стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп...

2
Стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп чыгууда стратегиялык кызматташууга чакыруу Иш менен тастыкталган абийирди кадырлап, коом баалап келген. Кимде-ким өзүн сынап көргүсү келсе, Элдин элегинен чыгып, Өзүн арнап келген. Гельвеций К. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери кыйынчылыктын ичинде жашап келет. Мамлекеттүүлүктү жоготуу, элдин ыдырашы сыяктуу коркунучтуу мезгилдер да өттү. Көп партиялуулук келди, мамлекет башкаруучулар биринин аркасынан бири келип алмашты, конституцияны өзгөртүү аракети болуп, бир нече жолу төңкөрүштү да көрүп калдык. Буга чейин мамлекеттик маселелерди чечүүдө, ар түркүн мыйзамдарды кабыл алууда жалпы коомдун добушу кошулган эмес. Өзүбүздү демоктратиялык өлкө дегенибиз менен коомчулуктун көз карашы, ою коомдук-экономикалык абалды тургузууда эске алынбай келди. Тилекке каршы, коомдун идеялары эч кимге керексиз жана демилгелери угулбай кала берген мезгил келди. Кыргызстанда айласыздыктан чет өлкөлөргө акыл-эстин агылышн байкоого болот. Мамлекет талантуу адамдардан жана мыкты иштермандардан кол жууп келе жатат. Бирок биздин коомду кармап, чөктүрбөй турган да күчтөр, акылдар да бар. Эл өзгөрүү, өнүгүүгө өз салымын кошкусу жана жараткысы келүүдө. Ушул максатты көздөп биздин Фонд мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жарандарга атайы аянттарды түзүүдө. Дагы бир жолу үлгү ала турган жарандар бар экенин баса белгилеп кеткибиз келет: эксперттер өнүгүүнүн конкреттүү концепция жана ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн арттыруунун жолдорун жазып сунуштап келишет; ал эми илимий интеллигенция акча каражаттардын жетишсиздигине карабастан изилдөө иштерин жасап келишет. Бирок аларын баары чачыранды болуп, ар бири өз казанында гана кайнап келүүдө. Биз профессионалдуулугубузду, компетенттүүлүгүбүздү жана билимибизди бир багытка салуубуз зарыл. «Кыргызстандын Идеялык картасы» өз ичине коомдогу бардык багыттарды камтыйт жана биримдикке чакырат. Бир гана бул картада жолдорду чийип, кандай, кайсы идея жана демилгелер менен кайда жетебиз деген суроолорго жооп табуубузду шарттайт. Демек, бул жооптуу милдетти биз калем менен эмес, жаратуучу демилгелер жана прогрессивдүү идеялар менен жолдорду белгилөөбүз зарыл. Сунушталган виртуалдык аянттар жана краудсорсингдин механизмдери биздин бирге иштөөбүзгө жана коомдогу маселелерди чечүүдө убакытты үнөмдөп, эч кандай каражатты талап кылбайт. Бул принцип аркылуу элдин коомдук маанилүү маселерге катышуусун эффективдүү кылып, эксперттердин тобунун, коллективдик акылдын элегинен өткөрүп татыктуу идея, асыл ойлордун негизинде «Кыргызстандын Идеялык

Upload: fpi

Post on 19-Jun-2015

141 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп чыгууда стратегиялык кызматташууга чакыруу

Стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп чыгууда

стратегиялык кызматташууга чакыруу

Иш менен тастыкталган абийирди кадырлап,

коом баалап келген.

Кимде-ким өзүн сынап көргүсү келсе,

Элдин элегинен чыгып,

Өзүн арнап келген.

Гельвеций К.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери кыйынчылыктын ичинде жашап

келет. Мамлекеттүүлүктү жоготуу, элдин ыдырашы сыяктуу коркунучтуу мезгилдер да

өттү. Көп партиялуулук келди, мамлекет башкаруучулар биринин аркасынан бири келип

алмашты, конституцияны өзгөртүү аракети болуп, бир нече жолу төңкөрүштү да көрүп

калдык. Буга чейин мамлекеттик маселелерди чечүүдө, ар түркүн мыйзамдарды кабыл

алууда жалпы коомдун добушу кошулган эмес. Өзүбүздү демоктратиялык өлкө дегенибиз

менен коомчулуктун көз карашы, ою коомдук-экономикалык абалды тургузууда эске

алынбай келди.

Тилекке каршы, коомдун идеялары эч кимге керексиз жана демилгелери угулбай

кала берген мезгил келди. Кыргызстанда айласыздыктан чет өлкөлөргө акыл-эстин

агылышн байкоого болот. Мамлекет талантуу адамдардан жана мыкты иштермандардан

кол жууп келе жатат. Бирок биздин коомду кармап, чөктүрбөй турган да күчтөр, акылдар

да бар. Эл өзгөрүү, өнүгүүгө өз салымын кошкусу жана жараткысы келүүдө.

Ушул максатты көздөп биздин Фонд мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган

жарандарга атайы аянттарды түзүүдө. Дагы бир жолу үлгү ала турган жарандар бар

экенин баса белгилеп кеткибиз келет: эксперттер өнүгүүнүн конкреттүү концепция жана

ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн арттыруунун жолдорун жазып сунуштап келишет; ал

эми илимий интеллигенция акча каражаттардын жетишсиздигине карабастан изилдөө

иштерин жасап келишет. Бирок аларын баары чачыранды болуп, ар бири өз казанында

гана кайнап келүүдө. Биз профессионалдуулугубузду, компетенттүүлүгүбүздү жана

билимибизди бир багытка салуубуз зарыл.

«Кыргызстандын Идеялык картасы» өз ичине коомдогу бардык багыттарды

камтыйт жана биримдикке чакырат. Бир гана бул картада жолдорду чийип, кандай, кайсы

идея жана демилгелер менен кайда жетебиз деген суроолорго жооп табуубузду шарттайт.

Демек, бул жооптуу милдетти биз калем менен эмес, жаратуучу демилгелер жана

прогрессивдүү идеялар менен жолдорду белгилөөбүз зарыл.

Сунушталган виртуалдык аянттар жана краудсорсингдин механизмдери биздин

бирге иштөөбүзгө жана коомдогу маселелерди чечүүдө убакытты үнөмдөп, эч кандай

каражатты талап кылбайт. Бул принцип аркылуу элдин коомдук маанилүү маселерге

катышуусун эффективдүү кылып, эксперттердин тобунун, коллективдик акылдын

элегинен өткөрүп татыктуу идея, асыл ойлордун негизинде «Кыргызстандын Идеялык

Page 2: стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп чыгууда стратегиялык кызматташууга чакыруу

Картасында» стратегиялык жолдордун изин чийүүгө жардам берет. Тактап айтканда,

эксперттик топтун чечими менен кабыл алынган алдыңкы идеялар менен бирге

стратегиялык документтерди даярдоого жөлөк болот. Ал эми бул идеялар жергиликтүү

илимий жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эксперттер, мамлекеттик институттар

тарабынан сунушталып мамлекеттин өнүгүүсүнө ориентир болушу мүмкүн. Биз

мамлекеттик бийликке бирге иштеп чыккан документти сунуштап, өз салымыбызды бирге

кошуу мүмкүнчүлүгүн алабыз. Биримдик, конструктивдүү жаратуучу күчтү пайда кылат.

Бирдей шарттарда жана байланыштын мобилдүүлүгү менен «виртуалдык тегерек

столдо» биринчиден, биз прогрессивдүү идеяларды аныктап, экинчиден, алардын

негизинде стратегиялык документтерди жана тигил же бул багыттагы жол карталарды

даярдайбыз.

Буга чейин биргелешүү чакырыгы болгон эмес. Биз Сиздерге терең ишенүү менен

бардык ишмердүүлүгүбүздүн координациясын ишке ашырууга жана бул чоң

жоопкерчиликке коркпостон баш сайып, стратегиялык документтерди жазып чыгып,

мамлекетке реалдуу жардам көрсөтүүгө чакырабыз.

Биз ар бирибиз өз ишибизди мыкты билебиз, бизге чоң каталар айкын болуп, бул

каталардан кутулуунун жолун да мыкты билебиз. Ошол себептүү биз бул мүмкүнчүлүктү

коѐ бербей, коллективдик интеллектти түзүүбүз керек. Бул «Кыргызстандын Идеялык

Картасы» бизге, ишин мыкты билген эксперттерге мамлекеттин чыныгы потенциалын

ачууга жана өнүктүрүүгө чоң кадам болуп саналат. Келгиле, конструктивдүү жаратуучу

күч жаратып, мамлекеттин бекем жөлөгү бололу! Альбер Камю «айласыздык абалында

болуудан артык дем жок» дегендей, биз баарыбыз консолидация үчүн жетилип бышып

даярбыз, бир гана бирге аракет кылууга кадам таштайлы!!! Көкүрөктөн чыккан ак

тилектердин баары сөзсүз аткарылуу сапаты бар экенин унутпай биригели!!!