10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf ·...

27
10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ-КУМУРСКАЛАР10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө менен тааныштырганын улантуу жана алардын ой өрүшүн кеңитүү. Ошонун ичинде: - балдарга курт-кумурскалардын дүйнөсу жөнүндө эң жөнөкөй билим берүү; - балдардын курт-кумурскалар жөнүндөгү болгон билимдерди аныктоо; - балдардын айлана-чөйрөнө элестетүүсүндө курт-кумурскалар анын бир бөлүгү экенин түшүндүрүү; - жаратылышка этият мамиле кылууну үйрөтүү. Бул бөлүмдүн милдетине ошондой эле балдарга курт-кумурскалар жөнүндө сүйлөшүүсүнө жардам берүү кирет. Балдардын сөз байлыгын өстүрүү, активдештирүү жана тилдин грамматикалык түзүлүшүн жакшыртуу дагы кирет. Мындан тышкары, бул жерде берилген сабактар төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн жардам берет: - балдарды нерселердин эң башкы белгисин кандай табыш керегин үйрөтүү, андан кийин нерселердин жалпылоосун жана классификациялоосун үйрөтүү; - балдардын байкагычтыгын арттыруу жана алардын акыл-эсин өстүрүү; - колдун майда моторикасын өнүктүрүү; - жалпы моториканы өнүктүрүү. 1-ЧИ САБАК Сабактын максаттары: - балдардын айлана-ч йр н элестет с нд курт-кумурскалар анын бир б лг ө өө үү ү ө өүү экенин т ш нд р ; ү ү ү үү - жаратылышка этият жана с й менен мамиле кылууну йр т ; ү үү ү ө үү - балдардын экологиялык маданиятын тарбиялоо жана ст р ; ө ү үү - курт-кумурскалар ж н нд г билимдердин негизинде балдардын с зд к корун өү өү ө ү ке ейт жана активдештир ; ң үү үү - тилдин грамматикалык т з л ш н жакшыртуу; үүү ү - с йл мду туура т з л ш н йр т жана к нд р ; ү ө үүү ү ү ө үү ө ү үү - колдун майда моторикасын н кт р ; өү ү үү - “Э” тамгасын йр т . ү ө үү Материалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар; - курт-кумурскалардын жана жыл мезгилдердин с рттр; үө өү - темага байланыштуу сюжетт с р тт р; үү үө ө - 1ден 10го (20) курт-кумурскалардын с р тт р (лото сыяктуу карточкалар); үө өү - “Э” тамгасынан башталган нерселердин,жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин

Upload: others

Post on 03-Mar-2020

8 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ-КУМУРСКАЛАР”10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө менен тааныштырганын улантуу жана

алардын ой өрүшүн кеңитүү. Ошонун ичинде:

- балдарга курт-кумурскалардын дүйнөсу жөнүндө эң жөнөкөй билим берүү;

- балдардын курт-кумурскалар жөнүндөгү болгон билимдерди аныктоо;

- балдардын айлана-чөйрөнө элестетүүсүндө курт-кумурскалар анын бир бөлүгү экенин түшүндүрүү;

- жаратылышка этият мамиле кылууну үйрөтүү.

Бул бөлүмдүн милдетине ошондой эле балдарга курт-кумурскалар жөнүндө сүйлөшүүсүнө жардам берүү кирет. Балдардын сөз байлыгын өстүрүү, активдештирүү жана тилдин грамматикалык түзүлүшүн жакшыртуу дагы кирет.

Мындан тышкары, бул жерде берилген сабактар төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн жардам берет:

- балдарды нерселердин эң башкы белгисин кандай табыш керегин үйрөтүү, андан кийин нерселердин жалпылоосун жана классификациялоосун үйрөтүү;

- балдардын байкагычтыгын арттыруу жана алардын акыл-эсин өстүрүү;

- колдун майда моторикасын өнүктүрүү;

- жалпы моториканы өнүктүрүү.

1-ЧИ САБАК

Сабактын максаттары: - балдардын айлана-ч йр н элестет с нд курт-кумурскалар анын бир б л гө ө ө үү ү ө ө ү ү

экенин т ш нд р ; ү ү ү үү- жаратылышка этият жана с й менен мамиле кылууну йр т ; ү үү ү ө үү- балдардын экологиялык маданиятын тарбиялоо жана ст р ; ө ү үү- курт-кумурскалар ж н нд г билимдердин негизинде балдардын с зд к корунө ү ө ү ө ү

ке ейт жана активдештир ; ң үү үү- тилдин грамматикалык т з л ш н жакшыртуу; ү ү ү ү- с йл мду туура т з л ш н йр т жана к нд р ;ү ө ү ү ү ү ү ө үү ө ү үү- колдун майда моторикасын н кт р ;ө ү ү үү- “Э” тамгасын йр т .ү ө үүМатериалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар; - курт-кумурскалардын жана жыл мезгилдердин с р тт р ;ү ө ө ү- темага байланыштуу сюжетт с р тт р;үү ү ө ө- 1ден 10го (20) курт-кумурскалардын с р тт р (лото сыяктуу карточкалар);ү ө ө ү- “Э” тамгасынан башталган нерселердин,жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин

Page 2: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

2 «Я смогу!»

с р т тартылган карточкалары; ү ө ү- 1-ден 18-ге чейин сандардын карточкалары;- DVD ойноткуч, сунушталган ырлардын/мультфильмдердин дисктери.

15 МҮН. УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу. Бул жумада «Курт-кумурскалар» темасы экенин балдарга түшүндүрүп бериңиз.

Кийим чечкенде балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңуз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз. Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңуз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдардан азыр кайсы жыл мезгили, кайсы ай экенин сураңыз. Аба ырайы жөнүндө сүйлөшкүлө.

Бул жумада балдар курт-кумурскалар жөнүндө сүйлөшөрүн дагы жарыя кылыңыз..

Балдарга төмөнкү суроолорду бериңиз:

- Балдар, силер кайсы курт-кумурскаларды билесиңер?

- Азыр сыртта кайсы курт-кумурскаларды көрө алабыз?

Балдарга курт-кумурскалардын сүрөттөрүн көрсөтүңуз. Балдар сүрөттөрдөгү курт-кумурскаларды атап айтышат. Эгерде балдар курт-кумурскалардын аттарын билбесе, анда алардын аттарын өзүңүз айтып бериңиз. Тарбиячыга: балдарга белгилүү курт-кумурскалардын сүрөттөрүн көрсөтүңуз.

Балдарга курт-кумурскалардын сүрөттөрүн бериңиз. Сүрөттөрдү жакшылап карап көргөнгө балдарга кичине убакыт бөлүп коюңуз. Андан кийин алар сүрөттөрдөгү курт-кумурскаларды баяндап беришет. Балдар төмөнкү суроолорго жооп бериши керек, мисалы:

- Бул курт-кумурскада канча канат бар?

- Бул курт-кумурска боору менен жылабы, учабы же жөргөлөйбү?

- Бул курт-кумурскада канча бут бар?

- Бул курт-кумурсканын өңү кандай? Ж.о.с.

Балдарга суук жана жылуу жыл мезгилдердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз. Балдардан кышында курт-кумурскалар кайда жок болуп кеткенин, кайсы мезгилде кышкы чээнден же жашына турган жайдан чыкканын сураңыз.

Балдар курт-кумурскалардын аттарын айтып алышарын баалаңыз.

www.awaytoc.com

Page 3: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 3

15 МҮН. «Э» ТАМГАСЫН ҮЙРӨТҮҮ

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл тамга менен башталарын сураңыз.

«Э» тамгасын өтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз жана аны кайталаттырыңыз.

Балдардан «Э» тамгасынан башталган сөздөрдү сураңыз.

Балдарга «Э» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын аттарын так айтыңыз (фонетикалык зарядка). Мисалы: элек, элик, эне, эмерек, эркелөө, эркелетүү, эсептөө.

«Э» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрүн дубалга же доскага балдар менен бирге чаптап койгула.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла.

«Э» тамгасы жөнүндө же “Э” тамгасы бар ырды балдарга окуп бериңиз.

15 МҮН. МУЗЫКА САБАГЫ

Тарбиячы:

- Балдар, азыр биз бир сонун ырды ырдайбыз.

Курт-кумурскалар жөнүндө (же мурунку сабактарда жаттаган) бир ырды тандап алыңыз.

Ырдагандан мурун, ырды балдар менен бирге уккула. Ырды укканда, тарбиячы балдар менен кошулуп ырдаса болот. Тарбиячы балдарга бий кыймылдарды көрсөтсө жакшы болот.

Сиз кылган кыймылдарыңызды балдарга жасаттырыңыз.

Ырды бир нече жолу балдар менен ырдагыла. Ырдаганда, балдар тарбиячынын бий кыймылдарын (бийлегенин) туураса болот.

Балдар сиздин бий кыймылдарыңызды туурап алышарын, ырдын сөзүн жакшы айтып алышарын баалаңыз. Балдардын ырдаганын билишини баалаңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана.

Колду жууш.

Мындан мурунку сабактардан калган нерселерди же оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

45 МҮН. МАЕК

Сиз:

- Балдар, келгиле, манжалар көнүгүүну жасайбыз (же дене мүнөт өткөрөбүз).

Жылкы (кол үчүн көнүүгү)

Кичинекей ат сымал,

Жолдо барат манжалар.

Чок-чок-чок-чок.

Мына менин жардамчым

www.awaytoc.com

Page 4: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

4 «Я смогу!»

Каалагандай буруп ал.

Оңго, солго чаптырып,

Кетип калды ат сымал.

Чок-чок-чок-чок.

(Балдар партада же үстөлдүн жанында отурушат, алаканы партанын же үстөлдүн үстүндө. Кезеги менен бир сол, бир оң колу менен алдыга жылып, манжаларын бир убакта жумуп жана ачып.)

Көнүгүүнү 1-3 жолу кайталагыла.

Балдардан азыр кайсыл жыл мезгили болгонун сураңыз. Эгерде азыр жаз же жай мезгили болсо, алардын ай аттарын балдардан сураңыз.

Тарбиячы:

- Күн жапжарык болуп тийип турат. Айлана жапжашыл, сонун болуп турат. Жапжашыл бак-дарактар, токойлор, тоолор, талаалар, кооз гүлдөр кимди гана болбосун суктанат. Мына чымын-чиркейлер, курт-кумурскалар да сүйунүп гүлдөрдүн, чөптөрдүн арасында ары бери учуп, кыжылдап, кыбырап өз жумушун жасап жатышат. Кана айткылачы, азыр тышта кайсы чымын-чиркейлерди, курт-кумурскаларды көрсө болот? (Балдардын жооптору: көпөлөк, кумурска, ийнелик, ж.б.)

Оюн: “Бул эмне? Ал кандай?”

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын сүрөттөрүн пайдалангыла. Мисалы:

- Бул эмне? – Бул бал аарысы (кумурска, чымын, чиркей, ...).

- Булар эмнелер? – Булар бал аарылары (кумурскалар, чымындар, чиркейлер, ...).

- Ал кандай? – Ал кичинекей (кара, көзү чоң, көзү тостойгон, жашыл, арт жагы ичке, жадатма, түркүн түстүү ...).

- Алар (кумурскалар) кандай? – Алар (кумурскалар) кичинекей (кара, көзү чоң, көзү тостойгон, жашыл, арт жагы ичке, жадатма, ...).

Оюн: “Ким кандай жылат?” (Сүрөт боюнча.) Мисалы:

- Жашыл чегиртке секирет, а денеси түктүү аары болсо ... (учат).

- Саратан коңуз ызылдап учат, а кичинекей чегиртке ... (секирет).

- Кичинекей чиркей зыңылдап учат, а күчтүү кумурска ... (басып баратат).

- Жадатма чымын учат, а татынакай көпөлөк ... (бырпырап учуп жүрөт).

- Эмгекчил кумурска жөргөлөп баратат, а көзү чоң ийнелик ... (ары бери учат).

- Кызыл кумурска ... (жөргөлөп баратат), а эл кайда көчөт коңузу ... (үн чыгарбай учат).

- Буту узун чегиртке ... (секирип жылат), а бал аарысы ... (ызылдап учат). Ж. о. с.

Балдар курт-кумурскалардын секиргенин же учканын туурап көрсөтсө болот.

Оюн: “1, 2, 5”. (Сүрөт боюнча.)

Тарбиячы:

- Балдар, келгиле, ойнойбуз, санайбыз. Сүрөт боюнча сүйлөмдөрдү түзөбүз. Мисалы:

- Чегиртке каерде жашынып отурат? (Чөптүн арасында.)

- А чегирткенин өңү кандай? (Жашыл.)

- Чөптүн арасында канча жашыл чегиртке бар? (Чөптүн арасында беш жашыл чегиртке бар/жашынып отурат.)

www.awaytoc.com

Page 5: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 5

- Азыр болсо, өзүңор сүйлөмдөрдү түзөсүңөр:

- Бал челекте бал аарысы бар. – 2 (Бал челекте эки бал аарысы бар.); 5 (Бал челекте беш бал аарысы бар.).

- Татынакай көпөлөк – 3 (үч татынакай көпөлөк); 5 (беш татынакай көпөлөк).

- Зыңылдаган чиркей – 2 (эки зыңылдаган чиркей); 5 (беш зыңылдаган чиркей).

- Кара коңуз жалбырактын астында жашынып отурат. – 2 (Эки кара коңуз жалбырактын астында жашынып отурат.); 5 (Беш кара коңуз жалбырактын астында жашынып отурат).

Балдарга сүрөттөрдү өз ордуларына коюшсун деп айтыңыз.

Тарбиячы:

- Балдар, ким гүлдөр менен дос болуп, бирок чымчыктардан/куштардан коркот? (Курт-кумурскалар.)

Балдар билген курт-кумурскалардын аттарын дагы бир жолу кайталагыла. Курт-кумурскалардын бири-бирине эмнеси окшошуп турганын сураңыз. (Бардык курт-кумурскаларда алты буту бар, жөргөмүштөн башка. Жөргөмүш курт-кумурска болуп эсептелбейт.)

Тарбиячы:

- Балдар, азыр биз эки колдун бармактары менен коңузду жасайбыз. Эки колуңарды үстөлдүн үстүнө койгула. Эми эки колдун баш бармактарын сөөмөйлөр менен айкаштырып койгула. Бул коңуздун денеси болот. А эки колдун калган үч бармактары коңуздүн буттары болот. Эми буттарыбыз менен коңуздай басайлы.

Эң мурда коңуздун басканын өзүңүз аткарып кылыңыз, сизден кийин балдар аткарышат.

Балдар менен бирге кичинекей коңуздун ырын ырдагыла (акырын ипичке үн менен ырдагыла): ж-ж-ж. Андан кийин чоң саратан коңуздун ырын ырдагыла (катуу, токтобой, көпкө чейин ырдагыла): Ж-Ж-Ж.

Тарбиячы:

- Балдар, кимдин коңузу узагыраак, токтобой уча алат?

Балдар терең дем алып коңуздун ырын узакка чейин ырдашат. Ырдаганда балдар колдорун өөдө көтөрүп коңуздун учканын туурашат.

“Чегирткелер менен көпөлөктөр” оюнду ойногула.

Сабактын жыйнтыгын чыгаруу.

Баалаңыз: балдар көрсөтмө же инструкция боюнча кыймылдарды жаса алышабы?

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, 15 мүнөт бөлүңүз.

Балдарга бөлмөнү кандай жыйнаш керегин көрсөтүп, түшүндүрүп бериңиз:

оюнчуктарды, китептерди кайсы жерге коюу, орундуктарды өз ордуларына коюу, ж. о. с.

www.awaytoc.com

Page 6: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

6 «Я смогу!»

Балдарды эки командага бөлүштүрүңүз, мисалы: “Азаматтар” жана “Кайраттар”. Балдар кааласа, өз командасына башка ат койсо болот.

“Азаматтар” командасы бөлмөнү жыйнайт: балдар оюнчуктарды, китептерди жана орундуктарды өз ордуна коюшат. “Кайраттар” командасы болсо, үстөлдү тамак ичүүгө даярдайт. Кийинки жумада командалар орундары менен алмашышат.

“Кайраттар” командасына нанды (же нандын) кесимин экиге кандай кескенин, нандын үстүнө сырдын бир-эки кесимин салганын, салфеткаларды, майлыктарды идиштин кайсы жагына койгонун, аларды кандай колдонуш керегин, ж. о. с. көрсөтүп үйрөтүңүз.

Балдарды тамактануу эрежелерин кантип колдонуш керегин үйрөтүңүз. Мисалы: “Тамагыңар таттуу болсун!”, “Ыракмат!”, “Нанды алып берип койчу?”, “Нанды алып берип коюңузчу?”, ж. о. с.

“Азаматтар” командасы сиз берген тапшырманы кандай аткарып жатканын баалаңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

“Азаматтар” командасы тамактануудан кийин үстөлдүн үстүн жыйнайт.

Даараткана. Колду жууш.

15 МҮН. ЖОМОК/МУЛЬТФИЛЬМ

Балдарга курт-кумурскалардын жөнүндө жомок окуп бериңиз. Жомок окугандан мурун анын атын балдарга айтып коюңуз.

Жомок окуганда тарбиячы жомокко байланыштуу же ага ылайыктуу курчактарды, оюнчуктарды же сурөттөрдү пайдаланып, каармандардын ролдорун аткарса болот.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулаңыз, төмөнкүдой суроолорду бериңиз:

- Жомок эмне жөнүндө айтып берет?

- Жомоктун эмнеси силерге жакты?

- Жомоктун эмнеси силерге жаккан жок?

Тарбиячы жомоктун жөнүндө башка суроолорду берсе да болот.

Балдар жомоктун сүрөттөрү боюнча жомокту айтып беришет.

Сабактын аягында балдарды мактап коюңуз.

Баалаңыз:

- Балдар жомокко көңүл буруп уга алышабы?

- Балдар канча убакыт ичинде жомокту уга алышат?

Тарбиячы балдарды эки-экиге же группаларга бөлүштүрүп алар менен иштесе болот.

Маектин учурунда ар бир балага сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бериңиз.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

11ден 18ге чейин санаганда, ушул сандарга өзгөчө көңүл бургула.

1ден-10го (12ге) чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

Ар кандай сандардын, ошол сандагы буюмдардын сүрөттөрүн көрсөтүп сандарды сураңыз. Оюн алып баруучунун ролун балдар аткарса болот.

Балдарды 18ге чейин дагы бир жолу санаттырыңыз.

www.awaytoc.com

Page 7: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 7

30 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ/БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Балдарга курт-кумурскалар жөнүндө боёок китептерди жана түстүү калемдерди таратып бериңиз.

Балдар китептеги курт-кумурскалардын контурдук сүрөттөрүн түстүү калемдер менен боёошот.

“Азаматтар” командасы түстүү калемдерди жана боёок китептерди балдардан жыйнап алып тарбиячыга берет.

Балдардын калемдерди туура кармаганын билишинин, калем менен сүрөт боёо алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар 5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана. Колду жууш.

Балдар сырткы жана бут кийимдерин өздөру кийишет.

Коштошкондо балдарды кандай сөз айтыш керегин үйрөтүңүз (“Кош аман болуңуз!”, “Кош аман бол!”).

www.awaytoc.com

Page 8: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

8 «Я смогу!»

2-ЧИ САБАК

Сабактын максаттары: - балдардын айлана-ч йр н элестет с нд кумурскалар анын бир б л гө ө ө үү ү ө ө ү ү

экенин т ш нд р ; ү ү ү үү- жаратылышка этият жана с й менен мамиле кылууну йр т ; ү үү ү ө үү- балдардын экологиялык маданиятын тарбиялоо жана ст р ;ө ү үү- балдардын айланадагы д йн ж н нд жалпы билимдерин (кругозорун)ү ө ө ү ө

ке ейтуу; ң- курт-кумурскалар ж н нд г билимдердин негизинде балдардын с зд к корунө ү ө ү ө ү

ке ейт жана активдештир ;ң үү үү - балдардын байкагычтыгын арттыруу жана алардын акыл-эсин ст р ;ө ү үү- жалпы моториканы н кт р ; ө ү ү үү - колдун майда моторикасын н кт р ;ө ү ү үү- “Э” тамгасын кайталоо;- “19” саны менен тааныштыруу.Материалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар;- оюнду ойнош учун кубиктер, алкактар, желекчелер, конустар; - кумурскалардын жана башка чымын-чиркейлердин, курт-кумурскалардын

сюжетт жана айрым с р тт р ;үү ү ө ө ү- “Э” тамгасынан башталган нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин

с р т тартылган карточкалары; ү ө ү- 1-ден 19га чейин сандардын карточкалары;- И. А. Крыловдун “Кумурска менен ийнелик” деген тамсилдин сюжеттүү

с р тт р ;ү ө ө ү- DVD ойноткуч, сунушталган ырлардын/мультфильмдердин дисктери.Кумурска оюнчукту жасаганы ч н табигый материалдары:ү ү- зым; жа гактын кабыктары; эмендин уруктары (жёлуддар) калпактары менен;ң

калы картон; желим; таар же кездеменин тилкеси; шуру мончоктор; т стң ү үү кагаз; кара калемдер (фломастерлер); балмуздактын таякчалар; тыгындар; арчанын тобурчактары; г лд рд н желекчелери; ж. б. ылайыктуу материалдар.ү ө ү

15 МУН. УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар.

Кыскача саламдашуу. Бүгүн кумурскалар жөнүндө сүйлөшөрүн балдарга түшүндүрүп

бериңиз.

www.awaytoc.com

Page 9: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 9

Балдар менен аба ырайы жөнүндө сүйлөшүңүз, мисалы:

- Азыр жыл мезгили кайсы? А жыл айы кайсы? Азыркы мезгилдин ай аттарын атап аласыңарбы? Сыртта кайсы курт-кумурскаларды көрсө болот?

Кийим чечкенде балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз.

Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

Балдар өздөрү менен ойной алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдарды бүгүнкү пландар менен тааныштырыңыз. Бүгүн кумурскалар жөнүндө сүйлөшөрүн балдарга дагы деп айтыңыз.

Балдарга төмөнкү суроолорду бериңиз:

- Силер кумурскаларды көрдүңөрбү? Аларды сыртта кайсы жерде көрсө болот?

Кумурскалардын сүрөттөрүн балдарга көрсөтүңүз. Кичинекей кара жана кызыл чоң кумурскалар бар экенин балдарга деп айтыңыз.

Балдардын сүрөттөгү кумурскаларды баяндап берүүсүн сураңыз. Кумурсканын башы, мурутчалары, тумшугу, көкүрөгү, боор жагы жана буту бар экенин айтыңыз. Кумурсканын бутун, мурутчаларын балдар менен санаңыз. (2 мурутча, 6 бут же 3 жуп буту.)

Кумурскалар дарактардын боорунда, жер астында жана гүлдөрдүн сабактарында уяларды жасап жашаганын балдарга айтып бериңиз. Чоң кызыл кумурскаларга жакындап барганда же алардын тынчтыгын кетиргенде, алар кишини катуу чагышы (тиштеши) мүмкүн, ошону балдарга түшүндүрүп бериңиз.

15 МУН. “Э” ТАМГАСЫН КАЙТАЛОО

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Ушул тамгалары бар ырларды балдар менен жаттаса болот.

“Э” тамгасын кайталагыла.

Карточкадагы “Э” тамгасын балдарга көрсөтүп, [э] тыбышты айтыңыз. Балдарды [э] тыбышты айтуусун сураңыз.

Балдардан “Э” тамгасынан башталган сөздөрдү сураңыз: элик, эмгек, эл, эне, эмерек, эшик, ж. б.

Балдарга “Э” тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын аттарын так айтыңыз (фонетикалык зарядка).

Мурунку сабакта “Э” тамгасы жөнүндө балдар жаттап алган ырды кайталагыла же балдар менен жаңы ырды жаттап алгыла.

«Э» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрду дубалга же доскага балдар менен бирге чаптап койгула.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды дагы бир жолу кайталагыла.

www.awaytoc.com

Page 10: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

10 «Я смогу!»

Эгерде кайсы бир балага тыбыштарды айтканга кыйын болсо, ушул балага көбүрөөк же кошумча убакыт бөлүңүз.

Балдардын сөздөрду туура айтуусун, бардык сөздөрдү айта алуусун көзөмөлдөңүз.

15 МУН. МУЗЫКА САБАГЫ

Курт-кумурскалар жөнүндө (же мурунку сабактарда жаттаган) бир ырды тандап алыңыз.

Ырдагандан мурун, ырды балдар менен бирге уккула. Ырды укканда, тарбиячы балдар менен кошулуп ырдаса болот. Тарбиячы балдарга бий кыймылдарды көрсөтсө жакшы болот.

Сиз кылган кыймылдарыңызды балдарга жасаттырыңыз.

Ырды бир нече жолу балдар менен ырдагыла. Ырдаганда, балдар тарбиячынын бий кыймылдарын же бийлегенин туураса болот.

Балдар сиздин бий кыймылдарыңызды туурап алышарын, ырдын сөзүн жакшы айтып алышарын баалаңыз. Балдардын ырдаганын билишини баалаңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана. Колду жууш.

Балдарды мурунку сабактан калган оюнчуктарды же башка нерселерди өз ордуларына коюсуун сураңыз.

45 МҮН. ОЮН/МАЕК

Балдарды мурунку сабактын манжалар көнүгүүсүн жасаттырыңыз. Ушул манжалар көнүгүүнү 1-3 жолу балдар менен кайталагыла.

Балдарга кумурска жөнүндө табышмактарды айтып бериңиз. Балдарды табышмактардын жандырмагын табуусун сураңыз.

Балдарга кумурска жөнүндө ырды эки же керек болсо үч жолу окуп бериңиз. Экинчи жолу ырды окуганда балдар ыр боюнча кумурсканын кыймылдарын туурашат.

“Кумурскалар үй куруп жатышат” оюнду ойногула.

Тарбиячы:

- Балдар, азыр биз кумурсканын дене көнүгүүнү жасайбыз.

Көнүгүүнү музыка менен аткарса жакшы болор эле.

Тарбиячы кумурска жөнүндө же темага ылайык ырды окуганда, балдарга туура келген кыймылдарды көрсөтүп берет. Балдар болсо тарбиячынын кыймылдарын туурашат.

“Кумурсканын дене көнүгүү”

Кумурскалар ойгонду (балдар чочоюп отуруп эки колу менен көздөрүн ушалайт),

Керилип-чоюлуп, түз турду (балдар туруп эки колун өөдө көтөрүшөт, анан эки колун

ылдый түшүрүшөт).

Жаңы күндүн башталышы -

Кумурска болуу – жакшы (балдар эки буту менен секиришет)!

Биз чогуу жашайбыз,

Чогуу иш жасайбыз (балдар жылбай, өз ордунда туруп алып, басышат).

Досторубузга барабыз,

Чогуу эс алабыз (балдар бири бирин жылмайып карап, бири бирине ийилип салам

www.awaytoc.com

Page 11: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 11

беришет).

Достор менен ойнойбуз,

Дайым бир жүрөбүз (балдар бир тарапты көздөй акырын чуркашат).

Көнүгүүнү дагы 1-2 жолу кайталагыла.

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Балдар көрсөтмө же инструкция боюнча кыймылдарды жасай алышарын баалаңыз. Балдар сөздөрдүн бардыгын сүйлөй алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, бири бири менен оюнчуктарды тең бөлүшкөнүн баалаңыз.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Кезекчи командасы оюнчуктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды өз ордуларына коёт.

Башка кезекчи командасы болсо үстөлдү тамак ичүүгө даярдайт.

Балдарды үстөлдү тамак ичүүгө кандай даярдашы керегин үйрөтүңүз.

Балдарды нандын кесимин экиге кандай кескенин, нандын үстүнө сырдын же колбасанын бир-эки кесимин салганын, салфеткаларды же майлыктарды идиштин кайсы жагына койгонун, аларды кандай колдонушу керегин, ж. о. с. көрсөтүп үйрөтүңүз.

Балдарга нанды бычак менен кескенде, идиш-аяктарды алып баратканда, сак болуш керегин айтып үйрөтүңүз.

Балдарды тамактануу эрежелерин кантип колдонушу керегин үйрөтүңүз.

Баалаңыз: бөлмөнү жыйнаганда кезекчи команданын балдардын баары катышабы? Балдарга жумуш жасаганда эмне үчүн балдардын баары катышы керек, тамактанууда эмне үчүн ойнобошу керек, бири бирин эмне үчүн түртпөшү керек, түшүндүрүп айтыңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Кезекчи командасы үстөлдүн үстүн жыйнайт.

Даараткана. Колду жууш.

15 МҮН. ЖОМОК/МУЛЬТФИЛЬМ

Тарбиячы өз ыктыяры боюнча балдарга И.А. Крыловдун “Кумурска менен ийнелик” деген тамсилди окуп берет же бул тамсил боюнча тартылган “Кумурска менен ийнелик” мультфильмди көрсөтөт.

Тамсил окугандан же мультфильмди көргөндөн кийин балдарга төмөнкүдөй суроолорду бериңиз:

- Тамсил эмне жөнүндө айтып берет?

- Тамсилдин эмнеси силерге жакты?

- Тамсилдин эмнеси силерге жаккан жок?

Балдар кумурска менен ийнеликти мүнөздөп беришет.

www.awaytoc.com

Page 12: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

12 «Я смогу!»

Тамсилдин жыйынтыгын балдар менен чыгаргыла. Балдарга эмгекчилдик жана жалкоолук жөнүндө макалдарды айтып бериңиз.

Эгерде убакыт болсо, балдар тамсилдин сүрөттөр аркылуу аңгеме түзүп беришет.

Баалаңыз:

- Балдар тамсилге көңүл буруп уга алышабы?

- Балдар канча убакыт ичинде тамсилди уга алышат?

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла. 11ден 18ге чейин санаганда, ушул сандарга өзгөчө көңүл бургула.

Бир нече сандагы буюмдарды балдарга көрсөтүңүз. Балдар ушул сандардын аттарын айтышат.

Балдарга 19 санынын жазылышын көрсөтүңүз. Сандын атын айтыңыз.

Үстөлдүн үстүнө нерселерди бирден коюңуз. Балдар нерселерди санашат.

Балдарга ар кандай сандардын жазылышын көрсөтүңүз. Көрсөтүлгөн сандын атын айтпаңыз. Балдар так ошондой сандагы буюмдарды чогултушат.

Балдар алып баруучунун ролун аткарса болот.

1ден 19га чейин балдарды дагы бир жолу санаттырыңыз.

30 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ/БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Эгер төмөнкү тапшырма балдарга оор болсо, анда балдар курт-кумурскалардын сүрөттөрүн тартса болот.

Сиз:

- Балдар, азыр биз табигый материалдардан кумурсканы жасайбыз.

Тарбиячы кумурска оюнчукту жасаганы үчүн табигый материалдарды мурдатан даярдашы керек.

Балдарга кумурсканын сүрөтүн көрсөтүңүз. Балдар кумурсканын бутун, денесин, мурутчаларын көрүп жатышат.

Кумурсканы жасардан мурун ар бир балага сүрөттөрдөгү иштин жүрүшүн көрсөтүңүз.

Жумуштун аягында жасалган кумурска-оюнчуктарга балдар менен чогуу баа бериңиз. Ар бир жасалган кумурсканын жанында баланын атын жазса болот. Оюнчуктарды көрүнүктүү жерге коюп койгула. Балдарды мактап коюңуз.

Балдар өз орундарын жыйнашат.

Эгер ким бирөөгө кумурска жасаганы оор болсо, ошол балага жардам бериңиз. Ошондой балдарды бириктирип, аларды кумурсканы чогуу жасаттырыңыз. Бири бирине жардам бериш керегин деп айтыңыз.

15. МҮН. ЭРКИН ОЮН

Даараткана. Колду жууш.

Балдар сырткы жана бут киймдерин өздөрү кийишет. Эгерде ким бирөөго жардам керек болсо, ошол балага балдар жардам көрсөтөт.

www.awaytoc.com

Page 13: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 13

3-ЧҮ САБАК

Сабактын максаттары:- балдардын айлана-ч йр н элестет с нд курт-кумурскалар анын бир б л гө ө ө үү ү ө ө ү ү

экенин т ш нд р ; ү ү ү үү- балдардын айланадагы д йн ж н нд жалпы билимдерин (кругозорун)ү ө ө ү ө

ке ейтуу; ң- балдардын с зд к корун ке ейт жана активдештир ;ө ү ң үү үү- балдарды нерселердин э башкы белгисин кандай табыш керегин йр т , анданң ү ө үү

кийин нерселердин жалпылоосун жана классификациялоосун йр т ;ү ө үү- байланыштуу с йл мд рд туура т з л ш н йр т жана к нд р ; ү ө ө ү ү ү ү ү ү ө үү ө ү үү- моториканы н кт р ; ө ү ү үү- “Ю” тамгасы менен тааныштыруу;- “19” санын кайталоо.Материалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар; - ар кандай курт-кумурскалардын сюжетт жана айрым с р тт р ;үү ү ө ө ү- ар кандай ко уздардын с р тт р ;ң ү ө ө ү- “Ю” тамгасынан башталган нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин

с р т тартылган карточкалары; ү ө ү- 1-ден 19га чейин сандардын карточкалары;- DVD ойноткуч, сунушталган ырлардын/мультфильмдердин дисктери.

15 МУН. УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар.

Кыскача саламдашуу. Бүгүн коңуздар жөнүндө сүйлөшөрүн балдарга түшүндүрүп

бериңиз.

Тарбиячы балдарга төмөнкү суроолорду берет, балдар болсо өз жоопторун беришет.

Мисалы:

- Балдар, силердин үйүндө үй айбандар барбы?

- А кайсы үй айбандар бар?

- Алардын аттары барбы? Аттары кандай?

- Үй айбандарды жакшы көрөсүңөрбү?

- Алар менен ойнойсуңарбы?

- Үй айбандарды таарынтпай ойнойсуңарбы?

www.awaytoc.com

Page 14: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

14 «Я смогу!»

Кийим чечкенде балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз.

Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

Балдар өздөрү менен ойной алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдарды бүгүнкү пландар менен тааныштырыңыз. Бүгүн коңуздар жана башка курт-кумурскалар жөнүндө сүйлөшөрүн балдарга дагы деп айтыңыз.

Тарбиячы:

- Балдар, курт-кумурскаларды кайсы жыл мезгилинде көрсө болот? (Балдардын жооптору: күн жылууда, күн суукта, кышында, жазында, ж. б.) Балдарды жоопторун түшүндүрүп айтуусун сураңыз.

Балдарга ар кандай курт-кумурскалардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз. Балдар курт-кумурскалардын аттарын атап айтышат.

Балдарга коңуздардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз. Коңуздардын бутун балдар менен санагыла. Балдардан коңуздун канча канаты, мурутчалары бар экенин сураңыз. Балдар коңуздүн денеси кандай экенин баяндап беришет. Балдарга коңуздун денеси башка курт-кумурскаларга окшош болгонун көрсөтүп айтыңыз (баш, мурутчалар, көкүрөк, боор жак, буттар). Балдарга коңуздун денеси катуу калканы менен жабылып турганын көрсөтүңүз. Коңуздун калкандын астында жумшак канатчалары бар экенин деп айтыңыз.

Сүрөтдөгү коңуздарды кумурскалар жана көпөлөктөр менен салыштыргыла. Айырмасын тапкыла.

Балдарга мүйүзү бар коңуздардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз (мүйүздүү коңуз, кериккоңуз). Балдарга сүрөт көргөнгө убакыт бериңиз.

Балдарга коңуздар жердин астында, дарактардын боорунда (дарактардын кабыгын астында) жашаганын айтып бериңиз.

15 МУН. “Ю” ТАМГАСЫН ҮЙРӨТҮҮ

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Ушул тамгалары бар ырларды балдар менен жаттаса болот.

“Э” тамгасын кайталагыла.

“Ю” тамгасын өтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз, андан кийин [йу] тыбышты айтыңыз. Тыбышты кайталаттырыңыз.

Балдардан “Ю” тамгасынан башталган сөздөрдү сураңыз.

Балдарга “Ю” тамгасынан башталган (же бул тамгасы бар) буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын аттарын так айтыңыз (фонетикалык зарядка). Мисалы: оюнчук, юла, коюп кой, ж. б.

“Ю” тамгасынан башталган (же бул тамгасы бар) буюмдардын, нерселердин,

www.awaytoc.com

Page 15: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 15

жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрун дубалга же доскага балдар менен бирге чаптап койгула.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды дагы бир жолу кайталагыла.

“Ю” тамгасы жөнүндө же ушул тамгасы бар ырды балдарга окуп берип, аны жаттагыла.

Эгерде кайсы бир балага тыбыштарды айтканга кыйын болсо, ушул балага көбүрөөк же кошумча убакыт бөлүңүз.

Балдардын сөздөрду туура айтуусун, бардык сөздөрдү айта алуусун көзөмөлдөңүз.

15 МУН. МУЗЫКА САБАГЫ

Курт-кумурскалар же коңуздар жөнүндө (же мурунку сабактарда жаттаган) бир ырды тандап алыңыз.

Ырдагандан мурун, ырды балдар менен бирге уккула. Ырды укканда, тарбиячы балдар менен кошулуп ырдаса болот. Тарбиячы балдарга бий кыймылдарды көрсөтсө жакшы болот.

Сиз кылган кыймылдарыңызды балдарга жасаттырыңыз.

Ырды бир нече жолу балдар менен ырдагыла. Ырдаганда, балдар тарбиячынын бий кыймылдарын же бийлегенин туураса болот.

Балдар сиздин бий кыймылдарыңызды туурап алышарын, ырдын сөзүн жакшы айтып алышарын баалаңыз. Балдардын ырдаганын билишини баалаңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана. Колду жууш.

Балдарды мурунку сабактан калган оюнчуктарды же башка нерселерди өз ордуларына коюсуун сураңыз.

45 МҮН. ОЮН/МАЕК

Балдарга коңуз жөнүндө табышмактарды айтып бериңиз. Балдарды табышмактардын жандырмагын табуусун сураңыз.

Тарбиячы:

- Балдар, келгиле, коңуздай зуулдайбыз. Ж-ж-ж... З-з-з...

Оюн “Эркелеткен аттарын билесиңби?”. Сөздөргө сүрөттөр бар болсо, аларды балдарга көрсөтүңүз.

- Доңгөлөк – дөнгөлөкчө, мурут – мурутча, мурун – мурунча, тумшук – тумшукча, ж. б.

- Коён – коёнек, куш – чымчык, балапан, карышкыр – бөлтүрүк, бугу – бугунун музоосу, кой – козу, эчки – улак, ж. о. с.

Төмөнкүдөй дене көнүгүүнү жасагыла.

1. Сиз:

- Балдар, ким чегирткени көрдү? Анын өңү кандай? Эмне үчүн? (Жашыл чөптүн арасында көрүнбөйт.)

2. Сиз:

- Коңуз зуулдайт, а чегиртке ... ? А чымын ... ? Ж. о. с.

- Чымын кантип жылат? (Учат.) А чегиртке? (Секирет.) Ж. о. с.

3. Сиз:

- Кана, кумурска кантип жылат, көрсөткүлө! А ийнелик? А чегиртке?

www.awaytoc.com

Page 16: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

16 «Я смогу!»

Балдар курт-кумурскалардын кандай жылганын көрсөтүшөт.

“Ийнелик менен чымын-чиркей” оюнду ойногула.

Сиз:

- Мен курт-кумурскалар эң жакшы көргөн оюнду билем. Оюндун аты – “Ийнелик менен чымын-чиркей”

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Кезекчи командасы оюнчуктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды өз ордуларына коёт.

Башка кезекчи командасы болсо үстөлдү тамак ичүүгө даярдайт.

Балдарды үстөлдү тамак ичүүгө кандай даярдашы керегин үйрөтүңүз.

Балдар тамакты жеп ичишет.

Балдарды тамактануу эрежелерин кантип колдонушу керегин үйрөтүңүз.

Баалаңыз: бөлмөнү жыйнаганда кезекчи команданын балдардын баары катышабы? Балдарга жумуш жасаганда эмне үчүн балдардын баары катышы керек, тамактанууда эмне үчүн ойнобошу керек, бири бирин эмне үчүн түртпөшү керек, түшүндүрүп айтыңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Кезекчи командасы тамактануудан кийин үстөлдүн үстүн жыйнайт.

Даараткана. Колду жууш.

15 МҮН. ЖОМОК/МУЛЬТФИЛЬМ

Балдарга курт-кумурскалардын жөнүндө же башка бир жомок окуп бериңиз. Жомок окугандан мурун анын атын балдарга айтып коюңуз.

Жомок окуганда тарбиячы жомокко байланыштуу же ага ылайык курчактарды, оюнчуктарды же сурөттөрдү пайдаланып каармандардын ролдорун аткарса болот.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулаңыз, төмөнкүдой суроолорду бериңиз:

- Жомок эмне жөнүндө айтып берет?

- Жомоктун эмнеси силерге жакты?

- Жомоктун эмнеси силерге жаккан жок?

Тарбиячы жомоктун жөнүндө башка суроолорду берсе да болот.

Балдар жомоктун сүрөттөрү боюнча жомокту айтып беришет.

Сабактын аягында балдарды мактап коюңуз.

Баалаңыз:

- Балдар жомокко көңүл буруп уга алышабы?

www.awaytoc.com

Page 17: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 17

- Балдар канча убакыт ичинде жомокту уга алышат?

Тарбиячы балдарды эки-экиге же группаларга бөлүштүрүп алар менен иштесе болот.

Маектин ичинде ар бир балага сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бериңиз.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

11ден 19га чейин санаганда, ушул сандарга өзгөчө көңүл бургула.

1ден-10го (12ге) чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

Ар кандай сандардын, ошол сандагы буюмдардын сүрөттөрүн көрсөтүп сандарды сураңыз. Оюн алпаруучунун ролун балдар аткарса болот.

Балдарды 19га чейин дагы бир жолу санаттырыңыз.

30 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ/БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Балдарга коңуздар жөнүндө боёок китептерди жана түстүү калемдерди таратып бериңиз.

Балдар китептеги коңузардын контурдук сүрөттөрүн түстүү калемдер менен боёошот.

Кезекчи командасы түстүү калемдерди жана боёок китептерди балдардан жыйнап алып тарбиячыга берет.

Балдардын калемдерди туура кармаганын билишинин, калем менен сүрөт боёо алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар 5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет./Колду жууш.

Балдар сырткы жана бут кийимдерин өздөру кийишет.

Коштошкондо балдарды кандай сөз айтыш керегин үйрөтүңүз (“Кош аман болуңуз!”, “Кош аман бол!”).

www.awaytoc.com

Page 18: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

18 «Я смогу!»

4-ЧҮ САБАК

Сабактын максаттары: - балдарды к п л кт р менен тааныштыруу; ө ө ө ө- жаратылышка этият жана с й менен мамиле кылууну йр т ; ү үү ү ө үү- балдардын экологиялык маданиятын тарбиялоо жана ст р ;ө ү үү- балдардын айланадагы д йн ж н нд жалпы билимдерин (кругозорун)ү ө ө ү ө

ке ейтуу; ң- к п л кт р ж н нд г билимдердин негизинде балдардын с зд к корунө ө ө ө ө ү ө ү ө ү

ке ейт жана активдештир ;ң үү үү - балдардын байкагычтыгын арттыруу жана алардын акыл-эсин ст р ;ө ү үү- жалпы моториканы н кт р ; ө ү ү үү - колдун майда моторикасын н кт р ;ө ү ү үү- “Ю” тамгасын кайталоо;- “20” саны менен тааныштыруу.Материалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар;- к п л кт рд н жана башка кумурскалардын сюжетт жана айрым с р тт р ;ө ө ө ө ү үү ү ө ө ү- “Ю” тамгасынан башталган нерселердин/жаныбарлардын/кыймыл-аракеттердин

с р т тартылган карточкалары; ү ө ү- 1-ден 20га чейин сандардын карточкалары;- жомокко ылайыктуу сюжетт с р тт р;үү ү ө ө- т ст калемдер, кагаз;ү үү- DVD ойноткуч, сунушталган ырлардын/мультфильмдердин дисктери.

15 МУН. УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар.

Кыскача саламдашуу. Бүгүн көпөлөктөр жөнүндө сүйлөшөрүн балдарга түшүндүрүп

бериңиз.

Балдардан кайсы курт-кумурскаларды билишерин сураңыз.

Кийим чечкенде балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз.

www.awaytoc.com

Page 19: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 19

Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

Балдар өздөрү менен ойной алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдарды бүгүнкү пландар менен тааныштырыңыз. Балдарга бүгүн көпөлөктөр жөнүндө сүйлөшөбүз деп дагы айтыңыз.

Балдарга көпөлөктүн сүрөтүн көрсөтүңүз. Төмөнкү суроолорду бериңиз:

- Бул эмне? (Балдардын жооптору.)

- Силер көпөлөктөрдү көрдүңөрбү? Аларды сыртта кайсы жерде көрсө болот? (Гүлдөр бар жерде, жемиш багында.)

Ар кандай көпөлөктөрдүн сүрөттөрүн балдарга көрсөтүңүз. Балдар көпөлөктүн канаттарын, буттарын санашат. Көпөлөк менен башка курт-кумурскалардын окшоштугун издеп тапкыла (баш, 6 буту, мурутчалар, тумшук). Андан кийин айырмасын тапкыла (4 канаты бар, калканы жок).

Балдар сүрөттөгү көпөлөктөрдү баяндап беришет.

Балдарга көпөлөктөр кайсы жерде жашаганын, эмне үчүн гүлдөрдүн арасында учуп турганын түшүндүрүп айтыңыз.

15 МУН. “Ю” ТАМГАСЫН КАЙТАЛОО

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Ушул тамгалары бар ырларды балдар менен жаттаса болот.

“Ю” тамгасын кайталагыла.

Карточкадагы “Ю” тамгасын балдарга көрсөтүп, [йу] тыбышты айтыңыз. Балдарды [йу] тыбышты айтуусун сураңыз.

Балдардан “Ю” тамгасынан башталган сөздөрдү же ушул тамгасы бар сөздөрдү сураңыз.

Мурунку сабакта “Ю” тамгасы жөнүндө балдар жаттап алган ырды кайталагыла же балдар менен жаңы ырды жаттап алгыла.

«Ю» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрун дубалга же доскага балдар менен бирге чаптап койгула.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды дагы бир жолу кайталагыла.

Эгерде кайсы бир балага тыбыштарды айтканга кыйын болсо, ушул балага көбүрөөк же кошумча убакыт бөлүңүз.

Балдардын сөздөрду туура айтуусун, бардык сөздөрдү айта алуусун көзөмөлдөңүз.

15 МУН. МУЗЫКА САБАГЫ

Көпөлөк жөнүндө (же мурунку сабактарда жаттаган) бир ырды тандап алыңыз.

Ырдагандан мурун, ырды балдар менен бирге уккула. Ырды укканда, тарбиячы балдар менен кошулуп ырдаса болот. Тарбиячы балдарга бий кыймылдарды көрсөтсө жакшы болот.

Сиз кылган кыймылдарыңызды балдарга жасаттырыңыз.

Ырды бир нече жолу балдар менен ырдагыла. Ырдаганда, балдар тарбиячынын бий кыймылдарын же бийлегенин туураса болот.

Балдар сиздин бий кыймылдарыңызды туурап алышарын, ырдын сөзүн жакшы айтып

www.awaytoc.com

Page 20: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

20 «Я смогу!»

алышарын баалаңыз. Балдардын ырдаганын билишини баалаңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана. Колду жууш.

Балдарды мурунку сабактан калган оюнчуктарды же башка нерселерди өз ордуларына коюсуун сураңыз.

45 МҮН. ОЮН/МАЕК

Балдарды мурунку сабактардын манжалар же дене көнүгүүсүн жасаттырыңыз. Ушул манжалар же дене көнүгүүнү 1-3 жолу балдар менен кайталагыла.

Балдарга көпөлөк жөнүндө табышмактарды айтып бериңиз. Балдарды табышмактардын жандырмагын табуусун сураңыз.

“Учат - учпайт” оюнду ойногула.

“Керектүү түстүү тап” оюнду ойногула.

Сабактын аягында балдар менен кыска маек кургула. Балдардан эмне үчүн курт-кумурскаларды, чымын-чиркейлерди тарынтпаш керегин сураңыз. Балдар жоопторун түшүндүрүп беришсин.

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, бири бири менен оюнчуктарды тең бөлүшкөнүн баалаңыз.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Кезекчи командасы оюнчуктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды өз ордуларына коёт.

Башка кезекчи командасы болсо үстөлдү тамак ичүүгө даярдайт.

Балдарды үстөлдү тамак ичүүгө кандай даярдашы керегин үйрөтүңүз.

Балдарды нандын кесимин экиге кандай кескенин, нандын үстүнө сырдын же колбасанын бир-эки кесимин салганын, салфеткаларды же майлыктарды идиштин кайсы жагына койгонун, аларды кандай колдонушу керегин, ж. о. с. көрсөтүп үйрөтүңүз.

Балдарга нанды бычак менен кескенде, идиш-аяктарды алып баратканда, сак болуш керегин айтып үйрөтүңүз.

Балдарды тамактануу эрежелерин кантип колдонушу керегин үйрөтүңүз.

Баалаңыз: бөлмөнү жыйнаганда кезекчи команданын балдардын баары катышабы?

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Кезекчи командасы үстөлдүн үстүн жыйнайт.

Даараткана. Колду жууш.

15 МҮН. ЖОМОК/МУЛЬТФИЛЬМ

Б. Асакееванын “Кубулуу” деген жомокту балдарга окуп бериңиз.

www.awaytoc.com

Page 21: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 21

Жомок окугандан кийин балдарга төмөнкүдөй суроолорду бериңиз:

- Жомок эмне жөнүндө айтып берет?

- Жомоктун эмнеси силерге жакты?

- Жомоктун эмнеси силерге жаккан жок?

- Борсо менен Торсо кайда жашынып кетишти?

- Көпөлөктөр кайдан пайда болушту?

Балдарга жомоктун сүрөттөрүн көрсөтүп, аларды кезек менен жомок айтып берүүсүн сураңыз.

Жомоктун жыйынтыгын балдар менен чыгаргыла.

Баалаңыз:

- Балдар жомокко көңүл буруп уга алышабы?

- Балдар 5-10 мүнөттүн ичинде жомокту уга алышабы?

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла. 11ден 19га чейин санаганда, ушул сандарга өзгөчө көңүл бургула.

Бир нече сандагы буюмдарды балдарга көрсөтүңүз. Балдар ушул сандардын аттарын айтышат.

Балдарга 20 санынын жазылышын көрсөтүңүз. Сандын атын айтыңыз.

Үстөлдүн үстүнө нерселерди бирден коюңуз. Балдар нерселерди санашат.

Балдарга ар кандай сандардын жазылышын көрсөтүңүз. Көрсөтүлгөн сандын атын айтпаңыз. Балдар так ошондой сандагы буюмдарды чогултушат.

Балдар алып баруучунун ролун аткарса болот.

1ден 20га чейин балдарды дагы бир жолу санаттырыңыз.

30 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ/БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Балдарга түстүү калемдер менен кагазды таратып бериңиз.

Балдарга көпөлөктөрдүн сүрөттөрүн көрсөтүңүз.

Балдар сүрөттөрдү карап көпөлөктөрдү тартышат.

Сабактын аягында балдар тарткан сүрөттөрдү дубалга же доскага чаптап койгула. Балдарды мактап коюңуз.

15. МҮН. ЭРКИН ОЮН

Даараткана. Колду жууш.

Балдар сырткы жана бут киймдерин өздөрү кийишет. Эгерде ким бирөөго жардам керек болсо, ошол балага балдар жардам көрсөтөт.

www.awaytoc.com

Page 22: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

22 «Я смогу!»

5-ЧИ САБАК

Сабактын максаттары:- балдарды айлана-ч йр н менен тааныштырууну улантуу; ө ө ө- балдарды эл кайда к ч т ко узу менен тааныштыруу;ө ө ң- балдардын айланадагы д йн ж н нд жалпы билимдерин (кругозорун)ү ө ө ү ө

ке ейтуу; ң- балдардын с зд к корун ке ейт жана активдештир ;ө ү ң үү үү- балдарды нерселердин э башкы белгисин кандай табыш керегин йр т , анданң ү ө үү

кийин эки нерселердин айырмасын табууну йр т ;ү ө үү- байланыштуу с йл мд рд туура т з л ш н йр т жана к нд р ; ү ө ө ү ү ү ү ү ү ө үү ө ү үү- жалпы моториканы н кт р ;ө ү ү үү- колдун майда моторикасын н кт р ; ө ү ү үү- “Я” тамгасы менен тааныштыруу;- “20” санын кайталоо.Материалдар: - темага байланыштуу ж. б. оюнчуктар; - ар кандай курт-кумурскалардын сюжетт жана айрым с р тт р ;үү ү ө ө ү- эл кайда к ч т ко уздун с р тт р ;ө ө ң ү ө ө ү- “Я” тамгасынан башталган нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин

с р т тартылган карточкалары; ү ө ү- 1-ден 20га чейин сандардын карточкалары;- сунушталган жомоктун сюжетт с р тт р ;үү ү ө ө үү- т ст пластилин, калын картон, желим, пластилин менен ишт ч н керектү үү өө ү ү үү

буюмдар;- DVD ойноткуч, сунушталган ырлардын/мультфильмдердин дисктери.

15 МУН. УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар.

Кыскача саламдашуу. Балдар мене бүгүнкү аба ырайы жөнүндө сүйлөшкүлө. Алардан

азыр кайсы жыл мезгили, ай экенин сураңыз.

Балдарга төмөнкү суроолорду бериңиз.

Мисалы:

- Балдар, дарактарда жалбырактар барбы? Алардын түсү кандай?

- А чөп жашылбы?

- Гүлдөр ачылдыбы?

www.awaytoc.com

Page 23: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 23

- Эмне үчүн дарактарда жалбырактары жок? Ж. о. с.

Кийим чечкенде балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз.

Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

Балдар өздөрү менен ойной алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдарды бүгүнкү пландар менен тааныштырыңыз. Бүгүн балдар эл кайда көчөт коңуздар жөнүндө сүйлөшөт деп айтыңыз.

Балдарга эл кайда көчөт коңуздун сүрөтүн көрсөтүңүз:

- Балдар, бул коңуздү билесиңерби?

- Анын аты эмне?

- Эл кайда көчөт коңуз жөнүндө эмнени билесиңер? (Балдардын жооптору.)

Балдарга эл кайда көчөт коңуздун сүрөтүн көрсөтүңүз.

Балдар эл кайда көчөт коңуздун сүрөтүн карап, анын бутун, башын, мурутчаларын, канаттарын, тумшугун көрсөтүшөт. Коңуздун бутун жана канатын балдар менен санагыла. Балдардан дагы кайсы курт-кумурскалардын 6 буту бар экенин сураңыз. Бардык курт-кумурскаларда 6 буту бар экенин балдарга түшүндүрүп айтыңыз. Коңуздун өңүн жөнүндө да сүйлөшкүлө.

Балдардан коңузду эмне үчүн “эл кайда көчөт” деп атап коюшат сураңыз. (Коркунуч бар болсо, эл кайда көчөт даамы жок сүтүн агызат.)

Балдардан эл кайда көчөттүн өңү эмне үчүн ушунчалык жаркырап турганын сураңыз. (Куштар же чымчыктар эл кайда көчөттү көргөндө, анын даамсыз сүтүн эстешет. Ошондуктан куштар менен чымчыктар кызыл эл кайда көчөттү көргөндө, кызылдан коркуп, аны жегенге болбойт деп ойлошот.)

15 МУН. “Я” ТАМГАСЫН ҮЙРӨТҮҮ

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Ушул тамгалары бар ырларды балдар менен жаттаса болот.

“Ю” тамгасын кайталагыла.

“Я” тамгасын өтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз, андан кийин [йа] тыбышты айтыңыз. Тыбышты кайталаттырыңыз.

Балдардан “Я” тамгасынан башталган же бул тамгасы бар сөздөрдү сураңыз.

Балдарга “Я” тамгасынан башталган (же бул тамгасы бар) буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын аттарын так айтыңыз (фонетикалык зарядка). Мисалы: аянт, аял, кыял, аяба ж. б.

“Я” тамгасынан башталган (же бул тамгасы бар) буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, кыймыл-аракеттердин сүрөттөрун дубалга же доскага балдар

www.awaytoc.com

Page 24: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

24 «Я смогу!»

менен бирге чаптап койгула.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды дагы бир жолу кайталагыла.

“Я” тамгасы жөнүндө же ушул тамгасы бар ырды балдарга окуп берип, аны жаттагыла.

Эгерде кайсы бир балага тыбыштарды айтканга кыйын болсо, ушул балага көбүрөөк же кошумча убакыт бөлүңүз.

Балдардын сөздөрду туура айтуусун, бардык сөздөрдү айта алуусун көзөмөлдөңүз.

15 МУН. МУЗЫКА САБАГЫ

Курт-кумурскалар жөнүндө же башка ырды (же мурунку сабактарда жаттаган) тандап алыңыз.

Ырдагандан мурун, ырды балдар менен бирге уккула. Ырды укканда, тарбиячы балдар менен кошулуп ырдаса болот. Тарбиячы балдарга бий кыймылдарды көрсөтсө жакшы болот.

Сиз кылган кыймылдарыңызды балдарга жасаттырыңыз.

Ырды бир нече жолу балдар менен ырдагыла. Ырдаганда, балдар тарбиячынын бий кыймылдарын же бийлегенин туураса болот.

Балдар сиздин бий кыймылдарыңызды туурап алышарын, ырдын сөзүн жакшы айтып алышарын баалаңыз. Балдардын ырдаганын билишини баалаңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даараткана. Колду жууш.

Балдарды мурунку сабактан калган оюнчуктарды же башка нерселерди өз ордуларына коюсуун сураңыз.

45 МҮН. ОЮН/МАЕК

Тарбиячы:

- Балдар, силер билесиңер, курт-кумурскалар кышкы чээнден жазында чыгышат. Азыр көзүбүздү жумуп, жаздын күнү элестетебиз. Күн жарык тийип турат, кар эрип жатат, тышта күн жылуу. Жылмайгыла. Эми көзүңөрдү ачкыла.

Сиз:

- Балдар, мен сүйлөгөндө, силер мага жардам бергиле. Жаз келди. Күн ... (жарык тийип турат). Кар ... (эрип жатат). Жер кышкы ... (уйкусунан) ойгонду. Жашыл чөп ... (чыгат). Алма, өрүктөр ... (гүлдөй) баштайт. Аюу ... (кышкы чээнден чыгат). Ааарылар ...(учуп), куштар ... (сайрайт). Кумурскалар ... (иштей баштайт).

Сиз:

- Балдар, бизге эл кайда көчөт учуп келди. Келгиле, аны менен чогуу көнүгүүнү жасайбыз.

Балдар дене көнүгүүнү жасашат. Дене көнүгүүнү өзүңүз тандап алгыла.

Оюн: “Төртүнчүсү ашык”.

Сиз:

- Жазында жалгыз гана курт-кумурскалар эмес башка жаныбарлар да кышкы чээнден чыгышат. Силер курт-кумурскалар менен башка жаныбарлардын ортосунда кандай айырмасы бар экенин билесиңерби?

Тарбиячы төрттөн ар кандай жаныбарлардын сүрөттөрүн үстөлдүн үстүно коёт. Балдар ылайктуу эмес, “ашык” сүрөттү алып коюшат. Балдар ушул сүрөт эмне үчүн “ашык” болуп эсептелгенин түшүндүрүп айтышат.

www.awaytoc.com

Page 25: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 25

Мисалы:

- көгүчкөн, карга, таранчы, май саратаны (май саратаны – курт-кумурска, чымын-чиркей);

- эл кайда көчөт, чиркей, жылан, ийнелик (жылан боору менен жылат, буту жок, учпайт);

- жылкы, уй, түлкү, ит (түлкү – жырткыч айбан); ж. о. с.

Балдар менен маек кургула. Балдар берилген суроолорго жооп беришет.

Сиз:

- Курт-кумурскаларда душман барбы? (Бар.)

- Алардын душмандары ким? (Адамдар, куштар.)

- Курт-кумурскалар душмандардан кантип сактанышат? (Жашыл чегиртке жашыл чөптүн арасында көрүнбөйт. Кара, күрөң түстөгү коңуз дарактын бутактарын арасында көрүнбөйт.

- Эмне үчүн алардын өңдөрү ошондой? (Душмандардан жашыныш үчүн.)

Токойдун, токойдогу ачык жердин (аянтын) сүрөттөрүн доскага илип же үстөлдүн үстүнө коюп койгула. Балдарга курт-кумурскалардын сүрөттөрүн же ошондой эле оюнчуктарды таратып бериңиз. Балдарды курт-кумурскалар жашыныш үчүн ылайыктуу жерлерди таап берүүсүн сураңыз. Тапкан жерлерге курт-кумурскаларды коюп коюшат. Балдар өз тандоосун түшүндүрүп беришет.

Мисалы:

- Бул жерди эмне үчүн тандадың?

- Эл кайда көчөттү карагыла! Ал ушунчалык кооз! Бирөк жашыл чөптүн арасында, дарактын кабыгын үстүндө даана көрүнөт экен. Аны чымчыктардын баары көрүшөт. Аны кайсы жерге

Балдар чымчыктар эл кайда көчөттү эмне үчүн жешпейт айтып беришет.

“Эл кайда көчөт” оюнду ойногула.

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Баалаңыз: балдар бир нерседен экинчи нерсени айрып билдире турган бир же эки белгилерди таап бере алышабы?

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири-бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Кезекчи командасы оюнчуктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды өз ордуларына коёт.

Башка кезекчи командасы болсо үстөлдү тамак ичүүгө даярдайт.

Балдарды үстөлдү тамак ичүүгө кандай даярдашы керегин үйрөтүңүз.

Балдар тамакты жеп ичишет.

Балдарды тамактануу эрежелерин кантип колдонушу керегин үйрөтүңүз.

Баалаңыз: бөлмөнү жыйнаганда кезекчи команданын балдардын баары катышабы? Балдарга жумуш жасаганда эмне үчүн балдардын баары катышы керек,

www.awaytoc.com

Page 26: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

26 «Я смогу!»

тамактанууда эмне үчүн ойнобошу керек, бири бирин эмне үчүн түртпөшү керек, түшүндүрүп айтыңыз.

15 МУН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Кезекчи командасы тамактануудан кийин үстөлдүн үстүн жыйнайт.

Даараткана. Колду жууш.

15 МҮН. ЖОМОК/МУЛЬТФИЛЬМ

Балдарга “Майып көпөлөк” деген жомокту окуп бериңиз. Жомок окугандан мурун анын атын балдарга айтып коюңуз.

Жомок окуганда тарбиячы жомокко байланыштуу же ага ылайык курчактарды, оюнчуктарды же сурөттөрдү пайдаланып каармандардын ролдорун аткарса болот.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулаңыз, төмөнкүдой суроолорду бериңиз:

- Жомок эмне жөнүндө айтып берет?

- Жомоктун эмнеси силерге жакты?

- Жомоктун эмнеси силерге жаккан жок?

Тарбиячы жомоктун жөнүндө башка суроолорду берсе да болот.

Балдар жомоктун сүрөттөрү боюнча жомокту айтып беришет.

Сабактын аягында балдарды мактап коюңуз.

Баалаңыз:

- Балдар жомокко көңүл буруп уга алышабы?

- Балдар канча убакыт ичинде жомокту уга алышат?

Тарбиячы балдарды эки-экиге же группаларга бөлүштүрүп алар менен иштесе болот.

Маектин ичинде ар бир балага сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бериңиз.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1ден 20га чейин балдарды санаттырыңыз.

Бир түрдүү нерселерди 3-6дан турган кичи топторго (үймөкчөлөргө) бөлүп, үстөлдүн үстүнө коюп койгула. Балдардан ар бир топто канча экендигин сураңыз.

Ар кандай сандардын жазылышын балдарга көрсөтүңүз. Көрстүлгөн сандын атын айтпаңыз. Балдар ошол сандагы буюмдарды чогултушат.

Оюн алып баруучунун ролун балдар аткарса болот.

Балдарды 20га чейин дагы бир жолу санаттырыңыз.

30 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ/БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Балдар азыр пластилинден эл кайда көчөттү жасашат деп айтыңыз.

Балдарга инструкция боюнча иштеш керегин түшүндүрүп айтыңыз.

Балдарга инструкциядагы сүрөттөрдү көрсөтүңүз.

Эгер кайсы бир балага жардам керек болсо, жардамыңызды бериңиз.

Бөлөк баракчаларга ар бир баланын атын жазып, баракчарды ар бир эл кайда көчөттүн жанына чаптап койгула.

www.awaytoc.com

Page 27: 10-ЧУ БӨЛҮМ: “КУРТ КУМУРСКАЛАРawaytoc.com/images/preschool/lp_10_kg.pdf · 2012-04-13 · 10-чу бөлүмдүн максаты балдарды айлана-чөйрө

«Я смогу!» 27

Балдарды мактап коюңуз.

Кезекчи командасы үстөлдөрдүн үстүн жыйнайт.

Балдар пластилинден жөнөкөй нерселерди жасай алышарын баалаңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

Балдар 5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын, оюнчуктарды бири бири менен тең бөлүшөрүн баалаңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Даарткана. Колду жууш.

Балдар сырткы жана бут кийимдерин кийишет.

www.awaytoc.com