип жазылган текстке ар кандай өзгөртүүлөрдү

киргизүүнү айтабыз. Көп учурда ката жазылган символду, сөздү же сапты

өчүрүүгө, бир символду башка символ менен алмаштырууга, калып калган

символдорду, сөздөрдү, саптарды кошууга туура келет. Текстти

редакциялоо процессинде пайдалануучу шрифттерди өзүнчө бөлүп,

алардын ордун алмаштырып, өчүрүп, көчүрмөсүн алып, алар менен ар

түрдүү өзгөртүүлөрдү жасай алат. Көп терезелүү редакторлордо бир нече

документти дароо эле терезелерге коюп алып, биринен экинчисине оӊой

өтүп иштей берүүгө болот.

Биздин өлкөдө таралган бардык редакторлордо орус алфавитин, латын

алфавитин айрымдарында кыргыз алфавитин да колдонуу мүмкүн.

Текстти форматтоо. Басылган тексттин форматы дегенде саптардын

жайгашуусу (саптын узундугу, саптардын ортосундагы аралык), текстти

саптын четтерине же ортосуна түздөө, талаанын, беттердин өлчөмдөрү

түшүнүлөт.

Форматтын параметрлерин (саптардын узундугу, саптардын орто-

сундагы аралык) колдонуучу текстти киргизердин алдында белгилеп алат,

андан ары аларды тексттик редактор автоматтык түрдө кармап турат.

Колдонуучуга текстти терип жазуу гана калат.

Айрым тексттик редакторлор ташымалдын эрежесин сактоо менен

сөздөрдү автоматтык түрдө саптан сапка ташымалдайт.

Эгер силер белгилүү форматтагы текстти киргизип, андан кийин форматты

өзгөрткүӊөр келсе, текст редакторунун жардамы менен аны оӊой эле

аткарууга болот.

Page 54: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

54

Тексттин фрагменттери менен иштөө. Тексттик редакторлордун

көпчүлүгү тексттен фрагменттер же блоктор деп аталган үзүндүлөрдү бөлүп

белгилөөгө мүмкүндүк берет. Көп учурда блокту тексттен бөлүп алганда, ал

символдордун түсү өзгөрүп белгиленет. Белгиленген блок менен жогоруда

сөз кылган редакциялоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонсо болот.

Ушинтип тексттен алынган блок такыр жок болуп кетпейт, болгону

буфердик чөйрөгө өтөт. Андан кийин буфердик чөйрөдөн курсор менен

көрсөтүлгөн орунга көчүрүлөт. Мындай көчүрүүнү көп жолу жүргүзүүгө

болот.

Жардам. Программалык жабдыктардын «жагымдуулугунун» башкы

шарттарынын бири - колдонуучуга жардам көрсөтүүнүн бар экендиги.

Жардамды терезенин менюлар сапчасында жайгашкан Справка деп аталган

менюсунан алса болот. Керектүү маалыматты издеп табып, анан

пайдалануучу жардам режиминен чыгат да, убактылуу токтотулган ишинин

этабына кайрылат.

Текшерме суроолор

1. Тексттик редактордун ишинин негизги режимдерин санагыла.

2. Текстти форматтоо деген эмнени түшүндүрөт?

3. Тексттин фрагменти деген эмне? Аны менен кандай операцияларды

аткарууга болот?

4. Көп терезелүү редактор кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат?

5. Жардам режимин кандайча колдонууга болот?

Page 55: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

55

VIII БӨЛҮМ. ГРАФИКАНЫ ИШТЕТҮҮҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

8.1. Графикалык маалымат жана компьютер

Информатика предметинин алкагында маанилүү орунду –

компьютердик графика деп аталган бөлүм ээлейт.

Графикалык визуализацияны адам баласы бардык эле чөйрөсүндө

колдонуп келет. Мисалы, медицинада – компьютердик томография,

экономикада – гистограммалар, өндүрүштө - кездемелерди, маашиналарды,

эмерек жана кийимдерди моделдөөдө, курулушта – имараттарды

конструкциялоодо жана анын архитектурасында, ж.б.

Компьютердик графиканын сүрөттөлүштү чагылдырып берүү

ыкмасына жараша төмөндөгүдөй бөлүп карашат:

1. Растрдык графикада сүрөттөлүштөрдүн баары чекиттерден

турат жана разрешение деген түшүнүк менен тыгыз байланышта болот.

Чекиттерден турган саптардын жыйындысы графикалык торду же растрды

түзөт. Бир чекит видеопиксель (мындан ары кыскача - пиксель деген

аталышын колдонобуз) деген аталышка ээ. Разрешение – узундуктун

бирдигине тура келген чекиттердин көптүгү. Бирдиги катары дюйм (dots

perinch - dpi) кабыл алынган. Разрешение канчалык жогору болсо,

сүрөттөлүштүн сапаты ошончолук жогору болот.

Растрдын элементардык чекитин пиксель деп атайбыз. Пикселдин

өлчөмү тандалып алынган экрандын разрешениесинен көз каранды.

19-24 дюйм диаганалдуу мониторлор эреже катары төмөндө

көрсөтүлгөн экрандын разрешениелеринин бирин камсыздайт: 640480,

800600, 1024768, 12801024, 16001200, 16001280, 19201440,

19201600, 20481536 чекит.

Растрдык графиканын бир кемчилиги болуп - пикселидөө деген

түшүнүгү эсептелинет. Себеби, кандайдыр бир сүрөттөлүштү чоңойтуп

кароодо растрдын элементтери байкалып калат, бул өз учурунда

иллюстрацияны бузуп көрсөтөт. Бирок ушундай нерсе болбошу үчүн

атайын масштабдоонун интерполяция методун колдонуп, сүрөттөлүштөрдү

эч кандай тоскоолсуз көрсө болот.

2. Вектордук графикада негизги элементи болуп түз сызык

эсептелет. Түз сызык бир бүтүн обьект катары каралат. Түз сызык-

Page 56: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

56

вектордук графиканын элементардык обьектиси. Түз сызыктын

төмөндөгүдөй касиеттери бар: формасы (түз, ийри), жоондугу, өңү-түсү,

начертание (сплошная, пунктирная). Туюк түз сызыктар ичи толтурулуп

боело турган касиетке ээ болот. Булардын ичи башка обьекттер

(текстуралар, өңдөр, карталар) менен толтурулуп боелот. Жөнөкөй

туюкталбаган түз сызык түйүн деп аталган 2 чекит менен чектелген.

Түйүндөрдүн дагы касиеттери бар, алардын параметрлери түз сызыктын

эки учундагы чекиттердин алган формасына жана кайра ошол түз сызык

менен биригип жаткан башка обьектилерге да таасирин тийгизет. Себеби,

вектордук графикадагы баардык эле обьектилер түз сызыктардан түзүлөт.

Мисалы, куб- алты бирдей төрт бурчтуктан түзүлөт ал эми ар бир төрт

бурчтук өз учурунда бирдей узундуктагы 4 түз сызыктар менен түзүлгөн.

3. Фракталдык графика вектордук графика сыяктуу

математикалык эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Бирок фракталдык

графиканын негизги элементи болуп – математикалык формуланын өзү

эсептелинет, б.а. бул учурда, алгач компьютердин эсинде эч кандай

обьекттер сакталбайт ал эми сүрөттөлүштөр теӊдеменин жардамы менен

түзүлөт. Ушундай жол менен жөнөкөй структуралардан баштап, татаал

иллюстрацияларга чейин тургузулат.

Ар бир багыт үчүн графикалык программалар же графикалык пакеттер

деп аталган атайын программалык камсыздоо түзүлөт. Мисалы, растрдык

графика менен иштөөчүлөр үчүн Photo Shop программалык пакети ал эми

вектордук графика менен иштөөдө Corel Draw программассын колдонуп

иштесе болот.

Обьекттердин графикалык сүрөттөүшүндө маанилүү орунду ээлеген

дагы бир түшүнүк – өӊ (цвет). Өӊдүн негизинде сүрөттөлүштүн жыштыгы

жогорулайт.

Жарыктын агымы чагылуудан жасалат. Дисплей - ЭЭМдин эсинде

сакталган маалыматты чыгаруучу түзүлүш. Демек, экрандагы «сүрөттөр»

да - компьютердин эсиндеги маалыматтык чагылдырылышы.

Графикалык маалыматты чагылдырууда ак-кара жана түстүү деген

түшүүктөр колдонулат. Өзүнүн аты айтып тургандай, ак-кара түстү

камтыган маалымат ак жана кара түстөрдүн айкалышынан пайда болот.

Ал эми түстүү сүрөттөлүш кандайча алынат?

Page 57: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

57

Түстүү экрандагы ар бир пиксель – бул - кызыл, жашыл жана көк

түстөгү: үч чекиттин жыйындысы. Бул чекиттер бири-бирине

ушунчалык жакын жайгашкандыктан бизге бир эле чекитке биригип

калгандай туюлат. Үч түстөн сегиз түрлүү айкалышты алууга болот

жана кызыл, жашыл, көк түстөрдүн бирге кошулуусунан экранда

бардык түстөгү палитра пайда болот. Ал үчүн дисплейде атайын

фокустоочу система колдонулат. Ал видеоконтроллер деп аталат.

Видеоконтроллер (адаптер) - графикалык дисплейдин иштешин

башкаруучу түзүлүш. Ал эки бөлүктөн турат: видеоэс жана дисплей

процессору.

Видеоэсте экрандагы ар бир пикселдин абалы тууралуу маалымат

камтылган. Азыркы заманбап компьютерлерде анын өлчөмү миӊдеген

килобайтты түзөт.

Дисплей процессору видеоэсте сакталган маалыматтарды окуйт

жана ошого жараша дисплейдин ишин башкарат.

Компьютердик графиканын азыркы учурдагы дагы бир техникалык

каражаты сканер болуп саналат. Ал жөнүндө биз бул китептин башка

бөлүмүндө сөз кылабыз.

Текшерме суроолор

1. Компьютердик графика деп эмнени аташат?

2. Компьютердик графиканын сүрөттөлүштү чагылдырып көрсөтүп

берүү ыкмасына жараша кандайча бөлүп карашат?

3. Пиксель деген эмне? Растр деген эмне?

4. Компьютердик графикадагы өӊдөр тууралуу айтып бергиле.

5. Видеоэс эмне үчүн зарыл?

6. Дисплей процессору деген эмне? Ал кандай кызмат аткарат?

Page 58: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

58

8.2. Компьютердик графиканын колдонуу тармактары

Компьютердик графика колдонуу тармактарына жараша төмөндөгүдөй

багыттарга бөлүнөт: инжинердик графика, илимий графика, Web-графика,

компьютердик полиграфия, иш графикасы, иллюстрациялык графика ж.б.

Эми төмөндө аларга кыскача мүнөздөмө бере кетели.

Илимий графика. Мурун айтып кеткендей бул багыт эӊ

биринчилерден пайда болгон. Илимий изилдөө объекттерин

визуалдаштыруунун (б. а. көрсөтмөлүү сүрөттөөнүн) жана эсептөөлөрдүн

натыйжасын графикалык түрдө иштетүүгө, эсептөө эксперименттерин

жүргүзүүгө, алардын на- тыйжаларын көрсөтмөлүү түрдө берүүгө арналган.

Иш графикасы. Компьютердик графиканын бул тармагы ар түрдүү

мекемелердин ишинде көп колдонулуучу иллюстрацияларды түзүү үчүн

арналган. Пландык көрсөткүчтөр, отчёттук документтер, статистикалык

маалыматтар иш графикасынын жардамы менен түзүлүүчү иллюстрациялык

материалдарга жатат. Иш графикасынын программалык каражаттары адатта

таблицалык процессорлордун курамында болот.

Конструктордук графика. Көбүнчө инженер-конструкторлордун,

жаӊы техниканы ойлоп табуучулардын ишинде колдонулат. Компьютердик

графиканын бул түрү долбоорлоону автоматташтыруу системалары (ДАС)

үчүн милдеттүү элемент болуп саналат. Эсептөөлөр менен айкалышкан

графика оптималдуу конструкцияларды издөөнү көрсөтмөлүүлүк формада

жүргүзүүгө, тетиктерди мүмкүн болушунча ийгиликтүү компоновкалоого,

конструкцияда өгөрүүлөргө түрткү болушу ыктымал болгон натыйжаны

болжолдоого мүмкүндүк берет. Конструктордук графиканын каражаттары

аркылуу жалпак сүрөттөлүштөрдуү (проекция, кесилиш), ошондой эле

мейкиндиктиктеги жана үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү алууга болот.

Иллюстрациялык графика. Иллюстрациялык графиканын

программалык каражаттары адамга карандаштардын, кыл калемдердин,

боёктордун, циркуль, сызгыч жана башка куралдардын жардамы менен

кагазда сүрөт тарткандай эле, компьютерде өзү каалагандай сүрөт тартууга,

чийме чийүүгө мүмкүндүк берет. Иллюстрациялык графиканын пакеттери

кандайдыр бир өндүрүштүк багытталгандыкка ээ эмес. Ошондуктан алар

жалпы арналыштагы колдонмо программалык камсыздоого кирет.

Көркөм жана жарнамалык графика. Бул салыштырмалуу жаӊы

тармак, бирок телекөрсөтүүнүн аркасында кеӊири белгилүү болуп калган.

Компьютердин жардамы аркылуу жарнамалык роликтер, мультфильмдер,

Page 59: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

59

компьютердик оюндар, видеосабактар, видеопрезентациялар ж. б. дагы көп

нерселер түзүлөт.

Графикалык пакеттер ушундай максаттарды ишке ашырышы үчүн

ылдамдыгы жана эс тутумунун көлөмү боюнча ири ресурстагы

компьютерди талап кылат. Бул класстагы графикалык пакеттердин өзгөчө

айырмачылыгы болуп реалисттик (табигый көрүнүштөргө абдан жакын)

сүрөттөлүштөрдү, «кыймылдуу сүрөттөрдү» жаратуу мүмкүнчүлүгү

саналат.

Бул категориядагы графикалык пакеттерде реалисттик сүрөттөлүштү

түзүү үчүн татаал математикалык аппарат колдонулат.

Үч өлчөмдүү (мейкиндиктеги) графика. Компьютердик графиканын

дагы бир бөлүгү - үч өлчөмдүү (мейкиндиктеги) же 3D графика.

Виртуалдык мейкиндикте объекттердин көлөмдүү моделдерди түзүү

ыкмаларын жана аны колдонууну окутуп үйрөтүүчү бөлүм. Бул бөлүмдө

вектордук жана растрдык ыкмалар бирдей айкалышат. Обьекттердин

бурулуштарын, жакындашын, алысташын, деформациянын сүрөттөрүн алуу

- ушунун баары геометриялык эсептөөлөр менен байланыштуу. Жарык

булагынын абалына көз каранды болгон объекттин көлөкөсүнүн

жайгашуусу, үстүңкү беттин фактурасы (жалтырак, күңүрт, майда

тешикчелүү) оптиканын мыйзамдарын эске алып эсептөөнү талап кылат.

Компьютердик анимация. Компьютердик, кино жана телевидение

технологияларынын кошулган жеринен компьютердик графиканын жаңы

областы катары – компьютердик анимация (ЭЭМде кыймылдуу

сүрөттөлүштөрдү алуу) пайда болду. «Анимация» деген сөз «жандандыруу»

дегенди билгизет.

Сүрөтчү-мультипликаторлор өзүлөрүнүн фильмдерин кандайча

жаратарын элестете аласыңарбы? Мультфильмдеги каармандарга же

мультфильмдердеги кандайдыр бир нерселерге кыймылды бериш үчүн

бири-биринен аз эле айырмаланган миӊдеген сүрөттөрдү тартууга туура

келет. Андан кийин ал сүрөттөр кайрадан кинопленкага тартылат.

Компьютердик анимация системасы иштин көп бөлүгүн өзүнө алат.

Мисалы, сүрөтчү экранда кыймылдоочу объекттин баштапкы жана акыркы

абалдарын гана түзө алат, ал эми ортодогу калган бардык абалдарды

компьютер эсептеп чыгат жана сүрөттөп көрсөтөт. Мындай жумуш

кыймылдын берилген тибин математикалык сыпаттоого таянган эсептөөлөр

Page 60: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

60

менен байланышкан. Алынган сүрөттөр экранга белгилүү жыштык менен

ырааттуу чыгарылып, кыймылдын элесин берет.

Мультимедиа - жаңы маалыматтык технологиянын салыштырмалуу

жаш тармагы. «Мультимедиа» деген сөздүн маанисин колдонуучу бир

мезгилде бир нече маалымат каналдары аркылуу таасир этүү деп

түшүнүшөт же мультимедиа - компьютердин экранында жогорку

сапаттуу сүрөттөлүштүн үн менен коштолгон бирикмеси (анын ичинде

графикалык анимация жана видеокадрлар).

Мультимедиа системалары окутуу, жарнама, көӊүл ачуу чөйрөлөрүндө

айрыкча кеӊири таралган.

Компьютердик графика жөн гана курал катары кызмат кылса дагы,

анын түзүлүшүн жана методдорун фундаменталдык жана прикладдык

илимдер түзөт. Алар, математика, физика, химия, биология, статистика,

программалоо ж.б.

Мындай белгилөө компьютердик графиканы иштетүүдөгү анын

аппараттык дагы программалык дагы камсыздоосуна тийиштүү. Ошон үчүн

компьютердик графика информатиканын заман талабына ылайык бат

өнүгүп келе жаткан тармагы болуп саналат.

Текшерме суроолор

1. Компьютердик графиканын негизги колдонуу тармактарын атагыла.

2. Компьютердик анимация деген эмне?

3. Мультимедиа деген эмне?

8.3. Графикалык редактор менен иштөө

Графикалык редактор (ГР) - сүрөттөлүштөрдү тартуучу колдонмо

программа.

Графикалык редактордун каражаттары менен түзүлгөн сүрөт, экранда

тартылат, андан кийин файлда сакталышы мүмкүн.

Page 61: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

61

Бардык графикалык редактордун чөйрөсү аспаптардын менюсун,

түстөрдүн менюсун; файлдар менен иштей турган командалардын менюсун

камтыйт. Экрандын калган бөлүгү сүрөт тартууга арналган. Ал жумушчу

талаа деп аталат.

Графикалык редактордун куралдарынын жардамы менен тартылган

жөнөкөй сүрөттөр графикалык примитивдер деп аталат.

Графикалык редакторлордо төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр бар:

сүрөттөлүштү каалагандай «кесүү», «чаптоо» жана «өчүрүү»;

сүрөт тартууда ар кыл «боёкторду» жана «калемдерди» колдонуу;

сырткы алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү эске тутуу, аларды издөө

жана калыбына келтирүү;

сүрөттөлүштүн майда деталдарын оӊдоо үчүн фрагментин чоӊойтуу;

сүрөткө текстти кошуп кооздолгон кулактандырууларды, жарнамалык

плакаттарды, визиткаларды түзүү.

Көпчүлүк графикалык редакторлордун чөйрөсү болжол менен бирдей

уюшулган.

Графикалык редактор менен иштөөдө колдонуучунун ыӊгайлуу куралы

болуп манипуляторлор – мышь(маус), жойстик саналат. Манипулятордун

жардамы менен экранда көрсөткүч-жебе бир жерден экинчи жерге орун

которуп турат. Колдонуучу, жебени аспаптар панелине алып барып, ал

жерден керектүү аспапты тандайт. Андан кийин көрсөткүч өзүнүн

формасын тандалып алынган аспапка жараша өзгөртөт, б. а. сүрөт тартуу,

өчүрүү, боёо, кесүү куралдарына айланат. Ал эми боектор менен иштөөдө

колдонуучу көрсөткүчтү палитранын аймагына алып келип, сызыктардын

жана боёктордун учурдагы түсүн тандайт.

Графикалык редактордо түрдүү өлчөмдөгү жана чийилиштердеги

шрифтердин тамгаларын колдонуу менен сүрөттөргө текстти киргизүүгө

болот.

Бул параграфта сөз кылган графикалык редакторлор Adobe Illustrator же

Paint редакторлору. Булар өз учурунда компьютердик графиканын бир

тармагы - иллюстрациялык графикага мисал боло алышат.

Page 62: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

62

Текшерме суроолор

1. Графикалык редактор (ГР) эмнеге арналган?

2. Графикалык редакторлор менен иштөөдө кандай аспаптар жана

примитивдер колдонулат?

3. Графикалык редакторлор менен иштөөдөгү мүмкүнчүлүктөр

кайсылар?

IX БӨЛҮМ. ТАБЛИЦАНЫ ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

9.1. Электрондук таблица деген эмне?

Берилиштерди ыңгайлуу түрдө көрсөтүү үчүн таблицаларды

колдонушат. Компьютер берилиштерди электрондук түрдө көрсөтүп бере

алат, ал эми мындай мүмкүнчүлүк аларды чагылдырганга да иштеп чыгууга

да мүмкүндүк берет. MS Excel программасы таблица түрүндө көрсөтүлгөн

берилиштер менен иштөөгө арналган программа. Бул жерде сандык

берилиштер басымдуулук кылат

Электрондук таблицалар менен иштөөгө арналган колдонмо

программалар таблицалык процессорлор деп аталат.

Таблицалык процессорлордун көп түрдүү варианттары бар. Бирок,

алардын баары бири-бирине абдан окшош. Электрондук таблицанын

түзүлүш принцибин жакшы түшүнүп алсан, ар кандай конкреттүү

таблицалык процессор менен иштөөнү оӊой эле өздөштүрүүгө болот.

Электрондук таблицанын структурасы. Электрондук таблица эмнени

элестетет?

Excel документи жумушчу китеп деп аталат. Ал жумушчу барактардан

турат. Ар бир барак таблицалык структурадан турат. Ал баракчалардын

бетинде 1 же бир нече таблицалар болушу мүмкүн. Excel программасынын

документинин терезесинде силер азыркы учурда иштеп жаткан 1 активдүү

терезе жумушчу барак дайыма көрүнүп турат.

Page 63: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

63

Ар бир жумушчу барактын аты болот, анын аты барактын төмөн

жагындагы сапчада көрсөтүлүп турат. Ошол төмөндө жайгашкан ярлыктар

аркылуу бир жумушчу китепке камтылган башка жумушчу барактарга

которулса болот. Жумушчу барактын атын өзгөртүү үчүн ярлыкты 2 жолу

басуу керек. Электрондук таблица шахмат тактасы сыяктуу чакмактарга

(клеткаларга) бөлүнгөн, алар уячалар (ячейкалар) деп аталат. Таблицанын

саптары жана мамычалары белгиленип алынган. Саптар-сандар менен

номурланган, ал эми мамычалар-тамгалар менен (латын алфавитинин

тамгалары) белгиленет. Шахмат тактасындагыдай эле ар бир чакмактын

өзүнүн аты (дареги-адреси) бар. Алар мамычанын атынан жана саптын

номурунан турат. Мисалы: А4, С17, Е44, ж.б. Бирок шахмат тактасында

болгону 8х8=64 чакмак болсо, электрондук таблицанын уламалары өтө көп.

Мисалы: Excel таблицалык процессорунун таблицассынын эң чоң өлчөмү

256 мамычадан жана 65536 саптан турат. Латын алфавитинде 26 гана тамга

болгондуктан, 27-мамычадан баштап 2 тамгалуу белгилер колдонулат, алар

да алфавиттик ирээтте берилет: АА, АВ, АС, … AZ, BA, BB, BС, … BZ, СA,

CB, CC, …

Албетте ушундай чоӊ таблица экранга батпайт. Дисплейде таблицанын

бир бөлүгү гана көрүнөт. Бирок терезенин четиндеги( ↑→↓ ← )

жылдыруучу сызыктар аркылуу таблицанын каалаган жерин көрүүгө болот.

Уячалардын бирөөсү дайыма активдүү болот дагы ал рамкага алынган

активдүү уяча катары белгиленет. Excelде ушул рамка курсордун кызматын

аткарат. Кийрүү жана редактирлөө операциялары дайыма активдүү уячада

жүргүзүлөт. Активдүү уячанын рамкасын курсордук (клавишалар)

баскычтар (←↑→↓) же чычкандын жардамы менен жылдырса болот.

Таблицанын бардык маалыматтары уячаларга жайгаштырылат. Уячанын

ичиндегилер текст, сандык маани же формула болушу мүмкүн. Таблицалык

процессорлор таблицанын ичиндегилерин туура интерпретациялоо үчүн

таблицанын уячаларында кандай типтеш маалыматтар сакталганын

«билиши» керек. Текст жана сандар турактуу (const. константа) катары

Page 64: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

64

каралат. Аларды тиешелүү уячалардагы маалыматтарды оңдоо менен гана

өзгөртсө болот. Эгер алардагы 1 эле операцияны өзгөртсө, формулалар

автоматтык түрдө берилген маанилердин баарын кайрадан эсептеп чыгарат.

Экрандагы бизге көрүнгөн таблицанын мазмуну 2 режимдин

кайсынысында-формуланы көрсөтүү режиминде же маанилерди көрсөтүү

режиминде турганынан көз каранды.

9.1-таблица. Формулаларды көрсөтүү режиминдеги электрондук таблица

А B С D E F

№ Ф.А.А. Зачетту

к китеп-

н №

Модул

ь 1

Модул

ь 2

Модул

ь 3

Орточо балл

1 Асанов

К.А.

2014150

7

24 25 20 =(С1+D1+E1)/

3

9.2-таблица. Маанилерди көрсөтүү режиминдеги электрондук таблица

Суроолор жана тапшырмалар

1. MS Excel программасы эмнени үйрөтөт?

2. Таблицалык процессоР деген эмне?

3. Жумушчу китеп, жумушчу барак, уяча деген эмне?

4. Уячалардын аттары кандайча коюлат?

5. Формулаларды көрсөтүү режиминдеги электрондук таблица менен

маанилерди көрсөтүү режиминдеги электрондук таблицанын

айрымасы эмнеде?

A B C D E F

№ Ф.А.А. Зачеттук

китепч-н

Модуль

1

Модуль

2

Модуль

3

Орто

чо

балл

1 Асанов К.А. 20141507 24 25 20 33

Page 65: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

65

9.2. Таблицаны толтуруунун эрежелери

Тексттер: Тексттер, сандардан айырмаланып, сол жактан башталып

ирээттелет. Таблицанын уячасына сан же формула катары кабыл алынбай

турган символдордун ыраатын киргизген учурда, таблицалык процессор

аны текст катары кабыл алат. Кээ бир тексттик процессорлордо киргизген

маалыматтар текст экени көрүнүп турсун үчүн аны тырмакчага («») алып

койсо болот. Эгерде киргизилген тексттин акыркы бөлүгү экрандагы уячага

батпай калса, ал таблицанын уячасына батпай калды дегенди билдирбейт.

Себеби, уячанын өлчөмү чоң болот.

Сандар: баштапкы маалыматтарды жазууда, ошондой эле

математикалык формулаларда сандар - бүтүн жана анык сандарга

бөлүнгөн, Алар турактуу сандар. Турактуу бүтүн сандарды жазуу кыйын

эмес. Мисалы: 14, -2476, +2934214.

Анык сандардын маанилери: бүтүн, бөлчөк, аралаш сандар болушу

мүмкүн. Анык турактууларды 2 түрдө: чекити бекилген формада (кадимки

формада) же чекити калкыган формада жазууга болот.

Бүтүн бөлүгү бөлчөк бөлүгүнөн ондук чекит аркылуу бөлүнүп жазылган

турактуу сандарды чекити бекилген формада жазылды деп айтса болот.

Мисалы: 3,14 туруктуу саны мындайча жазылат 3,14. Кээ бир таблицалык

процессорлордо (мисалы Excel) ондук чукиттин ордуна үтүр колдонулат.

Чекити калкып жүргөн формадагы сандык канстантта мантиссасы

ондук ирээтке барабар даражасына көбөйтүлгөндөй түшүндүрүлөт.

Электрондук таблицага турактуу сандарды чекити калкыган формада

жазууда биринчи - мантисса, анын-латын тамгасы Е(чоң же кичине тамга),

андан кийин ирээти жазылат. Мисалы. 4,6х түрүндө жазылган сандын

4,6-мантисса, ал эми даража көрсөткүч болгон 7 ирээти болуп саналат.

Мантисса бүтүн турактуу же чекити бекилген турактуу болот, ал эми ирээти

бүтүн жана турактуу болушу мүмкүн. Ирээти чекиттин мантиссада канча

позицияга жана кандай багытта жыла турганын көрсөтөт. Мисалы:4,6х

деген жазылыш электрондук таблицада 4,6 ; ал эми 4х 4е-2 деп

жазылат.

Формулалар. Бул берилиштер сөзсүз түрдө (=) белгиси менен

башталып жазылат. Терезенин формулалар сапчасында дайыма формула өзү

көрсөтүлсө, уячада эсептин жыйынтыгы чагылдырылып турат.

Page 66: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

66

Формулалар өтө так аныкталган эрежелер боюнча жазылат. Аларды

түшүнүү кыйын деле эмес. Формулалар сандарды, уячалардын

аталыштарын, операциялардын белгилерин, тегерек кашааларды

функциялардын аталыштарынын камтыйт. Операциялар төмөндөгүдөй

белгилер менен көрсөтүлөт:

+кошуу; -кемитүү; *көбөйтүү; /бөлүү; ^даражага көтөрүү.

Бардык формула бир сапта жазылат, символдор биринен кийин бири

ырааттуу тизилип, операциялардын белгилери эрежеси менен жазылат.

Математикалык туюнтмалардын маанисин түшүнүү кыйын деле эмес.

Алгач кашаанын ичиндеги операциялар аткарылат. Ал эми кашаа жок болсо

операциялардын ырааты алардын улуктук тартиби боюнча эсептелинет,

башкача айтканда ^ даражага көтөрүү; * көбөйтүү; / бөлүү; + кошуу;

- кемитүү. Эгерде улуктугу бирдей операциялардын бир нечеси, катары

менен жазылып турса анда алар формулада кандай ирээтте жазылса, ошол

эле (солдон оңго) тартипте аткарылат.

Мисалы, таблицадагы D7/2+F9/6 формуласына математикалык +

жазылышы туура келет.

Формулаларда математикалык функцияларды да колдонсо болот.

Мисалы, математикалык туюнтмасы, SQRT(A7+B8) деп жазылат.

Бул формуладагы SQRT- «квадраттык тамыр» функциясынан аты болсо

анын аргументтери кашаага алынып жазылды.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Электрондук таблицага кандай түрдөгү маалыматтарды киргизсе

болот?

2. Уячага текстти кантип киргизет?

3. Эсептөө үчүн таблицаны кантип алдын ала даярдаса болот?

4. Төмөндөгү математикалык операциялар кандай ыраатта аткарылат

жана электрондук таблицанын уячасына кандай жазылышта

киргизилет?

а)A44+D12/3; б) F24*J6/K66^2+R14; в) G5+L5-K9+H76;

5. D2 уячасынын 8% эсептеп чыгар

Page 67: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

67

A B C D

1 Товардын

аты

Саны Баасы 8%

2 Блокнот 450 15 ?

9.3. Фрагменттер менен иштөө, салыштырмалуу даректөө. Иш

графикасы

Таблицалык процессорлор уячалардын фрагмент деп аталган

бүтүндөй тобу менен кээ бир эсептөөлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет.

Фрагмент (блок, диапазон) - таблицанын төрт бурчтуу (саптын

бөлүгү, мамычанын бөлүгү же бир уяча) ар кандай бөлүгү.

Фрагмент көбүнчө үстүӊкү сол жагынын жана астыӊкы оӊ жагынын

уячаларынын аталыштары менен белгиленет жана алардын ортосу кош

чекит менен бөлүнөт. Мисалы 9.3-таблицада эсептелүүчү уячалардан

турган фрагмент төмөнкүдөй болуп белгиленет: F1:F5. Таблицанын бир

клеткасы эӊ кичине фрагмент болуп саналат.

A B C D E F

1 Ф.А.А. Зач

китеп-н

Модуль

1

Модуль

2

Модуль

3

Орточо

балл

2 Асанова

А.А.

20141507 24 25 20 23

3 Каримова

Т.Б.

20141508 22 22 25 23

4 Эмиров

Д.А.

20141509 25 23 24 24

5 Керималиев

С.С.

20141510 25 24 23 24

Page 68: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

68

Ар бир таблицалык процессордо фрагменттерге колдонулуучу функ-

циялардын тобу бар. Булар фрагменттерге кирген сандарды суммалоо,

орточо маанисин эсептөө, эӊ, чоӊ жана эӊ кичине маанилерин табуу ж. б.

Булар статистикалык функциялар деп аталат. Таблицалык процессорлор

электрондук таблицанын фрагменттери менен көптөгөн ар кыл

операцияларды аткарууга (манипуляциялоого) мүмкүндүк берет. Аларга

төмөнкүлөр кирет: очүрүү, коюу, көчүрүү, которуу, таблицанын

фрагменттерин иргөө. Бул операциялар таблицалык процессорлордун

командаларынын жардамы менен аткарылат. Адатта бул командаларды

колдонуучу командалар менюсунан тандап алат.

Манипуляциялардан кийин эсептөө формулалары туура эместей

болушу мумкун, анткени жаны уячага которулганда дареги өзгөрүлүп

жатпайбы. Электрондук таблицада мындай болбошу үчүн салыштыр-

малуу даректөө принциби колдонулат.

Салыштырмалуу даректөө принциби боюнча уячалардын формулалар

колдонулган даректери формулалардын жайгашкан ордуна абсолюттук

эмес, салыштырмалуу аныкталат.

Бул принциптен төмөнкү эреже келип чыгат:

Формулалар жайгашкан орундун ар кандай өзгөрүшү бул формула-

лардын уячаларынын даректеринин автоматтык түрдө өзгөрүшүнө алып

келет.

Маалыматтардын график түрүндө иштетилиши

Электрондук таблицанын эӊ сонун бир мүмкүнчүлүгү бул таблицадагы

сандык маалыматтарды график түрүндө көрсөтүү болуп эсептелет. Ал үчүн

таблицалык процессордун атайын графиктик режими бар. Графиктерде

сандык көзкарандылыктар көрсөтмөлүүлүктү берет.

Таблицалык процессордо диаграммалардын жана графиктердин

түрдүү формалары менен иштесе болот. Төмөнкү сүрөттөрдө диаг-

раммалардын эки түрү көрсөтүлгөн: ?-сүрөттө тегерек диаграмма жана ?-

сүрөттө мамыча түрүндөгү диаграмма берилген. Бул диаграммалар үчүн

баштапкы маалыматтар А2:А5, C2:C5, D2:D5 жана график түрүндөгү

Page 69: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

69

диаграммада F2:F5 чакмактарынын бирдей диапазондорунан алынды.

Биринчи диапазон студенттин аты жөнү тууралуу маалымат берсе, ал эми

калгандары студенттин окуудагы жетишүүсүн маалымдайт.

9.1-сүрөт

9.2-сүрөт

Суроолор жана тапшырмалар

1. Фрагмент деген эмне? Ал кантип белгиленет?

2. Бүтүн фрагмент менен кандай эсептөөлөрдү аткарууга мүмкүн?

3. Таблицаларды манипуляциялоо деген эмнени түшүндүрөт?

4. Салыштырмалуу даректөө принциби деген эмне? Ал кандай

учурларда пайда болот?

5. D2 уячасында $A$2*C2 формуласы жазылган. Бул формуланы

төмөнкү уячага которгондо кандай өзгөрүлөт:

а) A2*C2; б) $A$2*C3; в) $A$2*$C$3$; г)A2*C3;

6. Е4 уячасында CУMM(A4:D4) формуласы берилген. Эгер:

a) 2-сап өчүрүлсө;

Page 70: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

70

b) 4-сап өчүрүлсө;

c) 1-саптын мааниси жок болуп калса;

d) 2-мамычаны алып салсак;

e) 6-мамычанын алдына бош мамыча коюлса,

формула кандай өзгөрүлөт.

7. «Электр энергиясына акы төлөө» аттуу таблицанын

негизинде, бир жылдын ичиндеги электр энергиясынын ар

бир айдагы сарпталышын көрсөтүп турган диаграмма

түзгүлө.

X БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫ ИЗДӨӨ, ИРГӨӨ ЖАНА САКТОО

ТЕХНОЛОГИЯСЫ

10.1. Негизги түшүнүктөр

Маалымдар базасы деген эмне?

Маалымдар базасы (МБ) - кандайдыр бир тема боюнча белгилүү

тартипте уюштурулган маалыматтын жыйындысы (кайсы бир

предметтин чегинде).

Мисалы:

1) китепкананын китеп фондусунун маалымдар базасы;

2) окуу жайынын кадрлар курамынын маалымдар базасы;

3) эмгек укугу боюнча мыйзамдардын маалымдар базасы;

4) кыргыз эстрада ырларынын маалымдар базасы.

Албетте, бул маалыматтардын бардыгын кагазда деле сактаса болот

(мисалы, китепкананын китептеринин каталогу). Бирок маалымдар базасын

сактоонун, иштетүүунүн азыркы учурдагы каражаты болуп, албетте,

компьютер эсептелет. Мындан ары биз компьютердик МБ тууралуу гана

кеп кылабыз.

Page 71: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

71

Маалымдар базалары фактографиялык жана документтүү гана болушат.

Фактографиялык маалымдар базаларында сүрөттөп көрсөтүлүүчү

объекттер тууралуу атайын белгиленген форматта гана берилген

кыскача маалыматтар сакталат. Жогоруда келтирилген мисалдардын

ичинен биринчи экөө фактографиялык түрдө уюштурулат. Китепкананын

маалымдар базасында ар бир китеп тууралуу библиографиялык

маалыматтар сакталат: басылган жылы, автору, аталышы ж. б. Албетте,

китептеги тексттер аларда камтылбайт. Ал эми окуу жайынын кадрлар

бөлүмүнүн маалымдар базасында кызматкерлердин анкеталык

маалыматтары сакталат: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жери жана

жылы.

Үчүнчү жана төртүнчү мисалдардагы маалым базалары документтик

түрдө уюштурулат. Алардын бири мыйзамдардын тексттерин камтыса,

экинчисинде ырлардын тексттери жана ноталары, композиторлордун,

акындардын, аткаруучулардын өмүр баяндары жана чыгармачылыктары

тууралуу маалымат, үн жазмалары жана видеоклиптер сакталат. Демек,

документтик маалымдар базалары ар кандай типтеги тексттик,

графиктик,үндүк жана мулътимедиялык маалымдарды сактайт.

Маалымат технологиялары фактографиялык жана документтик

маалымдар базаларынын ортосундагы айырмачылыкты азайтууда. Бүгүнкү

күндө каалаган документти (тексттик, графиктик, үндүк) фактографиялык

маалымдар базасына оной эле бириктирүүчү каражаттар пайда болгон.

Маалымдар базасы колдонуучунун маалымат издөө жана иштетүү

талаптарын өзү аткара албайт. МБ - бул жөн гана «маалымдар кампа-

сы». Колдонуучуну тейлөөнү маалымдар системасы иш жүзүнө ашырат.

Маалымат системасы - бул маалымдар базаларын сактоо, издөө,

өзгөртүп түзүү жана колдонуучу менен өзара аракеттенүү үчүн

маалымдар базаларынын жана бүткүл аппараттык-программалык

каражаттардын комплексинин жыйындысы.

Маалымат системаларынын мисалы катары мейманканалардагы

компьютердик брондоо системаларынын программалары, жүргүнчөлөр

поездине жана самолетторуна белеттерди сатуунун компьютердик

системалары эсептелет. Интернет да глобалдык маалымат системасына

кирет.

Page 72: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

72

Мындан ары биз фактографиялык МБ туурасында гана сөз кылабыз.

Жогоруда берилген аныктамага ылайык компьютердик маалымдар

базаларына тагыраак аныктама бере кетели.

Маалымдар базасы - бул ЭЭМдин сырткы эс тутумунда узак убакыт

сактоого жана дайыма колдонууга арналган маалымдардын уюштурулган

жыйындысы.

Маалымдар базасын сактоо үчүн бир же өз ара байланышкан бир

нече компьютерлерди колдонсо болот.

Эгерде бир маалымдар базасынын түрдүү бөлүктөрү өзара тармак

аркылуу байланышкан көптөгөн компьютерлерде сакталса, анда мын-

дай МБ бөлүштүрүлгөн маалымдар базасы деп аталат.

Интернеттеги WWW желеси аркылуу бириктирилген маалымдарды

бөлүштүрүлгөн маалымдар базасы катары кароого болот. Бөлүш-

түрүлгөн МБ локалдык түйүндөрдө да түзүлөт.

10.2. Реляциялык маалымдар базасы

Маалымдар базаларында маалыматтар ар кандай тартипте түзүлүшү

мүмкүн. Таблицалык ыкма көбүрөөк колдонулат.

Таблицалык формада түзүлгөн маалымдар базасы реляциялык МБ деп

аталат.

Алардын артыкчылыгы эмнеде?

Таблицалардын эӊ башкы артыкчылыгы - алардын түшүнүктүүлүгүндө.

Таблицалык маалыматтар менен биз жашообузда чынында көп эле

кездешебиз. Мисалы, мектеп окуучуларынын күндөлүгү, зачеттук

китепченин баракчалары, группалык журналдардын бетин карап көргүлөчү,

анын ичиндеги таблица түрүндө коюлган баалар, үйгө берилген

тапшырмалар, өтүлгөн сабактардын темалары таблицаларга толтурулат.

Спорттук мелдештердеги маалыматтар дагы таблица түрүндө көрсөтүлөт

ж.б.дагы толгон мисалдарды келтирсе болот.

Page 73: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

73

Таблицалар менен иштегенге биз аябай көнүп алгандыктан, алар менен

кантип иштөө керек экендигин түшүндүрүүнуүн кажети жок.

Реляциялык маалымдар базаларында таблицанын саптары жазуу деп, ал

эми мамычасы - талаа деп аталат. Аны төмөндөгүчө көрсөтсө болот:

10.1-сүрөт. Реляциялык маалымдар базасы

Бир жазуу таблицада модели берилген реалдуу системанын бир объекти

тууралуу маалымат берет.

Мисалы, үй-бүлөлүк китепкана - бул китептердин жыйындысы. Демек,

мындай системанын өзүнчө объектиси - бул китеп жана «Үй-бүлөлүк

китепкана» маалымдар базасындагы бир жазуу - бул китепканадагы бир

китеп жөнүндө маалымат. Талаа - объектинин ар кандай мүнөздөмөлөрү

(атрибуттары). Бир саптагы талаалардын маанилери бир гана объектке

тиешелүү болот.

Түрдүү талаалар аталыштары менен айырмаланышат. Ал эми түрдүү

жазуу бири-биринен эмнелери менен айырмаланышат? Жазуунун

ачкычтарынын маанилери менен айырмаланышат. Маалымдар

базаларындагы башкы ачкычтар болуп түрдүү жазуулардын маанилери

кайталанбаган талаа (же талаалардын жыйындысы) аталат. «Үй-бүлөлүк

китепкана» маалымдар базасында ар кандай көптөгөн китептердин автору

бир эле адам болушу мүмкүн, китептердин ата- лыштары, басылып чыккан

жылы, коюлган текчелери дал келип ка- лышы да мүмкүн. Бирок, ар бир

китептин өзүнүн инвентардык номуру бар (НОМУР талаасы). Мына ушул

талаа бул маалымдар базасындагы жазуулар үчүн башкы ачкыч болуп

эсептелет. Дагы бир мисал, «Аба ырайы» маалымдар базасында KYH

талаасы башкы ачкыч болот, себеби, түрдүү жазууларда анын маанилери

кайталанбайт.

1-талаа 2-талаа 3-талаа 4-талаа 5-талаа

1-жазуу

2-жазуу

3-жазуу

Page 74: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

74

Бардык эле учурда бир талааны негизги ачкыч катары пайдалануу

мүмкүн эмес. Мисал катары, Чүй облусундагы орто мектептер туурасында

маалыматтар төмөндөгүчө көрсөтүлсүн дейли:

Мындай таблицада ар кандай жазууда бир мезгилде эки талаа -

ШААР жана МЕКТЕПТИН НОМУРУ туура келбей калышы мүмкүн.

Бул эки талаа биригип, курамдуу ачкычты түзөт: ШААР -

МЕКТЕПТИН НОМУРУ. Курамдуу ачкыч эки талаадан да көбүрөөк

болушу мүмкүн.

Ар бир талаа менен дагы бир маанилүү касиет - талаанын тиби

байланышкан.

Тип - түрдүү жазууларда берилген талаа кабыл алуучу маанилердин

көптүгүн аныктайт.

Реляциялык маалымдар базаларында талаанын негизги төрт тиби

колдонулат:

1) сандык; 2) символдук; 3) дата; 4) логикалык.

Маанилери сан гана болуучу талаалар сандык типке ээ боло алат.

Мисалы, «Аба ырайы» маалымдар базасында сандык типтеги үч талаа

бар: ТЕМПЕРАТУРА, БАСЫМ, НЫМДУУЛУК.

Символдук ырааттуулуктар (сөздөр, тексттер, коддор ж.б.) сакталган

талаалар символдук типке ээ болушат. Символдук талаалардын мисалдары:

«Үй-бүлөлүк китепкана» маалымдар базасында АВТОР жана АТАЛЫШЫ

талаалары; «Мектептер» маалымдар базасында ТЕЛЕФОН талаасы.

«Дата» тибине календардагы «күн/ай/жыл» формасында камтыган

талаалар кирет.

10.1-таблица. Мектептер

Шаар Мектепти

н номуру

Деректири Адреси Телефону

Кант 1 Каримов Б. Пушкин, 5 12-35

Токмок 1 Баетов А. Чуй, 14 4-23-11

Бишкек 69 Атаева С.А. Фатьянов, 10 500943

Page 75: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

75

Логикалык тип эки маанини гана кабыл алуучу талаага туура келет:

«ооба» — «жок», же «чындык» - «жалган», же (англис тилинде) «true»—

«false».

Ошентип, талаалардын маанилери - бул белгилүү типтердеги айрым

чоңдуктар.

Чоңдуктар менен жүргүзүлүүчү аракеттер алардын типтерине

байланыштуу болот.

Мисалы, сандык чондуктар менен арифметикалык операцияларды

аткарса болот да, ал эми символдук жана логикалык чоӊдуктар менен

аткарууга болбойт.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Маалымдар базасы деген эмне?

2. Фактографиялык жана документтик маалымдар базалары эмнелери

менен айырмаланат?

3. Бөлүшүрүлгөн МБ деген эмне?

4. Маалымат системасы деген эмне? Маалымат системаларына

мисалдарды келтиргиле.

5. Реляциялык МБ деген эмне?

6. Жазуунун башкы ачкычы деген эмне? Ачкычтардын кандай түрлөрү

болот?

7. Төмөнкү түшүнүктөрдү аныктагыла: талаанын аталышы, талаанын

мааниси, талаанын тиби. Талаалардын типтери кандай болот? Ар бир

тип эмнени билдирет?

8. Таблица түзүп, анын талааларынын бардык типтерин аныктагыла

Page 76: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

76

10.3. Маалымдар базасынын башкаруу системасы

Мурда айтылгандай бардык жумуштарды компьютер программалардын

башкаруусу менен аткарат. Демек, маалымдар базалары менен иштөө үчүн

да атайын программалык камсыздоо талап кылынат. Мындай

программалык камсыздоо маалымдар базаларын башкаруу системасы

(кыскача МББС) деп аталат.

Маалымдар базалары менен иштөөгө арналган программалык

камсыздоо маалымдар базаларын башкаруу системасы (МББС) деп

аталат.

Реляциялык маалымдар базалары менен иштеген системалар

реляциялык МББС деп аталышат. Персоналдык компьютерлерге түзүлгөн

МББСтердин көпчүлүгү реляциялык болуп саналат.

Маалымдар базаларын башкаруу системасы компьютердин экранында

колдонуучунун иштеши үчүн атайын нейрону (колдонуучунун

интерфейсин) түзөт. Мындан тышкары МББСтин белгилүү иштөө

режимдери жана командалар системасы болот. Командалар системасы

менен улам акырындап түрдүү маселелерди чечүү учурунда

таанышасыӊар.

МББСтин жардамы менен таблицаларды түзүп, аларды магниттик

дисктерде файл түрүндө сактаса болот.

Персоналдык компьютерлерде колдонулуучу көпчүлүк реляциялык

МББСтер үчүн төмөндөгүдөй эреже кабыл алынган: ар бир таблица өзүнчө

файлга сакталат. Ар бир файл өзүнчө аталышка ээ болот. Эгер силер

өзүңөр таблица түзүп, аны файлда сактасаӊар анда файлга өзүңөр ат

беришиңер керек. Эгер мурунтан даярдалган таблица менен иштегиңер

келсе (мисалы, мугалим сабакка даярдаган), анда силер ал таблица файлда

кандай аталыш менен, кайсы дискте жана кайсы каталогдо сакталгандыгын

билишиӊер зарыл.

Мурдатан даярдалып коюлган маалымдар базалары менен иштөөнү

баштоо үчүн таблицада сакталган файлды ачуу керек. Бул файлды ачуу

командасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Негизи маалымдар базалары менен иштөөгө атайын офистик

программа MS Access колдонулат. Баардык эле офистик программалар

Page 77: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

77

сыяктуу Accessте иштөө мүмкүнчүлүктөрү улам заман талабына ылайык

өгөрүлүп, жаӊыланып турат.

Accessтин күчтүү каражаты болуп, анын обьектилерин иштеп чыгуучу

каражаты – мастерлер эсептелет. Мастерлердин жардамы менен

Accessтин обьектилери болгон

Таблицалар (бул обьектилерде берилиштер сакталып, даядалат),

Запростор (бул маалымдар базаларынан тандалып алынган,

колдонуучуну кызыктырган кабарларды камтыган таблица болуп

эсептелет),

Формалар (даяр болгон таблицаларда иш алып барууга боло турган

терезе),

Отчеттор(бул жерде бир гана даяр таблицаны печатка бере аласыз,

берилиштерди оӊоп түзөө мүмкүн эмес),

Макростор(жумушту толугу менен автоматташтырууга арналган

обьекттер)

Модульдар(Visual Basic тилинде жазылган процедуралар. Access

программасынын негизи ушул тилде жазылган) түзүлөт.

MS Accessте маалымдар базасын 2 жол менен түзүүгө болот. Бош

маалымдар базасын түзүп анан ага таблица, форма, отчет ж.б.

обьектилерди кошуп койсо болот. Мындай ыкма менен иштөө үчүн ар бир

маалыматка жоопкерчиликтүү мамиле жасап таблицаларды толтуруу

керек. Кийинки ыкма, мастердин жардамы менен иш алып баруу болуп

эсептелет. Бул ыкма жөнөкөй ыкма, себеби иштин баарын даяр турган

мастердин жардамы менен аткарылат да.

Каалагандай файл же Accessтин каалаган бир обьектиси ачылгандан

кийин таблица менен иш жүргүзүлөт. Булар дагы саптардан жана

мамычалардан турат. Демек таблица менен иш алып баруунун дагы бир

сонун мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Жогорудагы айтылгандарды

жыйынтыктасак, таблицалар менен төмөнкү аракеттерди аткарууга мүмкүн:

жаӊы жазууларды кошууга;

кереги жок жазууларды өчүрүүгө;

талаалардын маанилерин өзгөртүүгө;

таблицалардын структураларын өзгөртүүгө: талааларды кошуу жана

өчүрүү;

Page 78: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

78

саптарды кандайдыр бир тартип боюнча иргөөгө, мисалы,

авторлордун фамилияларын алфавиттик тартипте иргөө;

маалымат (справка) алууга, б. а. суроолорго жооп алууга.

Маалымдар базасын түзүүнүн эӊ негизги максаты акыркы пунктта

берилгендей - маалым алуу үчүн экендиги айкын.

Аткарылган команданын натыйжасы таблица түрүндө экранга чыгат.

Маалымдар базаларындагы маалымат тез-тез өзгөртүүлөргө дуушар болуп

турат.

Көп учурларда таблицадагы жазуулар кандайдыр бир принцип менен

тартипке салынган болот. Мисалы, телефон маалымнаамаларында

абоненттердин фамилияларынын алфавиттик тартиби боюнча, поезддердин

жүрүү расписаниесинде - поезддердин жөнөө убактысы боюнча, футболдук

чемпионаттын таблицасында - командалар ээлеп турган орундардын

номурунун өсүшү боюнча жайгаштырылат.

Таблицадагы жазууларды тартипке салуу процесси иргөө деп аталат.

Иргөө командасында төмөндөгүдөй маалымат көрсөтүлүшү керек:

a) кайсы талаанын мааниси боюнча иргөө жүргүзүү керек;

b) жазууларды кандай тартипте иргөө керек (талаанын маанилеринин

өсүү же кемүү тартиби боюнча);

c) иргелген таблицаны кайсы файлда сактоо керек.

Көп учурларда бир нече талаанын маанилери боюнча иргелген

сапчалары бар таблицаларды жолуктурууга болот. Мисалы, «Китепкана»

маалымдар базасында бир эле автордун китептери аталыштары боюнча

алфавиттик тартипте иргелишин кааласак, бул жерде иргөөнүн эки ачкычы

көрсөтүлгөн: АВТОРУ талаасы биринчи ачкычы, АТАЛЫШЫ талаасы

экинчи ачкыч болот. Алгач жазуулар биринчи (АВТОРУ) маанилеринин

өсүү тартиби боюнча иргелет, андан кийин биринчи ачкычтын бирдей

маанидеги жазылыштары экинчи ачкычтын (АТАЛЫШЫ) маанилери

боюнча иргелет.

Page 79: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

79

Суроолор жана тапшырмалар

1. МББСтин кыскарбаган айтылышы кандай болот?

2. Программалык камсыздоонун бул түрү кандай иштерди аткарат?

3. Кандай МББСтер реляциялык деп аталат?

4. Реляциялык МББСтин жардамы менен түзүлгөн таблицалар кайсы

түзүлүштө, кандай формада сакталат?

5. Электрондук таблица менен реляциялык маалымдар базасынын

таблицасынын айырмасы кандай?

6. Маалымдар базаларын иргөө деген эмне?

7. «Үй-бүлөлүк китепкана» маалымдар базасында төмөнкү аракеттерди

ишке ашыруу үчүн берилүүчү командаларды жазгыла:

8. Автору жана Аталышы ачкычтары менен маалымдар базасын иргөө;

9. «Үй-бүлөлүк китепкана» маалымдар базасынан 5-текчедеги жана

1990-жылга чейин чыгарылган китептер тууралуу бардык

жазылыштарды өчүрүү;

10. Маалымдар базасына К. Баялиновдун 1997-жылы басмадан чыккан

«Ажар» деген китеби жөнүндө маалыматтарды кошуу. Ал 2-текчеде

турат.

10.2-таблица. Авторлордун фамилияларынын алфавиттик тартиби боюнча иргелген

«Үй-бүлөлүк китепкана»

НОМУРУ АВТОРУ АТАЛЫШЫ ЖЫЛЫ ТЕКЧЕСИ

0002 Айтматов Ч. Жамийля 1987 7

0007 Айтматов Ч. Тандалмалар 1990 1

0008 Айтматов Ч. Кассандра

тамгасы

1994 7

0003 Баялинов К. Ажар 1982 1

0001 Беляев А. Адам-амфибия 1971 5

0006 Касымбеков Т. Сынган кылыч 1979 1

0004 Сименон Ж. Трубка Мегре 1987 5

0005 Толстой Л.Н. Повесттер жана

ангемелер

1986 5

Page 80: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

80

ТЕРМИНДЕРДИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ

А

Абоненттин терминалы - маалыматты кабыл алуу, берүү үчүн абонент

колдонуучу персоналдык компьютер.

Автоматтык долбоорлоо системасы (АДС) - чиймелерди,

экономикалык жана техникалык эсептөөлөрдү, конструктордук

жумуштардын иш кагаздарын түзүүнүн компьютердик технологиясы.

Автар – көчүп жүрүүчү кичинекей сүрөттөлүш, бул виртуалдык

дүйнөдө компьютерди пайдалануучуну элестетет.

Ада Лавлейс - биринчи программист аял. Ч.Бэббидждин машинасына

программа түзүп иштеткен.

Аймактын аты – URL-даректин бет же сайт сакталган башкы(хост)

компьютерди кайсы уюм кармап тургандыгын аныктоочу бөлүгү.

Алгачкы код – айрым Web-бетти түзүүчү HTML-код.

Алгоритм (аныктамасы) - баштапкы маалыматтардан изделүүчү

натыйжага алып келүүчү командалардын чектелген ырааттуулугун аткаруу

үчүн колдонуучуга арналган командалардын так жана түшүнүктүү

жыйындысы.

Алгоритми тили (окутууга арналган) - кыргыз тилиндеги кызматчы

сөздөрдү колдонуп, алгоритмди вербалдык жол менен сыпаттоочу тил.

Алгоритмдин дискреттүүлүтү - алгоритмдин касиети. Бул касиетке

ылайык алдыга коюлган маселени чечүү процесси өз-өзүнчө аткарыла

турган кадамдардын ырааттуулугу болуп эсептелет.

Алгоритмдин натыйжалуулугу (же жыйынтыктуулугу) - алгоритмдин

аткарылышы белгилүү кадамдардан кийин аягына чыгуусу менен натыйжа

алынышы керек.

Алгоритмдин тактыгы - алгоритмдин бул касиети боюнча алгоритмдин

ар бир командасы аткаруучунун бир гана так аракетин аныкташы керек.

Алгоритмдин түшүнүктүүлуүгү - алгоритмдин касиети. Алгоритмдин

бул касиетине ылайык конкреттүү аткаруучу үчүн түзүлгөн алгоритм,

Page 81: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

81

аткаруучунун командалар системасына кирген командаларды гана кучагына

алууга тийиш.

Алгоритмди удаалаш деталдаштыруу - адегенде программалоонун

негизги алгоритми жазылып, андан кийин ошол алгоритмдин

структурасындагы процедуралары, камтылган программалары сыпатталып

жазылуучу метод.

Алмашуу буфери - тиркемелер арасында маалымат көчүрүүнү

уюштурууга арналган Windows системасы резерв кылуучу ыкчам эс тутум

аймагы.

Алып өтүү - чычкандын сол баскычын басып, коё бербестен,

объекттерди (файлдарды, папкаларды) бир жерден башка жерге которуу.

Аналогдук байланыш — байланыш учурунда тармак боюнча берилип

жаткан маалымат үзгүлтүксүз электр сигналдары формасында берилет.

Аналогдук сигналдар – телефон зымдарын бойлоп «саякат» жасоочу

толкундар.

Анимация - мультипликация эффектин түзүү максатында экрандагы

объекттердин түрүн, формасын, өлчөмүн же өз ара жайгашуусун өзгөртүү.

Аппараттык каражаттар – компьютер же тармактардын материалдык

бөлүгү.

Апплет (Applet) – Java программалоо тилинде жазылган кичинекей

программа.

Араб сандары - ондук позициялык эсептөө системасы. Биздин эранын V

кылымында Индияда пайда болгон. Компьютердик маалыматты

чагылдыруу үчүн экилик, сегиздик, он алтылык эсептөө системалары

колдонулат.

Архивдөө - дисктеги маалымдардын көчүрмөсүн түзүү. Бул аракеттер

системасынын атайын ылайыкталган программалары аркылуу ишке ашат.

Маалымдарды кошумча көчүрүү ар кандай жоготуулардан сактайт жана

файлдардын дисктеги алгачкы көлөмүнөн алда канча кичине өлчөмгө келет.

Архиваторлор - архивдик көчүрмөлөрдү түзүү үчүн атайын иштелип

чыккан программалар.

Аспаптар панели - башкаруу элементи. Командалардын аткарылышын

камсыз кылуучу панелдеги баскычтар. Дайыма колдонулуучу

Page 82: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

82

командаларды аткарууда ынгайлуулукту түзөт (баскычтар белгилүү

командалар үчүн арналып, аларды басуу менен командалар аткарылат).

Аткаруучунун командалар системасы (АКС) - аткаруучу жүзөгө

ашыра турган конкреттүү командалардын тизмеги.

Аткаруучунун чөйрөсү - аткаруучу аракеттенүүучү чөйрө.

Ачкыч сөз – табууну сиз издөөчү машинадан сурай турган ар кандай

сөз.

Ачылуучу тизмек - пикир алуу терезесинин башкаруу элементи. Ушул

учурда тандалган пунктту камтыйт, бирок тандоонун башка варианттарын

да көрүүгөө жана пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Б

Байт - 8 бит. Ошондой эле электрондук эс тутумду жана маалыматты

өлчөөнүн минималдык бирдиги катары каралат.

Байкоо жүргүзүү – постингсиз жаӊылыктар тобунун ар кандай

маалыматтарын окуу.

Басуучу станок - китептерди массалык түрдө чыгаруунун биринчи

каражаты. XV кылымдын орто ченинде Иоганн Гуттенберг ойлоп тапкан.

Башкаруу - башкаруучу болгон объектилердин башкарылуучу экинчи

бир объектилерге максатка багытталган, таасирин тийгизүүсү.

Башкаруунун автоматташтырылган системалары (БАС) -

маалыматтык коммуникациялык технологиянын (MKT) базасында

башкаруу чечимдерин кабыл алуунун системасы.

Башкаруу алгоритми - алдыга коюлган максатка жетүүгө алып келүүчү

башкаруунун командаларынын удаалаштыгы. Башкаруу системасынын маа-

лыматтык курамы.

Башкаруу алгоритминин структурасы - тескери байланышы жок

системаларда түз гана байланыш болушу мүмкүн. Ал эми тескери

байланышы бар системаларда циклдик жана бутактанган структура болушу

мүмкүн.

Башкаруу алгоритмин аткаруучу - башкаруунун объектиси.

Page 83: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

83

Баштапкы ачкыч - маалымдар базаларында түрдүү жазуулардын

маани- лери кайталанбаган талаа (же талаалардын жыйындысы).

Белгилерден турган модель - атайын белгилер менен, б. а. ар кандай

тил каражаттары менен берилген маалыматтык модель.

Билим берүүдөгү маалыматтык коммуникациялык технология

(MKT) - кеңири тараган каражаттар: электрондук китептер; Интернеттин

окуу ресурстары (билим берүү порталдары); аралыктан билим берүү.

Билимдин компьютердик базасы - белгилүү түрдө калыпташтырылган

жана ЭЭМдин эсине жайгаштырылган, конкреттүү предметтик чөйрөдөгү

билимдердин жыйнагы.

Бит - «ооба» жана «жок» деген логикалык маанини туюндуруучу жана

1 же 0 экилик сандары менен белгиленүүчуү маалыматтын эң кичине

бирдиги.

Бит/сек (секундадагы бит) – эки компьютердин ортосунда информация

берүү ылдамдыгынын чен бирдиги.

Блок-схема - алгоритмдин графикалык ыкма менен сыпатталып

көрсөтүлүшү. Анын айрым аракеттери (этаптары) ар кандай геометриялык

фигуралар (блоктор) менен, ал эми этаптар арасындагы байланыш бул

фигураларды бириктирген жебелердин жардамы менен көрсөтүлөт.

Борборлоштурулган маалымдар базасы - бир компьютерде гана

сакталган маалымдар базасы.

Браузер (кароо терезеси) – программалык камсыздоонун Web-беттерди

табуучу жана чагылдыруучу бөлүгү. Гипершилтемелердин жардамы менен

бир беттен башка беттерге өтүүгө мүмкүндүк берет.

Бутактануу (айрылыш) командасы — алгоритмдин аткарылышын

улантууда эки варианттын бири коюлган шарт боюнча тандап алуу менен

жалпы алгоритмдин аткарылышына жетүү.

Бүткүл дүйнөлүк Тармак; Тармак (World Wide Web) – Интернеттин

жардамы менен алууга мүмкүн болгон бүт маалыматтын жыйындысы.

Маалымат гипершилтемелер аркылуу бириктирилген Web-беттерге

бөлүнгөн.

Бэббидждин «аналитикалык машинасы» - программанын жардамы

менен башкарылуучу эсептөөчү машинанын биринчи долбоору. XIX

кылымдын орто ченинде Чарльз Бэббидж иштеп чыккан.

Page 84: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

84

В

Вербалдык модель - суйлөшүү же ой формасындагы маалымат модели.

Видеоадаптер - монитордун экранында көрсөтүү үчүн маалыматты

даярдап жүзөгө ашыруучу түзүлүш. Кээ бир учурда «видеоадаптер» деген

терминдин ордуна «видеокарта» деген жөнөкөйлөтүлгөн варианты

колдонулат.

Видеоконференция – кимдир бирөө менен Тармак аркылуу бири-бирин

көрүп туруп сүйлөшүү.

Вирус - «көбөйгөнгө» жөндөмдүү жана башка программаларга

«жүгүзүлүүчү» атайын жасалган компьютердик программа.

Вирус чабуулу - вирус жуккан системаларды бузуу үчүн активдүү

аракеттердин стадиясы.

Г

Геомаалыматтык системалар (ГМС) - Жерлердин (райондун,

шаардын, мамлекеттин) географиялык картага байланыштырылган

маалымдарын сактоонун, 6epүүнү жана иштетүүнүн технологиялары.

Гипермедиа - мультимедиа документтеринин ортосундагы

гипербайланыштардын системасы.

Гипертекст - тексттик маалыматты уюштуруунун ыкмасы. Анда

маалыматтын ичинде анын ар түрлүү фрагменттеринин ортосунда мааниси

боюнча байланыш түзүлгөн болот.

Гипершилтеме, гипертексттик шилтеме (шилтеме) - адатта өӊү менен

айырмаланып жана алды сызылуучу Web-бетинин элементи.

Глобалдык компьютердик тармак (телекоммуникациялык тармак) -

глобалдык тармактар өздөрүнө көптөгөн локалдык тармактарды, ошондой

эле локалдык тармактарга кирбеген өзунчө компьютерлерди бириктирет.

Глобалдык тармактардын масштабдары чектелбейт. Белгилүү аймактан

баштап бүткүл дүйнөнү камтыйт.

Графикалык модель - реалдуу объекттин сырткы белгилеринин

элестетилиши.

Page 85: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

85

Графикалык компьютердик модель - маалыматтык моделди графика

каражаттарынын жардамы менен берүү.

Графикалык редактор (ГР) - сүрөттөлүштөрдү тартуучу колдонмо

программа. Графикалык редактордун каражаттары менен түзүлгөн сүрөт,

экранда тартылат, андан кийин файлда сакталышы мүмкүн. Бардык

графикалык редактордун чөйрөсү жумушчу талаасын, аспаптардын

менюсун, түстөрдүн менюсун; файлдар менен иштей турган командалардын

менюсун, сүрөттү басып чыгаруу сыяктуу ж.б. операцияларды камтыйт.

Графикалык схема - алгоритмдин көрсөтмөлүү графикалык

сүрөттөлүшүн схема деп атайбыз. Анын айрым аракеттери ар кандай

геометриялык фигуралар менен, ал эми этаптар арасындагы байланыш бул

фигураларды бириктирген жебелердин жардамы менен көрсөтүлөт.

Д

Даректик шина - ыкчам эстеги дарекке кошууга арналган процессордун

жол көрсөтүүчүлөрүнүн тобу.

Дефрагментация - файлдарды диск мейкиндигинде үзгүлтүксүз

блоктордо сактоону камсыз кылуу максатында дисктин логикалык

структурасын жаңыртуу жана оптималдаштыруу процесси.

Дефрагментациядан кийин файлдарды окуу жана программаларды чегерүү

ылдамдайт.

Диалогдук (маек) терезеси - аракеттер системанын же тиркеменин

параметрлерин жөндөө үчүн колдонулуучу атайын терезе. Тиркеменин

терезеси нен менюнун сапчасынын жоктугу менен айырмаланат. Бир нече

кошумча баракта жайгашып, башкаруу элементинин тобун камтыйт.

Дискти кысуу - дискке жазыла турган маалыматты кысуу менен чоң

өлчөмдөгү маалыматты сыйдырууга шарт түзөт.

Дискти форматтоо - дискти атайын белгилөө жана ага кызматтык

маалымат жазуу. Дискке маалымат жазуунун алдындагы зарыл этап.

Дистрибутивдик комплект - компакт-дисктердин же ийилчек

дисктердин тобу түрүндө берилүүчү жана компьютерге тиркемелерди

орнотууга арналган баштапкы программалык пакет.

Page 86: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

86

Домендер - даректин чекиттер жана @ символу менен бөлүнгөн

бөлүктөрү. @ белгисинин алдында почтанын аты, @ он жагында

колдонуучунун почталык каталогу жайгашкан сервердин аты.

Драйвер - программалардын жана тиркемелердин жабдуулар менен

болгон өзара аракетин башкаруучу жардамчы программа. Мисалы, катуу

дисктин контроллерун же видеоадаптердин картасын орноштурууда

колдонулат.

Дүйнөдөгү биринчи ЭЭМ - ENIAC. 1945-жылы АКШда түзүлгөн.

Дюймга чекит (dpi) – сүрөттөлүштүн ачыктык деӊгээлин ченөө үчүн

сканердин жардамы менен компьютердик ченге айландырылган бирдик.

Ж

Жазуу - реляциялык маалымдар базасынын таблицасынын жолчосу.

Жазылуу – өз атын таратуу тизмесине киргизүү же жаңылыктар

группасына кошуу.

Жанылыктар группасы – кызыкчылыктары бирдей кишилер

маалыматтарын (постингдерин) «көрсөтүүгө» жана башкалардын

жоопторун көрүүгө мүмкүн болгон талаш-тартыш группасы.

Жардамчы алгоритм - негизги маселенин ичиндеги жана эреже катары

бир нече жолу кайталанып аткарылуучу камтылган маселе чыгарылуучу

алгоритм. Программалоо тилдеринде аларды камтылган программалар

(подпрограммалар) же процедуралар деп аташат.

Жашырылган файл - каталогдорду кадимки эрежелер менен ачканда

көрүнбөгөн файлдар. Көбүнчө тажрыйбасы аз колдонуучулар системалык

файлдарды жок кылып же бузуп албашы учун, ошондой эле атайылап

файлдарды жок кылуу же өзгөртүү мүмкуүндүгүн азайтуу максатында

колдонулат.

Жеткирүү каналы (Пуш канал) – Тармакта иштеп жатканда

маалыматты жыйноочу кароо терезеси. Маалыматты дайыма жекече алуу

үчүн мындай каналдан пайдалансаңыз болот.

Жойстик - адатта компьютердик оюндарга колдонулуучу компьютерди

башкаруу түзүлүш. Жойстик таянычтан, кыймылдуу туткадан жана бир

нече баскычтардан турат. Жойстиктердин аналогдук жана цифралык

Page 87: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

87

түрлөрү болот. IBM PC компьютерлери үчүн аналогдук жойстиктер

колдонулат.

Жөнгө салуу - башкарылуучу чондуктун мааниси менен анын берилген

маанисин туруктуу салыштыруучу тескери байланышы бар башкаруу.

Жөнгө салуунун максаты ар кандай жолтоолорго карабай бул чондуктарды

теӊдөө.

Жөнөкөй логикалык туюнтма - бир катыштан же логикалык типтеги

талаанын аталышынан турган туюнтма.

Жумушчу станция - бир колдонуучуга ылайыкталган жана тармакка

туташтырылган компьютер.

Жүктөө (Загрузить) – Web-беттен же программа тибиндеги файлды

компьютериӊизге көчүрүү.

Жумушчу столдун темасы - Windows (95, 98, 2000, ХР) аракеттер

системасындагы объекттерди берилген темага ылайык бирдиктүү стилде

сунуштоого арналган белгилерди, көрсөткүчтөрдү жасалгалоонун башка

элементтеринин жыйындысы.

И

Издөө жүргүзүү жолу - файлдын иерархиялык структурасында

каталогдордун жайгашкан ордун аныктап көрсөтүү, камтылган

катологдордун (папкалардын) ырааттуулугу. MS-DOS жана Windows

аракеттер системасында каталогдор «\» символу менен берилет. Локалдык

тармакта же Интернетте издөөнүн толук жолу, файл жайгашкан

компьютердин тармагындагы аталышын да камтышы мүмкүн. Интернетте

издөө жолундагы каталогдор «/» символу менен бөлүнөт.

Издөө жүргүзүүчү система — WWW керектүү документтерди тандоого

табууга мүмкүнчүлүк берүүчү программалык камсыздоо.

Издөө каталогу - маалыматтарды издөөнү жеңилдетүүгө арналган

атайын Web-түйүн. Издөө салуучу каталогдун маалымдар базасьшын

көлөмү автоматташтырылган издөө системасына салыштырмалуу азыраак

болот. Мында изделүүчү маалыматтар темалар боюнча ыраатталган болот.

Издөөчү машина – сиз көрсөткөн сөздөрдү камтыган Web-бетти

издөөчү программа.

Page 88: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

88

Издөөчуү система - тема боюнча негизги сөздөрдү кыскача берүү

аркылуу Интернеттен керектүү маалыматты издеп табууну

автоматташтырууга арналган Web-түйүн. Издөөчү индекс деп да аталат.

Ийилчээк диск - атайын капка салынган магниттик бети бар диск

түрүндө маалыматтын сырткы алып жүргүчү.

Информатика - маалыматтын структурасын жана жалпы касиеттерин,

ошондой эле маалыматты издөөгө, чогултууга, сактоого, иштетүүгө жана

адам ишмердигинин ар түрдүү чөйрөлөрүндө колдонууга байланышкан

маселелерди окуп-уйрөтүүчү илим.

Интерактивдүү бланк – Web-беттин сиз маалыматты Web аркылуу

жиберүү үчүн толтурууга мүкүн болгон бөлүгү.

Интернет - компьютерлер арасындагы байланышты камсыздоочу бүткүл

дүйнөлүк тармак.

Интернет телефон – сизге Интернет аркылуу телефон чалууга

мүмкүндүк берген система.

К

«Кайра жүктөө» («upload») – Тармакка башка келгендер да пайдалана

алсын үчүн файлды Тармак аркылуу бир компьютерден экинчиге көчүрүү.

Калыпташтыруу (формализация) - предметтин, кубулуштун,

процесстин ички структурасынын белгилүү маалыматтык структурага -

калыпка бөлүп көрсөтүү жана которуу процесси.

Камтылган программа (процедура) - программалоо тилдериндеги

камтылган программалар же процедуралар.

Камтылган файл - электрондук почтанын тексттик кабарына тиркелген

жана аны менен бирге жеткирилүүчү кошумча файл. Камтуу механизмин

тексттик файлдан айырмаланган файлдарды электрондук почта боюнча

жеткирүү максатында колдонушат.

Каталог - файлдарды жана кошумча каталогдорду камтып туруучу

файлдык системанын бөлүгү. Windows аракеттер системаларында «каталог»

дегендин ордуна көбүнчө «папка» деген кеңири термин колдонулат.

Катуу диск - маалымдарды узак убакытка сактоого арналаган

компьютердин ички түзүлүшү.

Page 89: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

89

Катыштардын операциялары — = (барабар); О (барабар эмес); > (чоӊ);

< (кичине); >= (чоӊ же барабар); <= (кичине же барабар).

Кибернетика - бул техникалык жана техникалык эмес (жандуу орга-

низмдердеги ж. б.) системалардагы маалымат берүү, иштетүү жана

башкаруу тууралуу илим.

Кибернетикадагы башкаруу модели — башкаруучу объект менен

башкарылуучу объекттин ортосундагы түз жана тескери байланыш

каналдары аркылуу маалымат алмашуу процесси.

Кибермейкиндик – Тармактан пайдаланган кезиңизде сиз саякат жасап

жүргөн элестетилген мейкиндик.

Киргизүү-чыгаруунун базалык системасы (Basic Input-Output

System, BIOS) - компьютердин турактуу эсине жазылган программалардын

тобу. BIOS программалары компьютердин баштапкы ишке чегерүүсүн жана

кээ бир стандарттык түзүлүштөрдүн өз ара аракеттенишүүсүн башкарууга

арналган.

Клавиатура - алфавиттик-цифралык маалымдарды компьютерге

киргизүүчү стандарттык түзүлүш.

Кластер - диск мейкиндигиндеги минималдык даректелүүчү бирдиги.

Адатта дисктин бир нече физикалык секторун камтып, аларга жазуу бир

операциянын алкагында жүргүзүлөт.

Кластердик системалар — көп процессорлуу эсептөөчү комплекс

катары иштөөчү персоналдык компьютерлердин тармагы

(суперкомпьютердин альтернативасы). XX кылымдын 90-жылдарында

пайда болгон.

Клиент-программа — колдонуучунун суроо-талабын даярдап, аны

тармак боюнча жөнөтүп, андан жоопту алуучу программа.

«Клиент-сервер» технологиясы — абоненттин машинасындагы

тармактын ар кандай кызматы «клиент-программа» деп аталган программа

менен тейленет. Хост-машинада бул кызматты «сервер-программалары»

камсыз кылат. Азыркы тармактарда кабыл алынган программалык

камсыздоону уюштуруу «клиент-сервер» технологиясы деп аталат.

Кокустук сандар — чектелген маанилердин көптүгүнөн кокусунан

тандалып алынган сандар (кубик оюну, чучукулак, лотерея ж.б.).

Page 90: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

90

Кокустук сандарын бергич (датчик) — кокустук сандарын алуунун

программасы.

Колдонмо программалык жабдуулар — маалымат технологияларынын

программалык камсыздалуусу.

Колдонуучунун интерфейси - программа менен колдонуучунун

баарлашуу ыкмасы.

Командалык сапча - колдонуучунун графикалык интерфейси жок

операциялык системасынын буйруктарын киргизүү үчүн арналган сап,

мисалы MS-DOS системасында.

Компакт-диск — маалыматтарды лазердик нур менен окууга арналган

жана ар түрдүү маалымдарды же музыканы камтыган оптикалык

дисктердин бир түрү. Маалымдарды сактаган компакт-дисктерди CD-ROM

дисктери деп да аташат.

Компьютердик вирус - компьютердин эстеп калуучу түзүлүштөрүнүн

дисктеринде сакталган, башка программаларга кирүүгө жөндөмдүү,

машиналык код менен жазылган чакан программа.

Компьютердик математикалык модель — моделдештирилип жаткан

системанын абалын анын математикалык модели боюнча эсептөө

жүргүзүүчү программа.

Компьютердик модель - программалык чөйрөнүн каражаттары аркылуу

жүзөгө ашырылган модель.

Компьютер-сервер — көптөгөн колдонуучулардын ортосунда жалпы

ресурстарды бөлүштүрүүчү жогорку өндүрүмдүү компьютер.

Компьютердик тармак — маалымат берүүчү каналдар менен

байланышкан компьютерлер системасы.

Компьютердик тармактагы байланыш түйүнү — коммутациялануучу

телефондук байланыштар же атайын бөлүнгөн: телефондук, кабель

аркылуу, оптоволокондук, спутниктик ж.б. каналдар.

Компьютердик тармактын түйүндөрү — глобалдык тармактын кээ бир

бөлүктөрү менен байланышты уюштуруучу компьютердик түзүлүш. Бул

аркылуу абонент тармак боюнча аныкталган провайдер аркылуу бүткүл

дүйнөлүк тармакка чыгууну камсыз кылат.

Контексттик меню - учурдагы объект менен байланышкан буйруктар

тобун камтыган атайын меню.

Page 91: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

91

Контроллер - компьютерге кошулган түзүлүштөрдү башкарууга

арналган программалануучу ортомчу түзуүлүш.

Константа - программанын аткарылыш учурунда мааниси өзгөрбөй

турган турактуу чоңдук.

Коопсуз сервер – ага маалыматты башкалардан жашыруун жиберүүгө

мүмкүн болгон сервер.

Кысылган диск - кысууга дуушар болгон диск. Windows (95, 98,

2000, ХР) аракеттер системасынын каражаттары ушундай типтеги дисктер

менен кадимки дисктер сыяктуу эле иштөөгө мүмкүндүк берет.

Кэш - жакын арада керектелиши мүмкүн болуучу маалыматты

убактылуу сактоого арналган дисктеги же ыкчам эс тутумдан атайын аймак.

Бул маалыматка оӊой жетүүнү ылдамдатыш үчүн колдонулат. Мисалы,

Интернеттен жүктөлгөн Web-беттерге кайталап кайрылганда тармактан

кайрадан жаӊы чегерилишине зарылдык болбосу үчүн сөзсүз түрдө

кэштелет

Курсордук баскычтар - клавиатурадагы жебелерден турган

баскычтардын тобу.

Көмөкчү алгоритм — жардамчы алгоритмди кара.

Л

Логикалык диск - операциялык система тарабынан көзкарандысыз

түзүлүш катары карала турган катуу дисктин бөлүгү.

Локалдык тармак (Local Area Network, LAN) – бир бөлмө иштөөгө

ылайыкталган компьютердик тармак.

Локалдык тармак — бир мекеменин, ишкананын гана чегинде

иштеген анча чоӊ эмес компьютердик тармак.

Локалдык тармак (атайын бөлүнгөн сервери бар) — локалдык

тармак төмөндөгү принципте уюштурулат: «файл-сервер» деп аталган бир

борбордук машина болот, ага көптөгөн компьютерлер, «жумушчу

станциялар» туташтырылат.

Локалдык тармак (бир рангдагы) — компьютердик тармакта

кошулган компьютерлердин бирдей укукта болушу.

Page 92: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

92

Локалдык тармактын сервери — көптөгөн колдонуучулардын

ортосундагы жалпы ресурстарды бөлүштүрүүчү машина. Мисалы, бир

принтерге, сканерге ж.б. түзүлүштөргө тармак боюнча иштөөгө шарт түзүү.

Логикалык туюнтма — шартка ылайык «жалган» же «чын» деген

жыйынтык чыгарылуучу кандайдыр бир айтым.

М

Маалым (маалим) - белгилүү, ачык, даана, берилиш.

Маалымдар базасы - бул ЭЭМдин сырткы эс тутумунда узак убакыт

сактоого жана дайыма колдонууга арналган маалымдардын уюштурулган

жыйын- дысы.

Маалымдар базаларын башкаруу системасы (МББС) —

маалымдар базасы менен иштөөгө арналган программалык камсыздоо.

Маалымдар базасын ачуу - даяр МБ менен иштөөнү баштоо

командасы.

Маалымдар базасы (документтик) - өз ичине ар түрдүү типтеги

документтерди камтыйт: тексттик, графикалык, үндүк, мультимедиялык.

Маалымдар базасы (бөлүштүрүлгөн ) - ар кайсы бөлүктөрү тармак

боюнча бириктирилген түрдүү компьютерлерде сакталган мааалымдар

базасы.

Маалымдар базасы (фактографиялык ) - атайын чектелген

форматта объект туурасында кыскача маалыматты камтыйт.

Маалымдар базаларын түзүү - таблицаларды сактоо үчүн түзүлүүчү

файлдардын командасы. Мында жазылыштардын талааларынын составы,

типтери жана форматтары туурасында маалымат болот.

Маалымат (информация) - араб тилинен билим, окуу, кабар,

кабардар, билдирүү деген маанини берет. «Маалымат» термини «инфор-

мация» термини менен бирдей маанини туюнтат.

Маалыматтык маданият - бул адамдын маалымат менен максатка

ылайык иштей билүүсү жана аны алуу, иштетүү, берүү үчүн комиьютердик

Page 93: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

93

маалымат технологиясынын, учурдагы техникалык каражаттарды жана

методдорду колдоно алышы.

Маалымат модели - объекттин, процесстин, кубулуштун касиеттерин

жана абалдарын, ошондой эле сырткы дүйнө менен өз ара байланышын

мүнөздөөчү маалыматтардын жыйындысы.

Маалымат ресурстары — билимдердин максатка ылайык социалдык

колдонууга даярдалган жыйындысы.

Маалымат технологиясы - объекттин, процесстин же

кубулуштун (маалымат продуктусунун) абалы тууралуу жаны

сапаттагы маалымат алуу учун маалымат (алгачкы маалыматты)

чогултуу, иштетуу жана беруу каражаттары менен методдорунун

жыйындысын пайдалануу процесси.

Маалыматтар шинасы - процессордун өткөргүчтөрүнүн

маалыматтарды иргөөгө арналган топ.

Маалыматты киргизүү — маалыматты иштетүү үчүн сырткы

түзүлүштөрдөн компьютердин ыкчам эс тутумуна киргизүү.

Маалыматты чыгаруу — маалыматты ыкчам эс тутумдан

сырткы түзүлүштөргө (дисплей, принтер ж.б.) чыгаруу.

Маалыматтык моделдеринин түрлөрү - вербалдык,

графикалык, таблицалык, математикалык, имитациялык, объекттик.

Маалыматтык коом — бул иштеген адамдардын көпчүлүгү

маалыматтарды өндүрүп чыгаруу, сактоо, кайра иштетүү, сатуу жана

алмашуу менен алектенген коомдун өнугүү стадиясы.

Маалыматтык коопсуздук - адамдардын, мекемелердин,

мамлекеттин

кызыкчылыгы үчүн маалыматтык чөйрөнүн калыптануусун жана өнүгүүсүн

камсыз кылуу. Компьютерлер аркылуу келүүчү коркунучтарды алдын

ала сактоо.

Маалыматтык кылмыштуулук — уруксаты жок түрдүү тармактар

аркылуу маалыматтарга кирүү, компьютердик системалардын иштөө

жөндөмдүүлүгүн бузуу, компьютердик маалыматтын бир бүтүндүүлүгүн

бузуу.

Маалымат системасы — маалымдар базаларын сактоо, издөө,

өзгөртуп

Page 94: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

94

түзүү жана колдонуучу менен өз ара аракеттенүү үчүн маалымдар

базаларынын жана бүткүл аппараттык-программалык каражаттардын

комплекси.

Массив — маалымдардын программалоо тилинде таблица

түрүндө көрсөтүлүшү. Бир типтеги чондуктардын номурланган чектүү

удаалаштыгы.

Материалдык (натуралык) модель - моделдөө ебъектисине

физикалык түрдө окшош объектти алмаштыруучу.

Маустун (чычкандын) жебеси - экрандан көрүнүүчү жебе, түрдүү

багыттар боюнча жылат жана программаларды аткарууда анын формасы

өзгөрүп турат.

Модель — реалдуу объекттин кандайдыр бир жөнөкөйлөтүлгөн

окшош-тугу. Эгер объекттин материалдык модели - бул анын физикалык

окшоштугу болсо, объекттин маалыматтык модели - анын сыпатталышы.

Модем(MOdulatte/DEModulate) — компьютердик маалыматтарды

аналогдук телефон байланышы боюнча жибере алуучу түзүлүш.

Модуляция - абонент маалыматы тармакка жөнөткөндө аны

дискреттик формадан аналогдук формага өзгөртүү. Демодуляция - бул

маалыматты кабыл алуу учурундагы кайра (аналогдук формадан дискреттик

формага) өзгөртүү:

Моделдөө - бул моделдерди түзүүдөн жана изилдөөдөн турган

таанып- билүү методу болуп саналат.

Моделдөө объектиси - материалдык объекттер, жаратылыш

кубулуштарынын процесстери. Моделдөө процессинде объекттер система

катарында каралат.

Морзе алиппеси — телеграф коду, кабарларды телеграф кодуна

айландыруу тили.

Мультимедиа – графика, үн жана мультипликациянын

комбинациясы.

Н

Негизги каталог — учурдагы, дисктеги эң жогорку деңгээлдеги

каталог.

Page 95: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

95

О

«Обойлор» - компьютериӊиздин жумушчу столундагы

фон.

Окутуучу аткаруучулар - компьютердин экранында

түрдүү сүрөттөлүштөрдү алуу максатында командаларды берүү

менен башкарууга мүмкүн болгон программаны айтабыз. Алар

башкаруу алгоритмдерин түзүүнү окутуп үйрөтүүдө колдонулат.

Окутуучу графикалык аткаруучу (ОГА) - бул программа

дисплейдин экранында түрдүү чиймелерди, сүрөттөрдү

аткарууга арналган.

Оператор - программалоо тилинде жазылган команда.

Операциялык система — бул ыкчам эс тутумду,

процессорду, сырткы түзүлүштөрдү жана файлдарды

башкаруучу жана колдонуучу менен диалогду уюштуруучу

программалардын тобу.

Оптималдуу башкаруу - башкаруунун максатына жетүүгө

жана башкаруу маселесин чечүүгө алып келүүчү милдеттүү

башкаруу.

Опция – компьютердик программа берген негизги

мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун ыӊайлуулугу үчүн тандоо

мүмкүнчүлүгү.

Ө

Өзгөрмөлөр - өзгөрмөлөр программалоодо да

математикадагыдай эле символдук аталыштар менен белгиленет.

Бул аталыштарды идентпификаторлор деп аташат. Программа

аткаруу учурунда өзгөрүп туруучу чоңдук.

Page 96: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

96

П

Папка - Windows (95, 98, 2000, ХР) операциялык системасындагы

өзүнө объекттерди, каталогдорду, файлдарды камтый турган контейнерди

билгизүүчү термин. Бир папка башкаларына салынышы мүмкүн. Папка

дистеги каталог түрүндө болот. Папканын башка түрлөрү да болот.

Параллелдүү порт - компьютердин стандарттык порту. Ал аркылуу

маалымат бүтүн байттар түрүндө берилет жана кабыл алынат.

Принтерлерди, сканерлерди жана башка түзүлүштөрдү компьютерге

туташтырууда, компьютерлерди түз кошууда колдонулат.

Пароль - белгилүү ресурстарга тармак боюнча кирүү үчүн же

компьютердин BIOS системасына коюлуучу символдордун жашыруун

комбинациясы. Паролду папкаларга, файлдарга да койсо болот.

Паскаль - маалымат иштетүүнүн көп түрдүү маселелерин чечүүгө

арналган универсалдык программалоо тили.

Паскалдын машинасы - биринчи механикалык эсептөөчү машина.

1645- жылы Блез Паскаль ойлоп тапкан.

Перифериялык түзүлүштөр - компьютерге туташтырылган сырткы

түүлүштөр.

Персоналдык компьютер (ПК) - маалыматты түзүүнү, сактоону,

өзгөртүп түзүүнү жана аралыкка берүүнү автоматташтырууга арналган

электрондук прибор. ПК колдонуучуга ьщгайлуу аппараттык жана

программалык камсыздоо менен жабдылган микроЭЭМ.

Биринчи ПК Арр1е-1, 1976-ж. С. Джобе, С.Возняк тарабынан түзүлгөн.

Пиксель - экрандын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн өлчөө бирдиги.

Компьютер түсүн жана жарыктанышын башкара ала турган, англис сөзүнүн

«pixel», «picture cell» сүрөттөлүш элементи деген эки сөздөн кыскартылып

алынган.

Пиктограмма – компьютер бир нерсе жасасын үчүн басышыңыз

мүмкүн болгон же компьютер бирдеме жасап жаткандыгын көрсөткөн

кичинекей сүрөттөлүш.

Плаг-ин (Plug-in) – программалык камсыздоонун анын

мүкүнчүлүктөрүн видеоклиптерди көрсөтө алгыдай кылып кеңейтүү үчүн

кароо терезеңизге туташтырсаңыз боло турган «кеңейтүүчү» бөлүгү.

Page 97: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

97

Позициялык эмес эсептөө системасы — цифра менен белгиленген

жалпы сандык мааниси цифранын жазылыш позициясынан көз каранды

болбогон эсептөө системасы.

Позициялык эсептөө системасы — цифра менен белгиленген жалпы

сандык мааниси цифранын жазылыш позициясынан көз каранды болгон

эсептөө системасы.

Позициялык эсептөө системасынын негизи — системасында

колдонулган цифралардын санына барабар (эсептөө системасынын

алфавитинин кубаттуулугу).

Порт - негизги платадагы компьютерге сырткы түзүлүштөрдү

туташтырууга мүмкүнчүлүк берүүчү логикалык аппараттык түзүлүш.

Постинг (posting) – маалыматтарды жаңылыктар группасына башка

мүчөлөрү окуй ала тургандай кылып «көрсөтүү».

Почта үкөгү — почта серверинин тышкы эсинин аталышы, абонент

үчүн бөлүнгөн бөлүгү.

Почта серверинин домендик аталышы — электрондук даректеги @

символунун оң жагындагы бардык жазуулар.

Принтер – компьютердеги маалыматты кагазга басып чыгаруучу

түзүлүш.

Провайдерлер (тагыраагы Интернеттин сервистик провайдерлери

(IPS), ал Интернетке жетүү провайдерлери (IAPs) деген ат менен да

белгилүү) – кишилерге Тармактан пайдалануу мүмкүндүгүн сатуучу

компаниялар.

Программа — бул маалыматты иштетүүгө коюлган маселени чечүү

үчүн компьютер аткара турган аракеттердин (командалардын)

ырааттуулугунун көрсөтүлүшү. Программа аткаруучунун тилинде сунуш

кылынган алгоритм.

Программалык башкаруу — автоматташтырылган системалардагы

башкаруу. Мындай башкарууда объектти башкаруучу функциясын

компьютер аткарат.

Программалоо — информатиканын компьютерди башкаруу боюнча

программаларды иштеп чыгуу маселелерин изилдеген бөлүмү

Программалык камсыздоо – компьютерлерге белгилүү бир

маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү программалар.

Page 98: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

98

Программалык камсыздоо (freeware) – акысыз таратылуучу

программалык камсыздоо.

Программалык камсыздоо (shareware, «жалпы пайдалануу үчүн»)

– сатып алуунун алдында сынап көрүүгө мүмкүн болгон программалык

камсыздоо.

Программалоо системасы — компьютердин кайсы бир

программалоо тилинде жазылган программаны түзүү, аткаруу, жөндөө үчүн

арналган программалык жабдылышы.

Программалоо системалары - ЭЭМдин үчүнчү муунунан баштап

өркүндөй баштаган Программисттин иш аспабы. Азыркы кездеги

программалоо системалары транслятор, тексттик редактор, камтылган

программалардын китепканалары, жөндөгүчтөр ж.б. турат.

Программалоо тили — алгоритмдердин жана маалымдардын

структураларын сыпаттоо үчүн белгилердин аныкталган системасы.

Программалоо жолу менен маселени чечүүнүн этаптары —

1) маселенин коюлушу; 2) математикалык формага келтирүү; 3) алгоритм

түзүү; 4) программалоо тилине которуу; 5) программаны жөндөө жана тест

жүргүзүү; 6) эсептөөлөрдү жүргүзүү жана 7) алынган натыйжаларды

анализдөө.

Программанын иштөө сценарийи - колдонуучу менен аткарылып

жаткан программанын ортосундагы өз ара баарлашуусунун сыпатталып

көрсөтүлүшү (колдонуучунун интерфейси).

Программалоочулар — атайын жана жалпы арналыштагы колдонмо

программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенишет.

Протокол - техникалык түзүлүштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз

кылуучу атайын эрежелердин жыйындысы.

Процессор - компьютерде маалыматты иштетүүчү негизги

микросхема.

Процессордун командалар системасы - процессордун иштөө

эрежелерин камтыган командалардын толук тизмеси.

Р

Page 99: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

99

Редакциялоо - документке өзгөртүү киргизүү (документти ондоо).

Реестр - Windows (95, 98, 2000, ХР) аракеттер системаларында

колдонулуучу системалык атайын кызматчы базасы. Компьютердеги

орнотулган жана операциялык системада катталган программалар

жөнүндөгү бардык маалыматтарды камтыйт. Кээ бир программалар туура

эмес өчүрүлсө, реестрден ал файлдын жазылышын алып салуу керек.

Резервдик көчүрмө - компьютердин эсинде сакталып турган баалуу

маалыматтын өзүнчө көз карандысыз алып жүргүчтөгү көчүрмөсү.

Компьютердеги маалымат өчүрүлүп же бузулуп калса, аны калыбына

келтирүүдө колдонулат.

Реляциялык МБ - таблицалык формада түзүлгөн маалымдар базасы.

Реляциялык МББС - реляциялык маалымдар базаларын башкаруу

системасы.

С

Сандык методдор - каалаган математикалык маселелерди удаалаш

арифметикалык амалдардын тизмегине алып келүүчү методдор

(математикалык моделдөөдө колдонулат).

Себет (корзина) - керексиз объектилерди кетирүүгө арналган

Windows системасынын атайын папкасы.

Сектор - дисктеги минималдык блок дисктен маалыматты окууга

жана жазууга мүмкүндүк берет.

Сервер - клиент-программалардан сурамжылоолорду иштетүүгө

арналган компьютер же программа. Башка программалардан айырмаланып

программа-сервер алдын ала жүктөлүп, түрдүү компьютерлерден

сурамжылоолорду күтүү абалында болот. Келген сурамжылоого ылайык

маалыматтарды базадан алууга шарттарды түзөт. Андан кийинки

сурамжылоону күтөт.

Сервер-программа - сервер-программа суроону кабыл алат, жооп

маалыматын даярдап, аны колдонуучуга жөнөтүүчү программа.

Сигнал - кандайдыр бир кабарлоого бирдей мааниде дал келүүчү

физи- калык процесс.

Page 100: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

100

Система – өз ара байланышкан элементтерден турган функционалдуу

блок. Элементтердин иреттелген тобу кибернетикалык системаны түзөт.

Системалык администратор - локалдык тармактагы

компьютерлердин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу кызматкер.

Системалык диск - компьютерди өзүнүн катуу (HDD) дискинен

жүктөөгө мүмкүн болбогон учурларда компьютерди алгач жүктөөгө

арналган ийилчээк диск. Адатта операциялык системаны жаныдан

орнотууда, бузулууларды издөөдө колдонулат. Кээ бир учурларда HDD

дискин форматтоо зарылдыгы келип чыккан учурда колдонулат.

Системалык программалоочулар - системалык программалык

камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген адамдар (компьютердин же

жалпы системанын иштөөсүн камсыз кылуучу программаларды

түзүүчүлөр).

Системалык программалык камсыздоолор - ЭЭМдин экинчи

муунунда жаратылып, өсүп өнүгүүсү башталган. Персоналдык компьютер

системалык программалык жабдуунун негизи ал өзүнө операциялык

системаны жана тейлөөчү программалык каражаттарды камтыйт.

Системанын структурасы — системаны түзүүчү элементтердин

кандайдыр бир белгилүү ырааттуулук менен биригүүсү.

Системалык саясат - локалдык тармактагы компьютер

колдонуучулар аткаруучу эрежелердин топтому. Мында тармакка кирүүнүн

принциптерин жана пайдаланылуучу жалпы маалыматтарды алуу

эрежелери аныкталат.

Сканер – кагаз барактагы же слайддагы сүрөттөлүштү компьютерге

киргизүү үчүн колдонулуучу түзүлүш.

Сөз - оперативдик эстин уячасынын өлчөмү. Процессор ага бир бүтүн

нерсе катары кайрыла алат. Сөздүн өлчөмү процессордун разряддуулугуна

туура келет.

Структура - системадагы элементтердин ортосундагы

байланыштардын жыйындысы жана мүнөзү.

Стандарттуу программалардын китепканасы - программалык

каражаттын ЭЭМ үчүн жасалган түрү. ЭЭМдин биринчи муунунда

жаратылган.

Page 101: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

101

Стриммер — маалыматты магнитик тасмага жазуучу түзүлүш.

Көбүнчө маалыматтарды архивдөөдө колдонулат.

Т

Таблицалык процессорлор - электрондук таблицалар менен иштөөгө

арналган колдонмо программалар.

Такт - кандайдыр бир операцияны процессор аткара турган

убакыттын эң кыска интервалы. Процессордун көп инструкцияларынын

аткарылышы үчүн бир нече такт талап кылынат.

Такт жыштыгы - убакыт бирдиги ичинде процессор аткаруучу

инструкциялык такттардын саны.

Талаа — реляциялык МБ ат коюлган таблицасынын мамычасы.

Талаанын негизги типтери — сандык; символдук; логикалык; «дата»

Талаанын тиби — түрдүү жазууларда берилген талаа кабыл алуучу

маанилердин көптүгүн аныктайт.

Тандоо үчүн издөөнү уюштуруу — коюлган же кандайдыр бир

шарттарды канааттандырган маалымдар базасында жазылыштарды издөө

командасы. Командалардын параметрлери: чыгарылуучу талаалар, тандоо

шарттары, иргөө параметрлери.

Тандоо шарттары — логикалык туюнтма жөнөкөй же татаал болот.

Тармактык плата - негизги платага туташтырылат да, операциялык

системага кошуучу драйвери болот. HUB түзүлүшүнө коннектор

киргизилген (кош өрүм) кабель аркылуу туташтырылып, локалдык тармакка

кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Тармакка аралыктан кирүү - модем аркылуу аралыкта турган

компьютерлерди локалдык тармакка туташтыруу. Интернет кызматын

көрсөтуүүчү провайдерлер менен байланыш түзүүгө жана тармакка чыгуу

үчүн да колдонулат.

Тармактын иштөө протоколу — кабарларды берүүнүн формаларын

жана жөнөтүү жолдорун, аларды чечмелөө процедураларын, ар түрдүү

жабдыктардын биргелешип иштөө эрежелерин аныктаган стандарт.

Page 102: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

102

Татаал логикалык туюнтмалар — логикалык амалдарды өзүнө

камтыган туюнтмалар.

Тег - HTML тилинин атайын командасы, компьютердин экранында

кадайдыр бир документтин жана анын структурасын сыпаттайт, ошондой

эле броузер аркылуу иштегенде документтердин фрагменттерин

компьютердин экранына жайгаштырууну башкарат.

Тексттик файл - маалыматты компьютерде уюштуруунун эң жөнөкөй

ыкмасы. Ал символду кодго айландыруу таблицасынын коддорунан турат.

Тексттик редактор (TP) - магниттик дискттерде тексттик

документтерди түзүүгө, аларды редакциялоого, документтин мазмунун

экрандан кароого, документти кагазга басып чыгарууга, документтин

форматын өзгөртуүүгө мүмкүндүк берүүчү колдонмо программа.

Тексттик процессор - тексттик документтерди түзүүгө,

редакциялоого, форматын өзгөртүүгө арналган программа. Бул программа

түрдүү документерди басууда, факс боюнча жөнөтүүдө колдонулат.

Телекоммуникация — глобалдык компьютердик тармак боюнча

маалымат алмашуу процесси.

Телеконференция — атайын тандалып алынган тема боюнча

абоненттердин тармак аркылуу маалымат алмашуу системасы.

Телефон - үндү аралыкка берүүнүн биринчи каражаты. 1876-жылы

А.Белл ойлоп тапкан.

Тескери байланыш - кандайдыр бир системанын (объекттин)

аракеттенүүлөрүнүн натыйжаларынын ошо аракеттенүүлөрдүн мүнөзүнө

таасир этүүсү.

Тест — баштапкы маалыматтардын маанилеринин кутулуучу

натыйжасы белгилүү болгон конкретүү варианты.

Тестирлөө - жашыруун каталарын табуу үчүн тесттердин тизмеги

аркылуу программанын иштөө жөндөмдүүлүгүн сыноо.

Тиркеме (операциялык системанын) - белгилүү операциялык

система менен иштөөсү үчүн ылайыкталып компьютер үчүн жазылган

программа.

Транслятор — программалоо тилинен машина тилине которуучу

программа-котормочу.

Page 103: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

103

Түз байланыш — түз байланыш каналдары аркылуу объектти

башкаруучудан башкаруунун объектисине башкаруу командаларын берүү

процесси.

Түз туташуу - эки компьютерди кабель аркылуу туташтырылышы.

Мында бир компьютер экинчи компьютердеги маалымат ресурстарына

жетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошол эле компьютерден экинчи компьютердеги

файлдарды, папкаларды көчүрүүгө, өчүрүүгө, аталышын өзгөртүүгө ж.б.

болот.

Ф

Файл (1) — бул дискте сакталган жана аталышка ээ, арналышы

боюнча тектеш маалыматтардын жыйындысы.

Файл (2) - бул сырткы алып жүрүүчүлөрдө сакталуучу жана жалпы

аталышы менен бириктирилген маалымат.

Файл (3) - аракеттер системасында катталган дискке жазылган, өзүнүн

аталышына ээ болгон байттардын удаалаштыгы.

Файлдык система — бул операциялык системанын файлдар менен

жүргүзүлүүчү амалдардын аткарылышын камсыз кылуучу функциялык

бөлүгү.

Файлдык система - файлдарда жайгашкан маалыматты жазуунун

схемасы. Файлдык система файл дискинин кайсы бөлүгүнө жазылганына

карабастан, конкреттүү файлга жетүүнү камсыз кылат жана жаӊы файлды

жазууда бош жерди табууга мүмкүндүк түзөт.

Файлдык сервер - тармактагы операцияларга ылайыкталып бөлүнгөн

локалдык тармактагы компьютер

Файлдык архивдер - Интернет аркылуу колдонуучулардын

программалык каражаттарын толуктап, жаңылап туруучу электрондук

сактоочу жай. Файлдык архивдердин иштерин колдоочу серверлер FTP

серверлер деп аташат.

Файлдын атрибуттары - файлдын дискте жазылуучу кошумча

касиеттери. Атрибуттарга файлдардын акыркы өзгөртүлгөн датасы жана

убактысы, файлдын жашырылгандыгы тууралуу белги ж.б. параметрлер

кирет.

Page 104: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

104

Файлдын типтеринин жазылышы (аталышты кеңейтүү) _ файлдын

аталышындагы акыркы чекиттен кийин келүүчү символдордун

комбинациясы. Ал аркылуу файлдардын типтерин аныкташат.

Флажок - пикир алмашуу терезесинин башкаруу элементи. Белгилүү

параметрди тандоо же андан баш тартуучу кызмат.

Фонограф - үн жазуучу биринчи түзүлүш. 1877-жылы Томас Эдисон

ойлоп чыгарган.

Формалдаштыруу — предметтин, кубулуштун, процесстин ички

структурасынын белгилүү маалыматтык структурага бөлүп көрсөтүү жана

которулуу процесси.

Формализация (калыпташтыруу) — формалдуу тилдердин жардамы

менен маалыматтык модель түзүү процесси.

Формат — таблицадагы талаанын касиеттерин аныктайт. Сандык

талаалар үчүн бөлчөк бөлүгүндө канча орун болоору көрсөтүлүшү мүмкүн.

Форматтоо - дискти жолчолорго жана секторлорго бөлүүнү белгилөө

процесси.

Фрагменттөө - дискага жазуу учурунда файлдын бири биринен алыс

жайгашкан бөлүктөргө жазылып калышы. Бул дискттин иштөө

натыйжалуулугун азайтат. Дисктеги үзгүлтүксүз бош жеринин жоктугунан

пайда болот. Мунун себеби файлды бүт бойдон жайгаштыруу үчүн

жетишерлик өлчөмдөгү үзгүлтүксүз чөйрөнүн жоктугу болуп саналат.

У

Удаалаш деталдаштыруу методу - программалоонун адегенде

негизги программасы жазылып, анан ага түзүлө элек камтылган

программаларга кайрылуулар киргизилип, андан кийин бул камтылган

программаларды сыпаттап жазуу ыкмасы.

Удаалаш порт - компьютерге сырткы түзүлүштөрдү туташтыруучу

порт, маалыматтардын биттери удаалаш берилгендиги менен айырмаланат.

Компьютерге удаалаш порт аркылуу модем, клавиатура, маус

туташтырылат.

Page 105: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

105

Улуттук маалымат ресурстары - архивдердин жана

китепканалардын фонддору, илимий-техникалык маалыматтардын борбору,

социалдык, билим берүү сфераларынын маалыматтык ресурстары.

Уюштуруучу символ - белгилүү жерге жайгаштырыла турган

символдордун тобун аныктоого мүмкүндүк берүүчү символ. Адатта

файлдардын аталыштарын көрсөтүүдө колдонулат. Мисалы, MS-DOS

системасында уюштуруучу символ катары «*» жана «?» символдору

колдонулат.

Ц

Циклдин командасы (кайталоо) - кандайдыр бир шарт боюнча

командалардын түрмөгүн көп жолу кайталоо командасы.

Цифралык байланыш - байланыш учурунда бардык маалымат

экилик код формасында берилүүчү байланыш.

Ы

Ыйгаруунун касиети — эгерде өзгөрүлмөгө эч кандай маани

ыйгарылбаса, анда анын мааниси аныкталбаган; - өзгөрүлмөгө ыйгарылуучу

жаӊы мааниси, анын эски маанисинин ордуна жазылат; - - өзгөрүлмөгө

ыйгарылган маани кийинки жаңы маани ыйгарганга чейин сакталат.

Ыйгаруу командасы — <өзгөрмө>; = <туюнтма>. Адегенде туюнтма

эсептелет да, алынган маани өзгөрмөгө ыйгарылат.

Ч

Чексиз кайталануу - циклдин аткарылышы аяктабай, чексиз болуп

калган жагдай.

Чоңдук — өзүнчө аталышка, типке жана мааниге ээ. Компьютердин

эсинде белгилүү орунду (эстин уячасын) ээлеген өзүнчө маалымат

объектиси.

Page 106: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

106

Чондуктардын типтери - чондуктардын ички маанисин мүнөздөө

касиети. Компьютерде иштетилүүчү чондуктардын үч негизги тиби бар:

сандык, символдук жана логикалык.

Чуу - маалыматты жоготууга (бурмалоого) алып келүүчү ар түрдүү

тос- коолдуктар.

Ш

Шлюз - локалдык тармактын протоколун колдонуу менен бөлөк

локалдык тармактар же глобалдык тармак менен байланышты камсыз

кылуучу сервер.

Э

Эвклид алгоритми - эки натуралдык сандын эӊ чоӊ жалпы

бөлүүчүсүн эсептөө алгоритми. Камтылган бутактануусу бар циклдик

структурага ээ.

Экрандын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү - экранда толугу менен

көрсөтүлүүчү сүрөттөлүштөрдүн максималдык өлчөмүн аныктоочу

параметр. Ал пиксель менен өлчөнөт. Мүмкүн болгон маанилери кандай

видеоадаптер жана монитор колдонулганына байланыштуу болот.

Экрандын чагылдыруу жөндөмдүүлүгү канчалык жогору болсо, ошончолук

экрандагы сүрөттөлүш сапаттуу болот.

Экранга коюлуучу сүрөттөлүштөр - монитордун экранында

статикалык сүрөттөлүштөрдү динамикалык сүрөттөлүшуү менен

алмаштырып туруучу атайын программа. Мындай программа экранга

болгон оордукту азайтат жана бөлөк адамдардан экрандагы маалыматты

жашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Электр телеграфы - маалыматты алыс аралыкка тез берүүнүн

биринчи каражаты. Ойлоп тапкандар: П. JI. Шеллинг (1832), С. Морзе

(1837).

Электрондук офис - XX кылымдын 90-жылдарынан баштап өнүгө

баштаган. Мисалы, Microsoft Office базасында ишмердикте колдонулуучу

маалыматтарды иштетүүнүн технологиясы.

Электрондук дарек - абоненттин почта үкөгүнүн уникалдык аты.

Мисалы, [email protected].

Page 107: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

107

Электрондук кат - дарек боюнча жете турган текеттик файл.

Электрондук почта - Интернет аркылуу текcттик электрондук

кабарларды алмашууну камсыз кылуучу тармактык кызмат. Учурдагы

электрондук почтанын мүмкүнчүлүгү HTML документтерди жана ар кандай

типтеги файлдарды да жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда

электрондук почта байланышынsy эң тез жана ишенимдүү түрү болуп

саналат.

ЭЭМдин биринчи мууну - лампалуу машиналар. XX кылымдын 50-

жылдарында пайда болгон.

ЭЭМдин экинчи мууну - транзисторлуу машиналар. XX кылымдын

60-жылдарында пайда болгон.

ЭЭМдин үчүнчү мууну - интегралдык схемаларга негизделген

машиналар. XX кылымдын 70-жылдарында пайда болгон.

ЭЭМдин төртүнчү мууну - микропроцессорлуу компьютерлер. Көп

процессорлуу суперкомпьютерлер. XX кылымдын 70-80-жылдары

жаралган.

Эсептөө системасы — сандарды жана алар менен болгон тийиштүү

амалдардын эрежелерин чагылдыруу ыкмасы.

Эсептөө эксперименти — объекттин кыймылдуу абалдарын

изилдөөдө компьютердик математикалык моделди колдонуу.

X

Хакер - конфиденциалдуу мыйзамсыз түрдө маалыматты (адатта ком-

пьютердик тармактан) алууга аракеттенген колдонуучу.

Я

Ярлык - Windows операциялык системасындагы белгилердин

(значоктордун) түрү. Башка белгилерден айырмаланып, ярлык объектти

өзүн көрсөтпөстөн, анын кайда экенин билгизет. Ошондой эле ылдыйкы

сол бурчундагы жебеси аны значоктон айырмалап турат.

Page 108: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

108

Англисче терминдер

А

ASCII - экилик код менен символдорду кодго айландырууну

аныктоочу универсалдык стандарт.

В

Basic Input-Output System (BIOS) - киргизүү/чыгаруунун базалык

системассы.

С

CD-ROM дискеткергучу - музыкалык жана программалык

каражаттарды компакт-дисктерди окууга арналган түзүлүш.

Click - маустун баскычтарын тез басып коё берүү.

D

DNS (Domain Name System) - компьютерлердин жеӊил эске тутулуучу

домендик аталыштарын (мисалы, www.dokeos.com) IP-даректерге которуу

механизми. Мындай өзгөртүү ылайыкташтырылган DNS серверлери

аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

E

Page 109: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

109

eCash (электрондук, цифралык, же интерактивдик накта акчалар)

– кагаз жана металл акчаларды туюнтуучу компьютердик маалыматтар.

F

FAQs (Көп берилүүү суроолор) – жаӊылыктар группаларынын

мүөлөрү же Web-сайтка келгендер эң көп берген суроолорго жооптор.

FTP (Файлды берүү протоколу) – файлдарды Тармак боюнча

компьютерлер арасында берүүдө пайдаланылуучу система.

G

GIF – файлдын Webде пайдаланылуучу графиктик форматы.

Н

HTML (Hyper Text Marcup Languages же Гиппертекстти Белгилөө

Тили) – Web-беттерге айландыруу үчүн тексттик редакторлор иштеп

чыккан документтерге кошулуучу компьютердик код.

HTTP (Hyper Text Transfer Protocol) - Интернет протоколу, Интернет

тармагында гипертексттик документтерди (Web-бет) берүүдө колдонулуучу

эрежелер системасы.

I

IP-дарек - Интернеттеги айрым компьютердин уникалдуу сан

түрүндөгү дареги. Адатта чекиттер менен бөлүнгөн 0 дон 255 ке чейинки

төрт ондук сандар түрүндө жазылат, мисалы 192.168.1.244

М

MS-DOS режими - Windows (95, 98, 2000, ХР) операциялык

системасында бардык ресурстар MS-DOS аракеттер системасынын

Page 110: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

110

тиркемесин аткарууга жумшалат. Мында «MS-DOS эмуляция

режими» колдонулат.

О

OLE (Object Linking and Embedding) - объектилерди байлоонун

жана киргизуунун технологиясы, Microsoft компаниясынын стандарты

динамика- лык автоматтык турде бир тиркемеде иштеген

программалык камсыздооло- рунун бири-бирине турдуу типтеги

(маалымдардын) документтеринин эч тос- коолдуксуз алынышы жана

иштешин камсыз кылган режим.

Т

TCP/IP (Transfer Control Protocol/Internet Protocol) - Интернетте

компьютерлер арасында маалыматтарды алмашууга арналган стандарттык

протоколдордун тобу.

U

URL-дарек (Uniform Resource Locator) - Интернет тармагында

документтердин даректерин жазуунун уникалдаштырылган формасы. Бул

формадагы даректерди жазуунун эрежеси ушундай, себеби ал документтин

орношкон жайын бир мааниде аныктайт. URL дареги төрт талаанын

биринен турушу мүмкүн: протоколдун аты, компьютердин аты, ал

компьютердеги документти издөөнүн жолу жана документтин ичиндеги

белгилүү бир орунга шилтеме.

W

Web-бети - WWW системасындагы негизги маалымат бирдиги. Ал

Web- серверде сакталган өзүнчө документти камтыйт. Баракчанын өзүнүн

аты болот, ошол аталыш боюнча ага кайрылууга мүмкүн.

Web-сайт - бир багыттагы темалар менен өз ара байланышкан бир

нече Web беттеринин жыйындысы.

Page 111: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

111

Web-сервер - тийиштүү программалык камсыздоосу бар Web-

беттерин камтыган интернет тармагындагы компьютер.

Web-браузер - колдонуучунун WWW менен иштөөнү камсыз кылуучу

клиент-программа.

Web-түйүн - тематикалык жактан байланышкан Web-беттердин жана

коштоочу файлдардын бир компьютерде жайгашкан тобу. Web түйүндөрү

бири бири менен гипершилтемелердин жардамы менен байланышкан.

Wave-файл - Windows операциялык системасында кабыл алынган

форматтагы үн файлы, өзгөчө популярдуу үндүк форматтардын бири.

Word Wide Web (WWW) - Internet дүйнөлүк тармагынын (Бүткүл

дүйнөлүк желе) техникалык базасындагы бүт дүйнөгө таркалган

гипербайланыштуу маалыматтык система.

Колдонулган адабияттар

1. Лекции по предмету «Основы информационных технологий», из

Интернет ресурса;

2. Русско-кыргызский словарь, под редакцией К.К.Юдахина, Москва

1957г;

3. Информатика. Базалык курс, Т.Р.Орускулов, М.У.Касымалиев,

Бишкек 2006ж.;

Page 112: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

112

МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ ……………………………………………………..

I БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ

……………………………………………………….

II БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК

КАРАЖАТТАРЫ

………………………………………………………….

III БӨЛҮМ. ИШТИ УЮШТУРУУЧУ ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР

………………………………………………………..

IV БӨЛҮМ. КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН

КАРАЖАТТАРЫ …………………………………………………………

V БӨЛҮМ. ЭСЕПТӨӨ ТЕХНИКАСЫНЫН (КОМПЬЮТЕРДИК)

КАРАЖАТТАРЫ ……………………………………………………

VI БӨЛҮМ. КОМПЬЮТЕРДИК МААЛЫМАТТЫК

ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДООСУ

……………………………………………………………

VII БӨЛҮМ. ТЕКСТТИ ИШTETYYHYH ТЕХНОЛОГИЯСЫ

VIII БӨЛҮМ. ГРАФИКАНЫ ИШТЕТҮҮҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

IX БӨЛҮМ. ТАБЛИЦАНЫ ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

X БӨЛҮМ. МААЛЫМАТТЫ ИЗДӨӨ, ИРГӨӨ ЖАНА САКТОО

ТЕХНОЛОГИЯСЫ

ТЕРМИНДЕРДИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ

АДАБИЯТТАР

Page 113: II - И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик ...fmoit.arabaev.kg/wp-content/uploads/2018/03/MT-kitep...компьютера, компьютерные

113